Уламалар тандоосу: акыйкатты айтып зор болуу же жашырып кор болуу
بسم الله الرحمن الرحيم
Аллах Таала билбеген нерсебизди илимдүүлөрдөн суроого буйруду:
﴿فَسَۡٔلُوٓاْ أَهۡلَ ٱلذِّكۡرِ إِن كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ﴾
«Эгер билбесеңер, ахли зикрден сурагыла» [16:43]
“Ахли зикр” дегени – бу уламалар.
Аллах Таала уламалардын даражасын бийик кылды:
﴿يَرۡفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَٰتٖۚ﴾
«Аллах силерден ыйман келтиргендерди жана илим тартуу кылынгандарды даражаларга көтөрөт» [58:11]
Расулуллах A айтат:
«إنَّ اللهَ وَمَلاَئِكَتَهُ وَأَهْلُ أَرْضِيهِ يُصَلُّونَ عَلَى مُعَلِّمِ النَّاسَ الْـخَيْرَ»
«Аллах, анын периштелери жана жер жүзүнүн калкы инсандарга изгиликтен таалим бергенге салават айтат». (Тирмизий жана Табароний «Муъжамул Кабир»де иштеп чыгышкан).
Расулуллах A дагы айтат:
العُلَمَاءَ وَرَثَةُ الأَنْبِيَاءِ، وَإِنَّ الأَنْبِيَاءَ لَمْ يُوَرِّثُوا دِينَارًا وَلَا دِرْهَمًا، إِنَّمَا وَرَّثُوا العِلْمَ، فَمَنْ أَخَذَهُ أَخَذَ بِحَظٍّ وَافِرٍ
«…Уламалар – пайгамбарлардын мураскорлору, албетте пайгамбарлар динар да, дирхам да мурас калтырышпады, балким, илимди мурас кылып калтырышты. Демек, кимде-ким ушул илимден ала турган болсо, чоң насиба алыптыр».
Жогоруда аалымдыктын Аллахтын назарында бир жакшылык экендиги тууралуу баяндалды жана ал жаатта далилдердин акыры көрүнбөйт. Негизи, көпчүлүк калк бул тема менен жакшы тааныш. Анткени, муфтият тармагында иштеген жана алар менен иштешкен көптөгөн уламаларыбыз бул тууралуу көп эле айтып беришет. Уламаларды урматтоо жана аларга итаат кылуу тууралуу да көп баяндар жасашат. Бирок, бул маселенин экинчи тарабы да бар болуп, ал тарап айдын аркы бети сыяктуу, ачыкталбай калууда. Баяныбыздын мындан аркы бөлүгүндө ушул тарапка этибар каратмакчыбыз жана аны – учурда өкмөт тарабынан парламентке киргизилген – “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы мисалында баяндамакчыбыз.
Бул мыйзам куфрдун Ислам динине каршы күрөшүү амалияты алкагында киргизилүүдө. Эми, аалымдардан кимде-ким бул акыйкатты ачык айтса жана бул мункарга каршы чыкса – анда алар жогоруда уламалар тууралуу айтылган фазилаттардын ээси болот. Б.а. алар Аллах көтөргөн даражага, пайгамбарлардын мураскорлору деген наамга татыктуу болушат о.э. Аллах Өзү, бардык жер-асман калкы, ал тургай, суудагы балыктар да аларга салаваттар айтышат.
Эми сөзүбүздү, бир икая менен уласак. Ирактын валийи Умар ибн Хубайрга Язидден бир буйрук кат келет. Валий Басра жана Куфа фукахаларын чакырып, алардын бул кат тууралуу пикирин угат. Ошондо Хасан Басрий рохимахуллох – каттагы каталарды назарга тутуп – мындай дейт: «Эй Умар, Аллахтан корк. Аллахтын буйругуна итаатсыздык кылбаган орой жана күчтүү периште түшүп, сени бул тактыңдан алып, сарайыңдан тар кабырга көчүрө турган күн келе жатат. Билип кой, Аллах сени Язидден куткарып калат, бирок, Язид сени Аллахтан куткара албайт. Демек, Аллах Таалага күнөөлөр менен жолугуудан этият бол. Себеби, Хаалыкка (Жаратуучуга) күнөөкөр боло турган иштерде махлукка (жаратылмышка) итаат кылынбайт». Хасан Басрий ушинтип чыгып кетет, анын артынан ээрчиген киши андан: «Амирге мындай мамиле кылууга сизди эмне мажбур кылды, ыя шейхим?!» – деп сурайт. Хасан Басрий: «Мени Аллах уламалардан илимдери туурасында алган убада-шерти мажбур кылды» – дейт да, ушул аятты окуйт:
﴿وَإِذۡ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ لَتُبَيِّنُنَّهُۥ لِلنَّاسِ وَلَا تَكۡتُمُونَهُۥ فَنَبَذُوهُ وَرَآءَ ظُهُورِهِمۡ﴾
«Эстегин, Аллах китеп берилген кишилерге: «Албетте ал Китепти адамдарга ачык баян кыласыңар жана жашырбайсыңар!» – деп убада-шерт алган. Кийин алар бул убада-шерттерин арттарына ташташты» [3:187]
(Хаттабийдин «Узлат» китебинен кыскартып алынды).
Эгер уламалар арзыбас дүйнө матасы үчүн хак-акыйкатты жашырган болсо, анда Аллах аларга катуу азапты убада кылды:
﴿إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡتُمُونَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَيَشۡتَرُونَ بِهِۦ ثَمَنٗا قَلِيلًا أُوْلَٰٓئِكَ مَا يَأۡكُلُونَ فِي بُطُونِهِمۡ إِلَّا ٱلنَّارَ﴾
«Аллах түшүргөн Китептен болгон нерсени жаап-жашыра турган жана аны арзан сата турган кимселер курсактарын от менен гана толтурушат» [2:174]
Абу Хурайра G Набий Aдын мындай дегенин риваят кылат:
«مَنْ سُئِلَ عَنْ عِلْمٍ عَلِمَهُ فَكَتَمَهُ جَاءَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَلَيْهِ لِجَامٌ مِنْ نَارٍ»
«Ким суралганда, илимин жашырса, Кыямат күнү от менен ооздукталат». (Имам Ахмад риваяты).
Демек, эй уламалар, жогоруда аталган мыйзамдын максатын жана маңызын жакшы түшүнө албай жаткандар “бу кандай мыйзам” деп сурашса, эмне деп жооп бересиздер?!
Ушул орунда Ахмад ибн Ханбал рохимахуллохтун кебин келтирүү менен насиха кыла кетебиз. Бир жолу андан айрым шакирттери “пардалап сүйлөп, акыйкатты айланып өтүп кетпейсизби, ушуну менен азарлардан кутулуп каласыз” деп айтышат. Мына ошондо бул улуу имам: «Эгер, аалым пардалоого уруксат берсе, акыйкат качан көрүнөт?!» – деп жооп берет.
Набий A: “Уламалар – анбиялардын мураскорлору, – деди. Мисалы, атасы уста болсо, атадан балага устачылык мураска калыптыр дейбиз. А Пайгамбарлардан уламаларга эмне мураска калган? Пайгамбарлар устачылыкты мураска калтырышпаган о.э. “динар да, дирхам да” мурас кылышпаган… Алардан уламаларга акыйкат динди жеткирүү жана акыйкат үстүндө бекем туруу мураска калган. Набий Aга дин душмандары тарабынан ар кандай кысымдар о.э. толгон-токой кызыктыруулар да болушуна карабастан, Расулуллах A “же бул иш акырына жетет, же бул баш кетет” деп, динди жеткирүүдө акыйкат үстүндө бекем турду. Мына ушул биздин пайгамбарыбыздын биздин уламаларыбызга калтырган мурасы.
Эгер кимде-ким дин жеткирүүдө акыйкаттан тайылса, анда ал аманатка кыянат кылган хоин болот б.а. динине чыккынчылык кылган болот. Шариятыбызда мындай чыккынчы фаасыктардан дин үйрөнүлбөйт. Алар аалымдар деп эсептелбейт. Мисалы, азыр “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам динибиз үчүн пайдалуу экен, бул мыйзам мусулмандар кызыкчылыгына кызмат кылат экен” дешсе, мындайларга ишенилбейт жана эргешилбейт.
Ибн Асакир ушуну Ибн Аббас Gдан иштеп чыккан, Расулуллах A айтты:
«سَيَكُونُ قَوْمٌ بَعْدِي مِنْ أُمَّتِي، يَقْرَؤُونَ الْقُرْآنَ، وَيَتَفَقَّهُونَ فِي الدِّينِ، يَأْتِيهِمُ الشَّيْطَانُ، فَيَقُولُ لَوْ أَتَيْتُمُ السُّلْطَانَ، فَأَصْلَحَ مِنْ دُنْيَاكُمْ، وَاعْتَزِلُوهُمْ بِدِينِكُمْ! وَلَا يَكُونُ ذَلِكَ، كَمَا لَا يُجْتَنَى مِنَ الْقَتَادِ إِلَّا الشَّوْكُ، كَذَلِكَ لَا يُجْتَنَى مِنْ قُرْبِهِمْ إِلَّا الْخَطَايَا»
«Менден кийин Умматымдын арасынан Куръан окуган жана динди билген адамдар чыгат… Шайтан келип аларга «эгер султандын алдына барсаңар, дуняңарды жакшы кылат. Бирок диниңерди бекем кармап алардан (алардын күнөөсүнөн) узак болгула» дейт. Андай болбойт (т.а. дунясы жакшы болуп кетпейт), себеби, төө тикенден тикенек гана алынгандай, султандарга жакын болуудан күнөөлөрдү гана аласың».
Эй муфтият кызматкерлери, казылар жана имамдар жана башка аалымдар! Биз сиздердин – “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы каршысында – акыйкатты жашырган, дүйнөсү үчүн өзүнүн динин сатып жиберген, эки дүйнө кордук позициясын тандаган кыянатчылардан болуп калышыңыздарды каалабайбыз. Биз сиздердин чыныгы пайгамбарлар мураскорлору болушуңуздарды, эки дүйнө азиздигин тандаган роббаний улмалар болушуңуздарды о.э. Аллах Өзүнө итаат кылдырууда пайдалануу үчүн олтургузган көчөттөр болушуңуздарды каалайбыз. Расулуллах A айтат:
«لاَ يَزَالُ اللَّهُ يَغْرِسُ فِي هَذَا الدِّينِ غَرْسًا يَسْتَعْمِلُهُمْ فِي طَاعَتِهِ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ»
«Аллах ушул динде ар дайым көчөт отургузуп турат, аларды Кыямат күнүнө чейин Ага итаат кылууда пайдаланат».
Хизб ут-Тахрир Кыргызстан
4 жумадулахыр 1446х,
5-декабрь, 2024-ж.