Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө
Фронттордо беш жыл аскерий операциялар токтоп калгандан кийин, 2024-жылы 27-ноябрда бир нече аскерий бөлүктөрдүн катышуусунда кылмышкер режимге каршы операциялар башталганы жарыяланды. «Агрессияны токтотуу» деп аталган бул операция «Хайъати Тахрир Шам» көзөмөлдөгөн Халабдын батышындагы айылдан башталды. Көздөлгөн максаттар: «Кылмышкер режимдин чабуулдарын токтотуу, азат кылынган аймактарга коркунуч туудурган Иран согушкерлери коркунучун жоюу жана адамдардын өз жерине кайтышы үчүн шарттарды түзүү» экени айтылды. Мунун артынан бир нече күндөн кийин Халабдын Улуттук армия көзөмөлдөгөн түндүк айылдарында «Азаттык таңы» деген жаңы операция башталды.
Согуштар башталары менен адамдар алгачкы козголоң башталган кездеги толкундануу жана күч-кубатты кайра тикелеп, такбир айта башташты. Садакаттуу козголоңчулар жана мужахиддер күчтүү бекемдик жана эрк көрсөтө башташты. Алар аймак, айыл жана шаарларды кылмышкер режимдин көзөмөлүнөн азат кылууда эң зор каармандык дастандарын жазышты. Айрыкча, Аллах Тааланын аларга көрсөткөн урмат-сыйы жана аларга ырыскы эшиктерин ачып, душмандын ар түрдүү куралдарын олжо кылып алуусуна мүмкүнчүлүк бериши о.э. калкты түрдүү даражада колдоп-кубатташы натыйжасында алар Халаб шаарын азат кылышты. Андан кийин алар Саракибди, Мааррату Нуъманды жана Хан Шайхунду о.э. Халаб жана Идлибдин өтө көп шаар жана айылдарын азат кылышты. Аллах алага жеңиш берип, алардын алдында аймактар арты-артынан кулады. Ушул макала жазылып жатканда алар көптөгөн шаар жана айылдарды азат кылышкандан кийин Хама шаарынын астанасына чейин жетип барышты. Бул нерселер душмандын жүрөгүнө коркуу салган Хомс жана Даръа каармандарынын аракети менен бир учурда болду. Себеби, Хомс жана Даръа каармандары режимдин көзөмөл пункттарына жана аскерий казармаларына чабуул кылып, кыйратышты. Кылмышкер режимдин колдоочуларынын, аскерлеринин жана зөөкүрлөрүнүн жүрөгүнө коркуу кирди. Бул нерселер Америка жана анын өлкөлөрүбүздөгү зыянкеч режимдерден турган малайларынын жүрөгүнө коркуу салды. Алар “терроризмге каршы күрөштө” кылмышкер режимди колдорун, Сириянын бүтүндүгүн жана эгемен токтом кабыл алышын кааларын билдиришти. Бул жөнүндө кичине оюнчуларга эң жийиркеничтүү ролдорду бөлүштүргөн америкалык чоң подрятчы, АКШ улуттук коопсуздук кеңешчиси Жек Салливандын: «Биз Сириядагы окуяларды дыкат күзөтүп жатабыз жана бул туурасында региондогу шериктештерибиз менен байланыштабыз», – деген сөзүнөн күчтүү далил болбосо керек. Ошол эле учурда Түркия тышкы иштер министрлиги «Сириядагы кагылышуулар жагымсыз эскалация» экенин баса белгиледи. Түркия тышкы иштер министри америкалык кесиптешине мындай деди: «Биз Сирия бийлиги менен оппозиция ортосунда тынчтыкты тикелөө үчүн саясий жараянды баштоого чакырабыз». Албетте, бул кылмышкерлер айла-амалы болуп эсептлет жана Аллахтын аларга каршы айла-амалы дагы да чоңураак.
Умматтын мубарек аракети, анын артынан келген натыйжалар Аллахтын Өз пенделери менен бирге экендигин далилдейт. Бул дагы ушуну далилдейт – козголоңчулардын жана мужахиддердин табияты алар адилетсиздик үстүндө уктабаган Аллахтын аскерлери экендиктери. Уммат душмандары Шамдын козголоңчу калкынын эркин жана өзгөрүү жасоого кудуреттүү экенине ишенимдерин сындыра алышпайт. Тездик менен күч алып жаткан окуялар, бул жөнүндө айтылган көптөгөн талдоолор бул жерде кескин жана ачык-айкын көрүнүп турган саясий чындык бар экенин т.а. кылмышкер режимдин начарлыгын, тирөөч жана имаратына жарака кеткенин, ал тургай өзүн арстандай күчтүү кылып көрсөтүүгө канчалык урунбасын, жөргөмүш желесинен да алсыздыгын көрсөттү. Эгер Америка душман жана «достордон» турган куралдарынан, конференциялардан жана бул конференцияларда кабыл алынган токтомдордон пайдаланбаганда, ал эбак куламак.
Ушундай болгон соң, садакаттуу козголоңчулар жана азат мужахиддер начарлаган режимди заңгыраган сарайында, мекени Дамаскта демин ырастап алышына жеткирбей аракетти акырына чыгарышы зарыл. Аллахтын уруксаты менен чечүүчү согуш ошол жерде болот.
Бирок, ушундай жеңиштер алдында турганыбызда согуш башталгандан эки күн өтүп «Инказ өкмөтүнө» караштуу «Азат кылынган аймактардагы саясий иштер башкармалыгы» таң калычтуу билдирүүлөрдү жарыялады. Ал Шам калкын канга бөлөп, кыргын кылууну, көчүрүүнү жана кууп чыгарууну улантып жаткан кресттүү Россияны «жаркыраган келечекти куруудагы потенциалдуу шериктеш» деп эсептеп, «кызыкчылыктарды Асад режимине же Башар Асадга байлабоого» чакырды.
Ко-ош, билдирүүнүн авторлору төгүлгөн кандар, чачылган денелер, зордолгон намыстарды о.э. ойрон кылынган базарлар, ооруканалар жана мектептерди эмне кылышат?! Мунун таң калычтуу жери жок. Себеби, бир нече апта мурун «оппозиция» деп аталган сүйлөшүү өткөрүүчү делегациянын жетекчиси Ахмад Таъма бул жаатта алардан ашып кетти. Ал Россиянын «оппозиция менен режимдин көз караштарын бириктирүүдө чоңураак роль ойноосун» талап кылды.
Катардагы адамдар, талдоочулар жана байкоочулар арасында бул согуштун маңызы жөнүндө көптөгөн суроолор пайда болду. Т.а. бул калыс жана эгемен башталган согушпу же илманий кылмышкер режимди бекемдөө, козголоңго чекит коюу максатында Америка кабыл алган чечимге түртүү үчүн Америка жана Түркиянын жашыл чырагыбы? Бул «жашыл чырак» экенине ишара кылган кээ бир серепчилердин айтымында, бул “жашыл чыракты” жаккандар кырдаал минтип өзгөрүп кетишин жана режимдин коргоо чеги кулашын күтүшпөгөн. Айрыкча, козголоңчулардын үлкөн энергиясын, мүмкүнчүлүктөрүн жана аракетин, душманды шок абалган түшүргөн о.э. алардын пайдасына иштеген ыңгайлуу шарттарды эсепке алсак, кырдаал бул таризде өзгөрүшү анык.
Кыскасы, бул согуш козголоңду колдогон коомулук фронтторду ачуу, саясий жана аскерий чечим кабыл алууну кайра тикелөө үчүн басымдарды өткөргөндөн кийин, айрыкча, режимдин шарты жамандашып, анын союздаштары болгон Россия, Иран жана анын Ливандагы хизби өзү менен алек болуп турганда башталды.
Душманыбыздын козголоңго каршы ар кандай айла-амалдарын козголоңчулар аң-сезимдүү түшүнүп, бул айла-амалдарды кыйратуу аракетин көрүшү керек.
Бүгүн Шам жериндеги козголоң жана жихад калкынын көрсөткөн сабыр-кайраты, каармандыктары, курмандыктары, төгүлгөн кандары жана чачылган денелери Ислам душмандары үчүн эмес, Ислам үчүн болушу керек. О.э. бул нерселер Америка талап кылып жаткан жана залим Асад менен түзүлгөн келишимдердин чокунтурган атасы болгон Түркия режими жетектеген каражаттар аркылуу ишке ашырууга жан үрөп жаткан саясий келишимдер столуна олтуруу үчүн эмес, кылмышкер режимди кулатуу үчүн болушу керек. Уммат сабындагы азат адамдар режим өзүнө келишинен мурун ага каршы күрөштү токтоосуз улантуу жана корголгон картон коргондорун кыйратуу зарылдыгын о.э. ал же бул мамлекетке ишеним жарлыктарын тапшырбоо (ыйгарым укук бербөө) керектигин түшүнүп жетти. Себеби, алардын бардыгы Исламга жана Шам козголоңуна душман болгон мамлекеттер, режимдер жана эл аралык уюмдар болуп эсептелет. Алар Шам козголоңун кыйраткан чечимдер аркылуу бизди кылмышкер режимге кайтаруу үчүн күнү-түнү айла-амал кылышууда.
Биз козголоңчу элибизге жана азат мужахиддерге айтабыз: козголоңду жана жихадыңарды токтотуу үчүн силерге каршы айла-амал кылып жаткандардан этият болгула. Силер Исламдын Аллах Тааладан кийинки сакчысы жана козголоңдун үмүтү болосуңар. Демек, абалды өзгөртүү жана кылмышкер режимди түп-тамырынан жок кылуу үчүн Аллахтын берекеси менен түштүккө, борбор Дамаскка жүрүштү уланткыла. Балким, Аллах бизге сый көрсөтүп, бул режим урандылары үстүндө Ислам башкаруусун, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөгө мүкүнчүлүк берер. Шам калкы жана алардын курмандыктары үчүн сыйлык болууга Халифалык гана ылайыктуу. Албетте Аллах Халифалыкты тикелөөгө кудуреттүү Зат.
Роя гезити, №524, 2024-жыл, 4-декабрь.
There is noticeably a bundle to know about this. I assume you made certain nice points in features also.
I carry on listening to the newscast speak about getting boundless online grant applications so I have been looking around for the finest site to get one. Could you advise me please, where could i get some?
Hi my friend! I want to say that this post is awesome, nice written and include almost all vital infos. I would like to see more posts like this.
I really like your writing style, excellent information, thanks for posting : D.
Hello, Neat post. There’s a problem together with your website in internet explorer, may check thisK IE still is the marketplace chief and a good component to other people will omit your fantastic writing because of this problem.
I love your blog.. very nice colors & theme. Did you create this website yourself? Plz reply back as I’m looking to create my own blog and would like to know wheere u got this from. thanks
What i don’t understood is in fact how you are no longer really much more neatly-appreciated than you might be now. You are very intelligent. You already know therefore considerably relating to this subject, made me individually believe it from a lot of numerous angles. Its like women and men don’t seem to be interested except it¦s one thing to do with Lady gaga! Your own stuffs excellent. Always maintain it up!
Diğer slotlarda 1.000x değerinde Çarpan sembolleri bulunmadığından, bu yüksek değerli Çarpanlar çılgın kazançlar sağlayabilir. Starlight Princess slotu Gates of Olympus’un bir kopyası gibiyken, Starlight Princess 1000 slotu bu slotların her ikisinin de bir yükseltmesidir. Starlight princess 1000, prenses temalı, görsel açıdan oldukça tatmin edici kollu makine oyunlarından bir tanesidir. Slot oyun dünyasında ilgi çeken popüler oyunlar arasında gösterilen bu versiyonu, siz de oynayabilir ve bu oyunda şansınız ile kazanç elde etme imkanına kavuşabilirsiniz. Oldukça eğlenceli ve yüksek geri dönüş % oranına sahip bu oyunu, demo versiyonuna müteakip, Betturkey starlight princess 1000 para ile oyna özelliğinden, paralı bir şekilde oynayabilirsiniz. Şansınız ile birlikte, bu oyundan kazanç şansını elde edebilirsiniz. Kazanabileceğiniz para miktarları değişkendir.
https://offtheschool.io/bigger-bass-bonanza-slot-oyunu-incelemesi/
reddit r AIGirlfriendReviews Önemli: Bu oranlar uzun vadeli ortalamalardır. Toto Slot refers to a category or brand of online slot games known for their engaging gameplay and vibrant presentation. The term “Toto” is often associated with betting or lottery-style games, especially in some Asian cultures, but Toto Slot specifically relates to digital slot machines that blend traditional slot mechanics with modern online gaming technology. Slot 1000 represents an exciting way for players to enjoy slot games without the pressure of high spending. With just a small deposit, users gain access to a wide selection of games, attractive bonuses, and the thrill of winning from small bets. By offering security, mobile accessibility, and responsible gaming tools, Slot 1000 creates a safe and fun environment for players worldwide. Its growing popularity shows that affordable gaming is here to stay, and as technology continues to evolve, Slot 1000 will only become more exciting and rewarding in the future.