Басма сөз баянаты
Америка мусулман өлкөлөрүндөгү малайлары кулатылып, Халифалыктын тикеленишинен коркууда
Американын мусулман өлкөлөрүндөгү малай режимдери кулатылышынан коркуп жатканы маал-маалы менен ачыкталууда. Бул коркуу ал тургай жогорку кызматтагы чиновниктердин билдирүүлөрүндө да байкалууда. Маселен, АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан Сирия жаңжалы Иорданияга, яхудий вужудуна жана Иракка жайылбашы үчүн бул мамлекеттерди бекемдөөгө аракет кыларын маалымдады. Бир нече күн мурун АКШ мамлекет катчысы Энтони Блинкен НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин саммитинде ачыктаган сөзүндө Халифалыктын кайтышын алдын алуу зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.
Мусулман өлкөлөрүнүн абалын күзөткөн киши күл астындагы чок дагы эле өчө элегин аңдайт. “Араб жазы” деп аталган элдик козголоңдор айрым мамлекеттерде кылмышкер башчылардын кулашына алып келген болсо да, бирок ири мамлекеттер өздөрүнүн малай өнөктөштөрү аркылуу бул элдик козголоңдорду көзөмөлгө алышып, бир малайды башка малайга алмаштырып коюшту. Ошондуктан бул өлкөлөрдөгү адамдардын ахвалы өзгөргөн жок, тескерисинче, козголоңдон мурунку ахвалдан бетер жамандашты. Бирок күл астындагы чок алоолонуп турат, адамдар Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзбөгөн малай режимдерден кутула турган жана Ислам менен өкүм жүргүзгөн чыныгы Халифалык тикелене турган күнгө умтулушууда. Сириядагы акыркы окуялардын артынан Америка мусулман өлкөлөрүндө чыныгы өзгөрүү жүз беришинен, адамдар тогут өкүмдарларына каршы көтөрүлүшүнөн коркуп жатканын жашыра албады. Коркуу а түгүл исламий өлкөлөрдүн өкүмдарларына да жетти. Иордания, Ирак, Мисир, Саудия, Катар, Түркия жана Иран тышкы иштер министрлери шаша Доха жолугушуусуна чогулуп, «бүгүнкү Сирия кризиси регионалдык жана эл аралык коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруп жатканын» баса белгилешти.
Биз бул коркуулардын чындыгын, эң оболу Америка менен ири мамлекеттер рошид Халифалыктын тикеленишинен коркуп жатканын баса белгилейбиз. Дагы ушуну баса белгилейбиз – мусулман өлкөлөрүндөгү тогут өкүмдарлар коркуп жатканы да реалдуулук-чындык. Алар Америка биз сыяктуу малайларынан – эл бизге каршы козголсо – баш тартууда, бизге эч кандай жардам бербей жатат деп чындыкты аңдап, коркуп жатышат.
Кыскасы, ушул нерсеге өзгөчө басым жасайбыз – мусулмандар тынчтык жана туруктуулукка жетиши үчүн өздөрүнүн малай кылмышкер өкүмдарларын кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелеши жана өз өлкөлөрүндөгү колонизатор кафирдин таасиринен азат болушу керек. Албетте, бул – Аллахтын уруксаты менен – жакында ишке ашат. Эртеңки күн аны күтүп жаткандар үчүн жакын.
Хизб ут-Тахрирдин борбордук
маалымат бөлүмү