Шам козголоңу – саткындардын шермендесин чыгарып, малайлардын айыбын ачыктаган козголоң

89
0

Басма сөз баянаты

Шам козголоңу – саткындардын шермендесин чыгарып, малайлардын айыбын ачыктаган козголоң

Биз Мисирде Шамдагы диктатор режимдин жана анын үй-бүлөсүнүн көп жылдык өкүмдарлыгы бүткөнү жөнүндөгү кабарларды дыкат күзөтүп турдук.

Биз Кинана жеринен Шам жериндеги козголоңчу элибизге кайрылып, калыс насихат жолдойбуз:

Оо, козголоңчулар! Мисир жана анын козголоңуна эмне болгонуна көңүл бургула. Кантип Америка бийликти кайра тикелеп, Мисир калкына карамүртөздүгү, ырайымсыздыгы жана зулуму мурункусунан да жаман дагы бир америкачыл малай режимди орнотконуна карагыла жана бизден ибрат алгыла. Алдамчы Америкага ишенбегиле жана таянбагыла, анын саясий чечимдерине жана айтып жаткан шайлоолоруна, көздөп жаткан өткөөл бийлигине таптакыр макул болбогула. Батыштын колонизатор уюмдарына да, алардын эл аралык резолюцияларына да кулак салбагыла. Анткени алардын баары козголоңуңарды жана каалоңорду тартып алуу жана берген курбандыгыңарды сая кетирүү максатында түзүлгөн. Билип койгула, силердин душманыңар – Америка, анын союздаштары жана долбоорун ишке ашыруучулар. Кошуна өлкөлөрдөгү өкүмдарлардын баары Американын кызматкерлери болуп, анын пландарын аткарып, силерге жана козголоңуңарга каршы уюштурган фитналарын жүзөгө чыгарып келишүүдө. Эрдоган, Сисий жана Башардын ортосунда айырма жок. Баары силерди ар көрүнүштө алдап жаткан америкачылдар болуп эсептелишет. Эсиңерде болсун, душманыңар туңгуюкка кирип, чыкчу жолду таппай, кожоюндугун кайра тикелөөгө мүмкүнчүлүк таба албай калганда гана силер менен сүйлөшүү столуна олтурушу мүмкүн. Андыктан, арзыбаган дуня үчүн динин саткан малай кимселердин чакырыктарына кулак салбагыла. Биздин Мисирдеги ахвалыбызга карап ибрат алгыла. Айрымдар залимдерге таянып, Американын айла-малдарына ишенип, акырында кой сыяктуу союлду. Аллах силерди душмандын карасанатайлыгынан сактасын!

Бул нерселердин баарын четке каккыла жана козголоңуңарды акырына жеткиргиле, режимди толук кулатып, тамыры менен жок кылуудан башкасына ыраазы болбогула. «Оо, Аллах, Сенден башкага чөгөлөбөйбүз» деп кыйкырып чыктыңар, эми режимди Роббиңер ыраазы болгон нерсеге алмаштыргыла. «Түбөктүү жетекчибиз –  саййидибиз Мухаммад» деп кыйкырдыңар, эми анын суннатын ээрчигиле. «Я, Аллах, Сенден башка таянчыбыз жок» дедиңер, эми Ага итаат кылгыла. Козголоңду силерге нусрат бере турган жана камкордук кыла турган Ислам мамлекетин тикелөөгө алып баргыла. Билип койгула, мындан башка жол менен эч качан жакшылыкка жетпейсиңер, эски режим жаңы көрүнүшү жана адамдары менен кайтып келет, кайра эле силерди кул кылып, ырыскыңарды кыюуну баштайт. «Аллах үчүн, Аллах үчүн» дедиңер, андыктан, козголоңуңарды Аллах үчүн бекемдеп, Америкадан, анын малайларынан жана жардамчыларынан тазалагыла, козголоңуңар бир гана, бир гана Аллах үчүн экенин жарыягыла. Аллах үчүн Аны ыраазы кылган мамлекет болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелегиле.

﴿وَلَا تَرۡكَنُوٓاْ إِلَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун карманган адамдарга таянбагыла, антсеңер силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»                                                                                                        [11:113]

 Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here