Жаңылыктар

Үй-бүлөлүк зомбулуктүн түпкү себеби демократияда

Үй-бүлөлүк зомбулуктүн түпкү себеби демократияда

Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында Ички иштер министрлигинде 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37% же 3 877 учурга көп. Ал эми, өткөн жылы зомбулук фактысы 2022-жылга салыштырмалуу 32%га көп катталган.

Маалыматка ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 балага коргоо ордери берилген.

“Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 3 288 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 623 адам камакка алынып, 1 189 киши коомдук ишке тартылган.

Катталган үй-бүлөлүк зомбулуктар айрым учурда адам өлтүрүү менен коштолгондуктан, коомчулукта бул көйгөй мезгил-мезгили менен талкууланып келет. Ал эми, мамлекет бул көйгөйдү жоюуга милдеттүү болсо да, бирок, жыл сайын зомбулук күчөп жатканын расмий маалыматтар тастыктап турат. Мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, аялдардын укугу корголбой жатканы тууралуу пикирлер да арбын айтылууда. Маселен, бейөкмөт уюмдар аялдардын укугу жетиштүү корголбогонун кине келтиришип, Батышта тажрыйбадан өткөн мыйзамдарды сунуштап келишет. А бирок, Батыштын өзү бул көйгөйдүн чордонунда жана андан кутулуунун аргасын таппай келет. Анткени, Кыргызстандагыдай эле, Батыш өлкөлөрү да адам акылынан чыккан демократиялык мыйзамдар менен башкарылат. Ошондуктан, аялдарга карата зомбулуктар азайгандын ордуна көбөйүп келет. Маселен, дүйнөдө аялдардын 35 пайызга жакыны зомбулуктун сексуалдык жана башка түрлөрүнө кабыларын “The Diplomat” басылмасы жазган. Бул санга сексуалдык асылуулардын статистикасы камтылган эмес. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. Францияга келсек, 4 миллион француз аял б.а аялдардын 12 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу зордукталганын айткан. Ал эми, ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт. Ар үч күндө зомбулуктан улам бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн.

Мындан белгилүү болгондой, аялдардын зомбулук чегишине учурда колдонулуп жаткан капиталисттик мыйзамдар негизги себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, капитализм системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Тескерисинче, бул көйгөйлөр ушул идеология себептүү пайда болууда жана аялдар Батыштын дал ушул “эркиндигинен” корголууга муктаж. Муну Батыштын аткаминерлеринин билдирүүлөрү да тастыктап турат. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, “аялдар жалпы жумушчу күчтүн 40 пайызын, айыл чарбадагы жумушчу күчтүн 43 пайызын, дүйнөдөгү студенттердин жарымын түзөт. Ушундай болгон соң, аялдардын экономикалык потенциалын кысуу ар бир өлкө үчүн даяр акчаны четке кагууга барабар”. Клинтондун бул сөздөрү капитализмдин акыйкатын ачык чагылдырып турат. Башкача айтканда, капитализмдин дүйнө карашы аялдарга үй бекеси эмес, жумушчу күч катары карайт.

Мунун каршысында, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс катары берилген аялдар менен келечек урпак катары берилген балдарга карата зомбулук кылуу кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:

لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ

“Силердин араңардан кимдир бирөө жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).

Ислам аялга үй бекеси жана корголушу шарт болгон ар намыс катары карайт. Ушул дүйнө караштан келип чыгып, эркек өз жубайы менен махрамдарын коргойт. Муну менен катар шариат үй бүлөдөгү эркек менен аялга табиятына ылайык укук жана милдеттерин белгилеп берген. Аял үй бүлөдө бала төрөө, аны эмизүү, аларды тарбиялоо сыяктуу табигый жоопкерчилигин аткарат. Мына ушул жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн убактысын, эмгегин сарптайт. Ушул багытта түшкөн өкүмдөрдү үйрөнүп, колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат. Бул өкүмдөрдү карманууда келген сыноолорго сабыр кылат. Ал эми, эркектин табияты күчтүү жана жумуш кылууга жөндөмдүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. О.э коомдук иштерден убактысы артканда үй иштеринде жубайына жардам берүүсү мандуб. Демек, гендердик теңдик шылтоосу менен эркектин милдеттерин аялга жүктөө бүгүнкү күндөгүдөй башаламандыкка жана көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө гана алып келет. Маселен, аял башкаруу иштерине аралашуу менен катар үйдө кожойкелик милдетин алып баруусу мүмкүн эмес. Анткени, ар бир иштин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Буга байланыштуу Алланын элчиси ушундай деген:

كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤول عَنْ رَعِيَّتِهِ الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي أَهْلِهِ وَهُوَ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْؤولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا

“Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Имам башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал үй-бүлөсүнөн жоопкер. Аял киши өз эринин үйүндө башчы жана ал ошол үйдөгү иштерден жоопкер…”.

Мына ушул жоопкерчиликти аткарганына жараша Алла алардын ар бирине сыйлыгын убада кылды. Абдуррахман ибн Авфтан риваят кылынат:

إِذَا صَلَّتِ الْمَرْأَةُ خَمْسَهَا وَصَامَتْ شَهْرَهَا وَحَفِظَتْ فَرْجَهَا وَأَطَاعَتْ زَوْجَهَا قِيلَ لَهَا ادْخُلِي الْجَنَّةَ مِنْ أَيِّ أَبْوَابِ الْجَنَّةِ شِئْتِ

“Аял беш убак намазын окуп, Рамазан орозосун тутуп, намысын коргоп, эрине итаат кылса, ага ушундай делет: Кайсы эшиктен кирүүнү кааласаң Бейишке ошол эшиктен кир” (Ибн Хиббан “Сахих” китебинде Абу Хурайрадан келтирген).

Аял кишинин негизги иши үй кожойкеси жана энелик жоопкерчилиги болсо да, шариат ага инсан катары эркектер менен катар илим талап кылуу, байлыгынан зекет берүү, даават кылуу сыяктуу өкүмдөрдү да жүктөгөн. Ошондой эле, өзү үчүн жеке жана коомдук жайда иштөөсүн, соода кылуусун ж.б. жайиз кылган. Шарият бул иштерден тыйбайт жана алар анын үй кожойкеси болушуна же энелик ролду аткарышына зыян жеткирбейт.

Ислам бүгүнкү күндөгүдөй пайданы эмес, арам жана адалды өлчөө кылат. Ошондуктан, аял кишилердин арасында иштөөнү каалагандарга ылайыктуу саатта иштөөсүнө шарт түзүп берет. Маселен, Усманий Халифалык доорунда аялдар экономикалык тармакта активдүү ролду аткарганы маалымдалат. Тарыхый жазууларда аялдар дыйканчылык, багбанчылык жерлерине жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу менен алардан түшкөн пайдаларды өздөрү колдонушканы белгиленген. 18-кылымда Алепподогу казылык каттоолорунда аялдардын мүлк сатуусуна байланыштуу иштер 63%ды түзгөнү эскерилген. Мындан маалым болгондой, Исламдын аялга карата үй бекеси жана корголуучу ар намыс катары дүйнө карашы алардын экономикалык активдүүлүгүнө зыян жеткирбейт. Тескерисинче, кандай абалда болбосун бакубат жашоосун кепилдеп берет. О.э Ислам үй бүлөлүк турмушту мээрим-мухабат үстүнө курат. Алла Таала айтат:

وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِّتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةً وَرَحْمَةً

“Анын белгилеринин дагы бири – Ал Зат силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы…” (Рум: 21).

Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Демек, аялдардын, жалпы эле коомдун бакубат жашоосу Исламдын турмушта колдонулушуна байланыштуу.

turkistonkg

Recent Posts

Сирияда эмне болуп жатат?

Сирияда эмне болуп жатат? Сирияда 27-октябрдан тарта мусулмандарды кубанткан окуялар жүз берүүдө. 2020-жылы Орусия-Иран-Түркия ортосунда…

6 hours ago

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда…

11 hours ago

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…

1 day ago

Тоң моюн душман

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, анын буйруктарын аткарууга даяр экенин билдирди

Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…

1 day ago

Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын байлыктарын коргогон Ислам мамлекетине кайтарууну талап кылат

Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…

1 day ago