Басма сөз баянаты
Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын байлыктарын коргогон Ислам мамлекетине кайтарууну талап кылат
«Кудсул Арабий» гезитинин 2024-жылдын 9-ноябрдагы санында кабарлангандай, Эл аралык Валюта Фонду Мисир бийлигине бардык маселелерде жеңилдик көрсөтүүнү убада кылган, бирок бул үчүн салыктарды күчөтүүнү, күйүүчү май продукцияларынын бааларын кымбаттатууну жана жакырларга азык-түлүк жардамдарын берүүнү азайтууну шарт кылган. Ушул үч чектөөдөн же кызыл сызыктардан өтүүгө урухсат берилбейт.. «Экономикалык реформа программасы» деп аталган бул программа Эл аралык Валюта Фонду тарабынан иштелип чыгып, Мисир бийлиги экономикалык саясатты анын көрсөтмөлөрүнө ылайык алып барышы жана өкмөт финансылык отчёт үчүн зарыл болгон бухгалтерия балансына жетүү үчүн аны аткарышы шарт. 2022-жылдын аягында Эл аралык Валюта Фонду менен Мисир 8 миллиард долларга кредит алуу туурасында келишим түзүшкөн. Бирок, бул кредиттин 3 миллиарды берилгенден кийин Эл аралык Валюта Фондунун үч чектөөсү негизинде келишим кайра каралып жатат.
Эл аралык Валюта Фонду Мисир режими үчүн белгилеген бул кызыл сызыктар Батыш долбоорунун бир бөлүгү болуп, бул долбоордон Кинана өлкөсүн Батышка көз карандылыгын улантуу жана биринчи кезекте Исламды колдонуудан алыстатуу көздөлгөн. Салыктарды көбөйтүү, күйүүчү майлардын бааларын кымбаттатуу жана негизги продукцияларга багытталган мамлекеттик жардамды азайтуу аз камсыздалган, айрыкча, кирешеси чектелген адамдарга катуу сокку болот. О.э. социалдык бөлүнүүнү күчөтөт, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымды кеңейтет. Капитализм жана монополия астында мал-мүлк байлардын колунда топтолуп калат. Валюта курсун либералдаштырууга үндөп жаткан, мамлекеттик компанияларды жана ресурстарды сатууга, мамлекеттик сектор деп аталган секторду менчиктештирүүгө мажбурлап жаткан бул саясаттар өлкө байлыктары талап-тонолгондон кийин, Мисир базарларын Мисир жан анын калкынын зыянына чет элдик капиталга ачууну максат кылган. Бул жана башка капиталисттик шарттар жалпысын алганда Исламга тескери келет. Себеби, динибиз адамдардан ар кандай салык алууну харам кылган жана Расулуллах ﷺдын:
«صَاحِبُ الْمَكْسِ فِي النَّارِ»
«Салык чогултуучу тозокто» деген хадисине ылайык, муну салык деп эсептеп, аны менен алектенген адамга тозокту важиб кылган. Ислам өз мамлекетинин жарандарын коргойт, алардын акы-укуктарын жана мал-мүлктөрүн сактап, жалпы мүлктөгү укуктарын кепилдейт о.э. жалпы мүлккө ээлик кылууну же адамдарга жеткирилишин тоскон нерселерге тыюу салат. Анткени, мамлекеттин жоопкерчилигиндеги вазыйпа байлыктарды өз булагынан алып, бардык адамдарга – бай менен жакырды, мусулман менен кайрымусулманды бөлбөстөн – барабар бөлүштүрүү болуп эсептелет. Ислам сүткордукту, адамдардын мал-мүлкүн талап-тоноону жана алардын муктаждыктарын эксплуатация кылууну, кыйынчылык жана кризистерди пайда кылууну харам кылган.
Алардан дагы бири – бул кагаз акчалар. Эч кандай кыйматы болбогон бул акчалар албетте алтын жана күмүшкө же алардын ордун баскан валютага алмаштырылышы керек. Мына ошондо акча өз кыяматына ээ болот, адамдардын эмгегин, байлыктарын жана запастарын уурдоо каражаты болбойт.
Эл аралык Валюта Фонду сунуштаган чечимдерге келсек, алар Батышка финансылык жана экономикалык көз карандылыкты тереңдетүүнү жана Мисирди төлөй албай турган карыздар баткагына салып, өнүгүүгө болгон ар кандай аракетти тосууну көздөйт. Капитализм өкүмдар болуп, андан чечим алынып жаткан соң, Мисир туура чечим таба албайт жана кризистерден чыга албайт. Себеби, капитализм түпкүлүгүндө оңдоочу чечим бербейт. Ал сунуштап жаткан ар кандай чечим адамдардын эркине каршы уу болуп эсептелет. Адамдар ушул системанын катуу басымы астында бул ууну ичүүгө мажбур болушат. Аллахка ант, эгер адамдардын тагдырына жазылган ырыскы болбогондо, мындай саясат жана анын акыбетинде келип чыккан жакырчылык, ачарчылык, сабатсыздык жана оору астында адамдар ачкалыктан набыт болушмак. Оорунун дабасы – ооруну аныктоодо. Мисирдин оорусу – капитализм жана анын куралдары. Анын дабасы – бул капитализмди бардык каражаттары, куралдары, адамдары жана аткаруучулары менен түп-тамырынан кулатып, колонизатор эл аралык уюмдардан жана алардын кыйратуучу саясатынан алыстоо о.э. Исламды Ислам мамлекети болгон Халифалык мамлекетинде Аллах каалагандай колдонуу. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык Исламды адамдарга колдонуп, бүткүл дүйнөгө хидаят жана нур катары жеткирет. Аллахым, ушул мамлекетибиздин тикеленишин тездеткин, Мисирди анын борборуна жана аракет чекитине айланткын. Аллахым, Мисир армиясын Халифалыктын ансарларынан кылгын. Аллахумма амин.
﴿وَلَوۡ أَنَّ أَهۡلَ ٱلۡقُرَىٰٓ ءَامَنُواْ وَٱتَّقَوۡاْ لَفَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَرَكَٰتٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَٰكِن كَذَّبُواْ فَأَخَذۡنَٰهُم بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ﴾
«Эгер, ал айылдардын (жайдын) калкы ыйман келтирип, таква болушканда, албетте Биз аларга асман-жерден береке (дарбазаларын) ачып койгон болот элек. Бирок, алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык» [7:96]
Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы
маалымат бөлүмү