Басма сөз баянаты
АКШ жана колонизатор Батыш – Ислам Умматынын чыныгы душманы, ал эми яхудий вужуду – алардын күнөөлөрүнүн бири
Америка жана Британия алар пайда кылган яхудий вужудун коргоону, Ислам Умматынын жүрөгүнө дагы да терең саюуну жана бардык түрдөгү тирүүлүк каражаттары менен камсыздоону улантууда. 2024-жылы 20-ноябрда Америка яхудийлердин Газа секторундагы согушун тезинен токтотууну талап кылган начар резолюция долбооруна Коопсуздук Кеңешинде вето койду. Ошол күнү АКШ сенаты яхудий вужудуна курал-жарак жана ок-дарыларды сатууну токтотуу талабын, танк снарядарын, миномётторду жана башка ок-дарыларды сатууга тыюу салган үч мыйзам-долбоорун көпчүлүк добуш менен четкке какты. «iNews» веб-сайты Британиянын яхудий вужуду менен жүргүзүп жаткан курал соодасынын көлөмүн ашкерелеп, бул көлөм жарыяланган расмий көлөмдөн кыйла көп экенин баса белгиледи. О.э. сайтта Британия «үчүнчү тарап» же «биргелешкен лицензиялар» деп аталган кыйыр түрдөгө жолдор аркылуу бул сооданы жашырууга аракет кылганы баса белгиленди.
Шексиз, бул Америка, Британия жана башка кафир Батыш мамлекеттеринин саясатчыларынын жүрөгүндө катылган мусулмандарга душмандыктын бир тамчысы гана. Алардын Фалестин жана анын калкына карата бир жылдагы позициясы алар Умматтын эң негизги душманы экенин, яхудий вужуду болсо күнөөлөрүнүн бири экенин көрсөттү.
Яхудий вужудунун Фалестин жана анын калкына каршы жасаган, жасап келе жаткан ушунча кылмыштарына жана жырткычтыктарына карабастан, батыштык саясатчылар жана мыйзам чыгаруучулар бул канкор вужудга аскерий, саясий, логистикалык жана эл аралык жардамдарды көрсөтүүнү улантышууда. Алар яхудийлердин максатын өздөрүнүн максаты катары көрүшөт. Алар саясий же логистикалык жардамды кандайдыр бир таризде чечмелеп актанышы мүмкүн. Бирок, жаш балдарды, аялдарды жана куралсыз катардагы адамдарды өлтүрүп жаткан ракеталар, бомбалар жана жарылуучу заттар менен берилген аскерий жардамды мусулмандардын канын баскынчы яхудийлер менен биргеликте төгүү каалоосунан башкача түшүндүрүп болбойт.
Яхудий вужуду Батыштын найзасынын башы жана Ислам Умматынын борборундагы караниет аскерий базасы экени айдан ачык болду. Бул окуялар Батыштын жалган ураандарга жана сунуштарга жашырынуусуна мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ал Газадагы бечара мусулмандардын канын төккөн, денелерин чар тарапка чачкан яхудий вужуду тарабына өттү. Ошондуктан, бул реалдуу акыйкат Умматтан өз улуулугуна ылайык таризде аракет кылууну талап кылат. Ошондуктан, болуп жаткан күрөш Умматтын колонизаторлорго жана бүткүл куфр мамлекеттерине каршы күрөш болуп, аны Газадагы ырайымсыз согуш менен кыскартып болбойт. Батыш Ислам Умматы ага итаат кылып, исламий өлкөлөр анын ач көздүгүн кандырган майданга айланмайынча тынчыбайт. Бул абал Умматтан өз милдетин аткарууну, окуянын үлкөндүгүнө карап аракет кылууну о.э. Батыштын кол салуусуна жана колонизаторлугуна чекит коюу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылууну талап кылат. Анткени, Халифалык Умматка анын бийлигин жана суверендигин кайра алып берет. Халифа кафир мамлекеттердин жетекчилерине «Исламга киргиле, нажат табасыңар» деп кайрылуу жолдойт.
﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ﴾
«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр турган күндө да жардам беребиз» [40:51]
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук
маалымат бөлүмү