Нусрат талап кылуу, нусрат берүү жана Аллахтын жардамы

34
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Нусрат талап кылуу, нусрат берүү жана Аллахтын жардамы

Суроожооп

Суроо: Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркаатуху. Аллах сизге ийгилик жана сыйлыктарды берсин.

Нусрат талап кылуу, нусрат талабына жооп берүү, Аллахтын жардамы жөнүндө  түшүнүктөр бар. Нусрат талабына жооп берүү нусратты билдиреби? Сиродо (Пайгамбар (с.а.в)дын өмүр баянында) Ибн Хишам айтат: “Аллах пендесине жардам бергиси келгенде Мадинадан бир топ адамдарды ага жиберди”.

Аллахтын жардамы менен алдыда тикелене турган Халифалык мамлекети “Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси” деген туу астында үммөттү бириктирип, батыш бизге кол салса, аларга каршы согуш алып баруусу нусратпы? Нусрат Бадрда периштелер жана Хандакта шамал менен болгону сыяктуу сезилип, көзгө көрүнө турган абалда болушу мүмкүнбү? Же нусрат берүү, колдоо көрсөтүү, шарттардын жаралышы жана душмандын жүрөгүнө коркунуч туудуруу сыяктуу маанабий түрдө болобу?

Суроо көбөйүп кеткени үчүн кечирим сурайм, Аллах сизди эң ​​жакшы сыйлык менен сыйласын.

Жооп: Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баркаатуху.

  1. Нусрат сөзүнүн көп жактуу мааниси бар. Маселен, көптөгөн пикирлердин арасынан бир пикирге даават кылуу (ага басым жасоо) идеясы нусраттын бир тарабы. Дааваттын айланасына элдин биригүүсү жана аны колдой башташы нусраттын дагы бир жагы. Дааватчылардын дааватты көтөрүп чыгуусундагы туруктуулугу да нусраттын бир тарабы…
  2. Күч кубат ээлеринин дааватка оң жооп берүүсү нусраттын экинчи тарабы. Бирок, толук нусрат бул – Хизб мамлекетти тикелеп, Исламды жашоого алып келип, даъватты көтөрүп чыгуу менен бийликке жетиши. Давваттын жүрүшүндөгү нусрат – бул таяныч чекитинин толук болушун билдирет. Башкача айтканда, мамлекетти тикелөө. Анткени, мамлекет түзүлмөйүнчө Ислам жашоо майданында толук ишке ашпайт. Нусраттын башка маанилери бар болсо да, алар Исламдын жашоо майданда толук ишке ашышына жетиштүү эмес. Тескерисинче, Исламдын жашоо майданда толук ишке ашышы жана толук түрдөгү нусраттын болушу үчүн Ислам мамлекети жана башкаруусу иш жүзүндө тикелениши керек.
  3. Биз – Пайгамбарлык негизиндеги экинчи Халифалык мамлекети тикеленишине, үммөттү жеңишке жана күч-кубатка ээ кылышына терең ишенебиз. Себеби, анын тикеленишин убада кылган далилдер, анын борборлошуп, адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзөөрүн билдирип келген. Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾.

“Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга, алардан мурдагыларды жер жүзүндө халифа кылганы сыяктуу аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды. Алар үчүн Өзү тандап алган динин (исламды) бекем кылат жана алардын кооп коркунучтарын аманчылык, коопсуздукка алмаштырат. Алар эч нерсени шерик кылбай Мага гана ибадат кылашат. Ушундан кийин ким каапыр болсо, алар чектен чыгуучулар” (Нур: 55-57).

Бул аят умумий келсе да, Ин ша Аллах келе жаткан Халифалык мамлекетине тиешелүү. Аяттан көрүнүп тургандай, бул мамлекет күч-кубат жана коопсуздукка жеткирет. Бул анын бекемдиги, туруктуулугу жана душмандарын жеңүүсү менен гана ишке ашат.

جاء عند الإمام أحمد، ومسند الطيالسي من حديث حذيفة، قال: قال رسول الله ﷺ: «إِنَّكُمْ فِي النُّبُوَّةِ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً عَاضّاً، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»، ثُمَّ سَكَتَ.

Имам Ахмаддан жана Муснад ат-Таялисиде Хузайфадан риваят кылынат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Силердин араңарда Алла каалаганча пайгамбарлык болот. Кийин Алла каалаган убакта аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин залим падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Кийин Пайгамбар (с.а.в) сүкүт сактады”. (Имам Ахмад муснады 4/273).

أخرج مسلم في صحيحه عن أبي هريرة رضي الله عنه: أن رسول الله ﷺ قال: «لَا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يُقَاتِلَ الْمُسْلِمُونَ الْيَهُودَ، فَيَقْتُلُهُمُ الْمُسْلِمُونَ…»، وفي لفظ آخر قال ﷺ: «تُقَاتِلُكُمُ يَهُودُ، فَتُسَلَّطُونَ عَلَيْهِمْ»،

Муслим өзүнүн “Сахих” китебинде Абу Хурайра (радыяллаху анху)дан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Мусулмандар жөөттөр менен согушуп, мусулмандар аларды өлтүрмөйүнчө Кыямат болбойт…”. Башка бир риваятта (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: «Жөөттөр силер менен согушат, силер аларга үстөм болосуңар”.

Бул жөөт мамлекетин түп тамырынан жок кылуу дегенди билдирет жана бул экинчи халифалык мамлекетинин тикелениши, туруктуулугу жана жеңиши менен гана ишке ашуусун билдирет.

روى أحمد في مسنده والحاكم وصححه ووافقه الذهبي عن أبي قَبِيلٍ، قَالَ: كُنَّا عِنْدَ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ: فَقَالَ: بَيْنَمَا نَحْنُ حَوْلَ رَسُولِ اللهِ ﷺ نَكْتُبُ، إِذْ سُئِلَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: أَيُّ الْمَدِينَتَيْنِ تُفْتَحُ أَوَّلاً: قُسْطَنْطِينِيَّةُ أَوْ رُومِيَّةُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: «مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً، يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ

Ахмад өзүнүн “Муснад” китебинде жана аль-Хааким риваят кылган, аны Аз-Захаби Абу Кабилдин риваятында айтат: “Биз Абдулла бин Амр бин аль-Аас менен бирге болчубуз, ал айтты: “Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын алдында жазып жүргөн кезибизде, Аллахтнын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дан эки шаардын кайсынысы биринчи фатх кылынат? Константинополбу же Римби?” деп сурадык. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам айтты): “Биринчи кезекте Геракл шаары, башкача айтканда Константинополь фатх кылынат”, – деди. Константинополь фатх кылынды, Кудай буйруса Рим дагы фатх кылынат. Бул экинчи халифалык мамлекетинин түптөлүшүн жана туруктуулугу менен гана ишке ашат…

أخرج أحمد في مسنده عَنْ تَمِيمٍ الدَّارِيِّ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ ﷺ يَقُولُ: «لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلَا يَتْرُكُ اللهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللهُ هَذَا الدِّينَ، بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ؛ عِزّاً يُعِزُّ اللهُ بِهِ الْإِسْلَامَ وَذُلّاً يُذِلُّ اللهُ بِهِ الْكُفْرَ…»

Ахмад өзүнүн “Муснадында” Тамим ад-Дарийден риваят кылат, ал айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деп айтканын уктум: «Бул иш күн жана түн жеткен жерге чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйүн калтырбастан, ага бул динди азиздин азиздиги жана кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат, ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат».

Байхакий дагы ушул маанидеги хадисти “Ас-Сунанул-Кубра”да жана Хаким өзүнүн “Мустадрак” китебинде риваят кылган. Бул болсо экинчи рошид Халифалык бүт дүйнөнү камтый тургандай кеңейишин билдирет.

  1. Жогоруда айтылгандар Халифалык мамлекети ар бир согушкан согушта жеңишке жетишин билдирбейт. Бул же тиги жерде согушта жеңилип калышы да мүмкүн. Бирок, акырында жеңишке жетишин түшүндүрөт. Тактап айтканда, согуш майдандарында жеңилип калышы мүмкүн. Бирок, биринчи Ислам мамлекетинде болгондой, чечүүчү согуштарда жеңилбейт. Алгачкы Исламий мамлекет дагы кээ бир салгылашууларда жеңилип калган. Бирок дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн башкарганга чейин жеңиш ага шерик болгон.
  2. Сиздин сурооңуздун акыркы бөлүгүнө келсек, Нусрат Бадрда периштелер жана Хандакта шамал менен болгону сыяктуу сезилип, көзгө көрүнө турган абалда болушу мүмкүнбү? Же нусрат берүү, колдоо көрсөтүү, шарттардын жаралышы жана душмандын жүрөгүнө коркунуч туудуруу сыяктуу маанабий түрдө болобу? Мунун баары болушу мүмкүн. Инша Аллах, Аллах үчүн жеңил. Анткени Ал Өзүнүн ишенимдүү пенделерин Өзүнүн аскерлери менен колдоп-кубаттайт. Айтат:

﴿وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ﴾

Раббиңдин кошуундарын Андан башка эч ким билбейт”. (Муддасир: 31).

Бирок, шарий өкүм бизден Аллах Таала айткандай жетиштүү даярданууну талап кылат:

﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللهُ يَعْلَمُهُمْ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ شَيْءٍ فِي سَبِيلِ اللهِ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ﴾.

Алланын душманын, өз душманыңарды жана башка силер билбеген, бирок Алла билген душмандарыңарды коркунучта кармоо үчүн аларга каршы күч-кубат жана атчандарды толук даярдыкта кармагыла! Силердин Алла жолуна сарптаганыңар өзүңөргө толук кайтарылат. Адилетсиздик кылынбайт” (Анфаал: 60).

Инша Аллах сурооңузга ушулар жетет деп үмүттөнөм, Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта.

1446-х, 22-жумаадул уула.

2024-ж, 24-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here