Мурас

50
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Мурас

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا حَفْصُ بْنُ عُمَرَ حَدَّثَنَا شُعْبَةُ عَنْ بُدَيْلٍ عَنْ عَلِيِّ بْنِ أَبِي طَلْحَةَ عَنْ رَاشِدِ بْنِ سَعْدٍ عَنْ أَبِي عَامِرٍ الْهَوْزَنِيِّ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ لُحَيٍّ عَنْ الْمِقْدَامِ

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَنْ تَرَكَ كَلًّا فَإِلَيَّ وَرُبَّمَا قَالَ إِلَى اللَّهِ وَإِلَى رَسُولِهِ وَمَنْ تَرَكَ مَالًا فَلِوَرَثَتِهِ وَأَنَا وارث مَنْ لَا وارث لَهُ أَعْقِلُ لَهُ وارثهُ وَالْخَالُ وارث مَنْ لَا وارث لَهُ يَعْقِلُ عَنْهُ وَيَرِثُهُ

Хафс бин Умар Микдамдан риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Ким экөөнү таштаса, (каза болуп, карызы жана жаш балдары калса) ал Аллахка жана Анын Элчисине. Кимде-ким артында мал-мүлк калтырса, мураскерлерине. Мен мураскери жоктун мураскеримин, ал (кылмыш кылганы себептүү кун төлөөгө кириптер болсо) анын атынан кун төлөйм жана мураскери болом. Таякеси мураскери жок адамдын мураскери, анын атынан кун төлөйт жана мурас алат”.

Авн аль-Мабудда мындай дейт: “Ким экөөнү тең таштаса” каф фатха менен жана лам ташдид менен келип, оор абалды б.а карызы бар жана жаш балдары жетим калгандарды түшүндүрөт. Мунун мааниси, “эгер бир адам дүйнө салып анын жаш балдары жетим калса, алар Мага баш калка кылышат, мен аларга кепилдик берем, эгерде ал карызды таштаса, мен аны төлөйм” дегенди билдирет.

“Анын атынан кун төлөйм” б.а. анын мойнуна алган кылмыштары себептүү анын акысын берем.

“Мураскери болом” б.а. мураскери жоктун мураскери болом.

Казы (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деди: “Ал мураскери болом дегени, анын малын мусулмандардын казынасына сарптоону билдирет. Анткени ал Аллахка жана Анын Элчисине таандык.

“Таякеси – мураскери жок адамдын мураскери”. Бул туугандары, жакындары гана мурас ала алат дегенге далил.

“Анын атынан кун төлөйт”. Башкача айтканда, эжесинин баласы кылмыш кылса жана анын кун төлөй турган жакын туугандары  жок болсо, анын атынан таякеси туугандары сыяктуу кун акчасын төлөйт жана андан (жээнинен) мурас ала алат.

Сүйүктүү бир туугандар!

Мурас – бул мүлкө ээлик кылуу себептеринин бири. Мураскерлер шарьий мыйзамда белгиленген үлүштөр боюнча өлгөн жакын адамдарынан калган мүлккө ээлик кылышат. Шариятта үлүш ээлеринин ар биринин үлүшү белгиленген. Ошондой эле, мураска калган акча мурас алуу фарз болгон үлүш ээлеринин үлүштөрүнөн ашып кетсе, калган акчаны кантип бөлүштүрүү керектиги да түшүндүрүлөт.

Мурас – мураскердин өлгөн адамдын мүлкүнө болгон укугу жана ага шарьий тоскоолдук гана тоскоол болот. Бул байлыкты майда-чүйдөсүнө чейин бөлүштүрүүнүн жолу. О.э байлык бир ууч адамдын арасында айланып калбашы үчүн коомдун калган бөлүгүнө аны бөлүштүрүүнүн жолу. Мураскерлерге мурасты бөлүштүрүү менен инсандын тирүү кезинде чогулткан мал-мүлкү анын бир туугандарынын эле колунда калып калбашы үчүн анын бардык мураскерлерине бөлүштүрүлөт. Ошондуктан, ал мал-мүлк коомдун кеңири катмарында  айланат жана коомдун таптарга бөлүнүшүнө жол бербейт. Ислам – коомду уюштуруунун жана ага бузукулук кандайдыр бир  жол менен кирип келүүсүнүн алдын алуунун эң жакшы жолу. Ислам мурасты шарьий укук кылганы сыяктуу эки учурда мураскерди бул укуктан ажыратат:

Биринчиси: диндеги айырмачылык.

Насаи өзүнүн “Сунанул-Кубрасында” риваят кылган.

عن أسامة بن زيد قال سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول لا يرث الكافر المسلم ولا يرث المسلم الكافر

Усама бин Зайд риваят кылат: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин уктум: “Каапыр мусулмандан мурас албайт, мусулман каапырдан мурас албайт”.

Ибн Абу Шайбанын эмгегинде мындай деп айтылат:

عن أسامة بن زيد قال : قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : ” لا تتوارث الملتان المختلفتان

Усама бин Зайд риваят кылган хадисте: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эки түрдүү дин бири-бирине мураскер болбойт”.

Экинчиси: мураскердин мураскерди өлтүрүүсү.

روى الترمذي عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ الْقَاتِلُ لَا يَرِث

Тирмизи Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Киши өлтүрүүчү мураскер болбойт”.

Бул эки учурдан башка абалда мураскерге шарият берген укугун алууга эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал адам ким болсо да, мурастын ээси да, мураскери да, аким да мураскерди укугунан ажыратууга акысы жок. Ким андай кылса, чоң күнөө кылган болот.

Сахих аль-Бухариде айтылган.

جَاءَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَعُودُنِي وَأَنَا بِمَكَّةَ وَهُوَ يَكْرَهُ أَنْ يَمُوتَ بِالْأَرْضِ الَّتِي هَاجَرَ مِنْهَا قَالَ يَرْحَمُ اللَّهُ ابْنَ عَفْرَاءَ قُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ أُوصِي بِمَالِي كُلِّهِ قَالَ لَا قُلْتُ فَالشَّطْرُ قَالَ لَا قُلْتُ الثُّلُثُ قَالَ فَالثُّلُثُ وَالثُّلُثُ كَثِيرٌ إِنَّكَ أَنْ تَدَعَ وَرَثَتَكَ أَغْنِيَاءَ خَيْرٌ مِنْ أَنْ تَدَعَهُمْ عَالَةً يَتَكَفَّفُونَ النَّاسَ فِي أَيْدِيهِمْ وَإِنَّكَ مَهْمَا أَنْفَقْتَ مِنْ نَفَقَةٍ فَإِنَّهَا صَدَقَةٌ حَتَّى اللُّقْمَةُ الَّتِي تَرْفَعُهَا إِلَى فِي امْرَأَتِكَ وَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَرْفَعَكَ فَيَنْتَفِعَ بِكَ نَاسٌ وَيُضَرَّ بِكَ آخَرُونَ وَلَمْ يَكُنْ لَهُ يَوْمَئِذٍ إِلَّا ابْنَةٌ

Саьд бин Абу Ваккас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), мен Меккеде (сыркоолоп) жүргөнүмдө мени зыярат кылып келди жана ал хижрат кылган жеринде өлүүнү жаман көрчү. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Аллах Ибн Афраны ырайым кылсын (ал Меккеде каза болгон эле)”. Мен айттым: “Оо Аллахтын Элчиси, мен бардык мал-мүлкүмдү керээз кылам (жакшылыкка жумшайм)”. Ал айтты: “Жок”. Мен: “жарымын” дедим. Ал айтты: “Жок”. Мен айттым: “Үчтөн бирин”. Ал айтты: “Үчтөн бири көп. Сен үчүн мураскериңди адамдардын колунан үмүт арткан кедей, кайырчы кылып калтыргандан көрө, бай калтырганың жакшы. Эмнени сарптасаң, ал садака. Жада калса, аялыңдын оозуна берүүчү бир тиштем наның да (садака). Балким, Аллах  сени сакайтат, кээ бирөөлөр (сен аркылуу фатхтар кылунуусу менен) сенден пайда көрөт, кээ бирлери сенден (сенин колуң аркылуу фатхтар кылынышы менен мушриктер) зыян тартат. Ошол учурда анын (Саьд Ваккастын) бир кызынан башка эч кимиси жок болчу.

Саьд бул жерде бир кызы бар болсо да, бардык мал мүлкүн керээз кылууну каалаган. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) кызына болгон адилетсиздиктен улам мындай кылуудан тыйган. Анткени ал бардык мал мүлкүн керээз кылып калтырса, мураска мал-мүлкү калбайт. Ал тургай жарымына дагы уруксат бербеди. А түгүл, мал мүлкүнүн үчтөн бир бөлүгүн керээзге калтырууга уруксат берсе да, кызына  мураска калтырылышы мүмкүн болгон эң жогорку көлөмдү түзгөн. Ошондуктан, аялдын мурастан алган нерсеси анын акысы экенин билиш үчүн, бул асыл хадистерге ой жүгүртүп, кызды атасынан мурас алуу укугунан ажыраткандар аялдын мурас алуу анын укугу экенин билишсин. Бул кызга бир туугандары же үй-бүлөсү кааласа эле бере  турган нерсе эмес. Балким , шарият тарабынан белгиленген шарьий мүлк.  Андай эмеспи? Бул жерде Пайгамбар (с.а.в) аял мураскер мурастан ажыраганын түшүндүрүп жатат. Аялдын никеде болушу же  чоочун эркекке турмушка чыгышы анын ата-энесинин мурасынан же мураска укугу бар адам катары тоскоол боло албайт.

Сүйүктүү бир туугандар!

Аллахтын өкүмдөрү амал кылуу үчүн Пайгамбарына түшүрүлгөн. Мусулмандар андан пайдаланышат, бирок бул пайда азыр жок. Аллахтын мыйзамдарын ишке ашырган Ислам мамлекетинин жоктугу менен көптөгөн мусулмандар андан куру-жалак калышты. Эй мусулман аял, сен Аллахтын өкүмүн калыбына келтирүүгө абдан кызыктарсың. Анткени, исламдын жашоодо колдонулбашы себепетүү сен эң көп зыян тартуучусуң. Исламдын жашоодо колдонулбашы сен үчүн Ааламдардын Раббиси белгилеген көптөгөн материалдык укуктардан ажыратып салды. Эгер Халифалык мамлекети болгондо, силер ал укуктардан ырахат алмаксыңар жана ага жетүү үчүн кордукка жана эзилүүгө дуушар болмок эмессиңер.

Анын үстүнө, Исламий жашоону кайра баштоо үчүн иштөөгө чакырышыңыз зарыл. Бул жолдо эки кызыкчылыгыңыз бар:

Рухий кызыкчылык:

Бул – Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу үчүн иштөөдө Кудайдын буйругуна жооп берүү.

Материалдык кызыкчылык: Бул – шарият сизге белгилеп берген бирок бузуку, адилетсиз коом сизди андан ажыратып койгон финансылык жана дүнүйөлүк кызыкчылыктарга жетүү.

Ошондуктан, уурдалган укуктарыңарды калыбына келтирүү жана силерге бул укуктарды белгилеп бергенди ыраазы кылуу үчүн –  исламий жашоону кайра баштоо жана Халифалыкты калыбына келтирүү үчүн аракет кылып жаткан жакшылардын катарына кошулууңар ылайыктуу.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 17-жуммадул уула.

2024-ж, 19- ноябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here