Индонезиядагы саясий окуялар

42
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Индонезиядагы саясий окуялар

Суроо:  2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73 жашта) парламенттин алдында Индонезиянын жаңы президенти катары ант берди. Белгилүү болгондой, февраль айында президенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы 2024-жылдын 20-мартында жарыяланган эле. Америка аны куттуктоосун кечиктирген жок. Тышкы иштер министри Блинкен куттуктоосун жөнөтүп мындай деген: “Вашингтон Прабово менен тыгыз кызматташууну карап жатат” (Аль-Жазира, 20.03.2024). Прабово 2024-жылдын 1-апрелинде, инаугурациясына чейин эле Кытайга барууга шашылды. Башкача айтканда, ал шайлангандан кийин эле өз ыйгарым укуктарын ала элек кезде Кытайдын төрагасы Си менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ал мындай деди: “Индонезия менен Кытайдын ортосундагы тыгыз мамилелерди өнүктүрүүнү толугу менен колдойм жана мурдагы президент Жоконун Кытай менен жүргүзгөн достук саясатын улантууну каалайбыз” (Reuters, 01. 04.2024).

Эми суроо туулат, Американын бул шашылыш куттуктоолору жана Прабовонун Кытайга шашылыш визити Индонезиянын Америка жана Кытай менен болгон мамилеси үчүн кандайдыр бир мааниге ээби? Башкача айтканда, Индонезиянын Америкага карата саясатында өзгөрүү болобу? Анын Кытайга карата саясаты кандай уланат? Анан Газага каршы жөөттөрдүн агрессиясына карата анын саясаты кандай болот?

Жооп: Жооп ачык болушу үчүн, биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

Биринчи: Америка саясаты жана Индонезия.

  1. Америка 1949-жылы Индонезия Голландиянын колонизаторлугунан азат болгондон кийин ал жерде Голландиянын ордун ээлөө аракетин баштады. Бул жардам жана кредит берүү аркылуу ишке ашырыла турган болду. Бирок Индонезия мындан баш тартты. Анткени, алар муну Американын үстөмдүк кылуу жана таасирин кеңейтүү куралы экенин түшүнүшкөн. Ал Голландия колониясынан кутулуу үчүн Американын колониясы астына кирүүнү каалаган жок. Америка ага басым жасап, козголоңдорду жана баш аламандыктарды уюштурду. Кийин Индонезиянын президенти Ахмед Сукарно 1958-жылы Американын бул аракетине кол куушуруп, жардам жана кредиттерди кабыл алды. Америка өлкөгө киргенден кийин көбүрөөк малайларды издей баштады. Ал 1966-жылы Ахмед Сукарного каршы аскердик төңкөрүш жасаган Мухаммад Сухарто баштаган армиядан жаңы малайларын таба алды. Америка ага коммунисттерди жок кылууга жардам берип, анын таасирин күчөтүүгө аракет кылды. Андан кийин 1975-жылы Чыгыш Тиморду португалиялык колонизаторлордон тазалоого жардам берди. Бирок, Америка Чыгыш Тиморду Индонезиядан бөлгүсү келгенде, Сухарто анын талабын аткарууну кечеңдетти. Мындан улам, Америка ага экономикалык көйгөйлөрдү жаратты. Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу каржылык куралдары аркылуу кырдаалды курчутту. Андан соң Сухарто 1998-жылы кызматтан кеткенин жарыялоого аргасыз болду. Анткени, АКШ студенттердин нааразылык акцияларын уюштуруп, баш аламандыктарды жаратты. Америка өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууну кечеңдеткен же ыйгарым укуктары бүтүп калган малайын ыргыткандай эле, аны да таштандыга ыргытып жиберди!
  2. Сухартодон кийин анын орун басары Юсуф Хабибие 1998-1999-жылдар аралыгында бир жылдан ашык өлкөнүн президенттигин аткарды. Ал Америка талабын орундатуу үчүн Чыгыш Тимордун өлкөдөн бөлүнүп чыгуусуна даярдык көрүп, референдум өткөрүүгө макулдук берди. Ал буга Чыгыш Тимордон талап кылбоо жана шайлоо системасын демократиялык жол менен кайра куруу аты астында убада берди. Андан кийин Абдур-Рахман Вахид 1999-2001-жылдар аралыгында эки жылдай бийликти аркалап, парламент тарабынан коррупцияга айыпталып кызматтан алынды. Анын ордуна Индонезиянын биринчи президенти Ахмед Сукарнонун кызы Мегавати Сукарнопутри дайындалып, 2001-2004-жылдары президент болуп иштеди. Анын тушунда 2002-жылы Чыгыш Тимор Индонезиядан бөлүнгөнүн жарыялап, өзүнөн мурункулардай эле чыккынчылык ишти улантты!
  3. Жаңы түзөтүүлөргө ылайык өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлдү жана президент кайра шайланса эң көп дегенде эки мөөнөт иштей турган болду. Президенттик мөөнөттүн ар бири 5 жылга созулат. Юдойоно 2004-жылдан 2014-жылга чейин эки мөөнөткө президент болуп шайланды. 2014-жылы президенттик шайлоо өтүп, анда Жоко Видодо жеңишке жеткен. Андан кийин ал 2019-жылы экинчи жолу шайланып, анын мөөнөтү 2024-жылдын октябрында аяктады. Видодо Индонезиянын Америкага баш ийүүсүн улантууга кызыктар болгон. Америкага болгон акыркы иш сапарында президент Жо Байден менен 2023-жылдын 13-ноябрында жолугушту. Ал аны менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттер Ассоциациясынын (“АСЕАН”) аброюн жогорулатууга макул болду. Америка бардыгы өз көзөмөлүндө болбогон көптөгөн өлкөлөрдү камтыган бул бирикмедеги чечимдерди көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Бул максатка жетүү үчүн Индонезияны пайдаланып, Кытайга каршы турууга же ага таасир этүүгө аракет кылууда. Бул аркылуу Түштүк Кытай деңизинин аймагына Кытай өзүнүн гегемониясын таңуулоосуна жол бербөөнү максат кылат. АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен 2024-жылдын 17-августунда Индонезиянын эгемендүүлүгүнө байланыштуу куттуктоо жөнөтүп, бул нерсеге ишара кылды. Ал мындай деди: “Биздин тарыхый мамилелерибиздеги жаңы тарыхый кадам президент Жоко Видодо жана АКШнын президенти Жо Байдендин ноябрда АКШда өткөн жолугушууда ташталды. Бул жолугушууда эки өлкө ортосундагы мамилелердин деңгээлин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүү чечими кабыл алынды” (Youm7  17.08.2024).
  4. Прабово Субианто (Мурунку президент Мухаммад Сухартонун күйөө баласы )менен вице-президент катары ат салышкан Гибран (кызматтан кетип жаткан президент Жоко Видодонун уулу) 2024-жылы 14-февралда болгон шайлоонун биринчи айлампасында 58,58% добуш менен жеңишке жеткени жарыяланды. Белгилей кетсек, Гибран вице-президенттикке талапкер болууга укугу жок эле. Анткени ал 36 жашта. Мыйзам 40 жашка чыга элек адамдарга президент жана вице-президент сыяктуу жогорку кызматтарга талапкер болууга тыюу салат. Бирок президент Видодонун күйөө баласы үчүн Индонезиянын жогорку соту шайлоо алдында бул мыйзамга түзөтүү киргизди. Ага ылайык, мындай кызматтарга кырк жашка чыга электерге да талапкер болууга уруксат берилди. Президент Видодо да өз мөөнөтүн кантип узартуу жөнүндө ойлонуп жаткан. Бирок ал муну кыла алган жок. Ошондуктан, уулу Гибрандын вице-президент кылып дайындалышын шарт кылып, Прабовону колдоп келишим түздү. Мамлекеттик органдар – президент Видододон баштап армия, чалгындоо жана полицияга чейин – бардык мекемелер Прабовонун шайланышын колдоду. Америка адатынча буга каршы болгон жок. Армиядагы офицерлер аны Американын баласы деп аташат. Ал АКШнын Жоржия штатындагы Форт Беннингде жана АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Форт Браггда машыгуудан өткөн. Анын жеңиши 2024-жылдын 3-мартында расмий жарыяланганда Америка куттуктоосун кечиктирген жок. Анын Тышкы иштер министри Блинкен куттуктоосун жөнөтүп, “Вашингтон Прабово менен тыгыз кызматташууну карап жатат” (Аль-Жазира, 20.03.2024) деди. Анын сөзү Америкага малайлыгын ырастап жана берилгендигин бекемдейт!
  5. Прабовонун расмий түрдө дайындалгандан кийин ант берүү аземи болуп, андан кийин 2024-жылы 20-октярбда жаңы өкмөт түзүлгөнү жарыяланды. Шайлоолордо жеңишке жеткенден тартып президенттик кызматка киришкенге чейинки өткөөл мезгилде, Коргоо министри катары мурдагы кызматында калды. Бул мезгил аралыгында Америка Түштүк Кытай деңизинин ичинде жайгашкан Ява аралындагы Сидаварго аймагында Индонезия менен бирге аскерий машыгуу өткөрүп, массалык маневрлерды жасады. Машыгуу 2024-жылы 26-августта башталып эки жумага созулду. Ага Япония, Таиланд, Британия, Сингапур, Франция, Канада жана Жаңы Зеландия катышты. Прабово көптөгөн чет элдик сапарларга чыкты. Анын ичинде Америкага барып, Пентагондо коргоо министри Остин менен жолугушту. АКШнын Индонезиядагы элчиси Камала Ширин Лахдхидр: “Американын Индонезиянын жаңы президенти менен болгон мамилеси ал 2019-жылы Коргоо министри кызматына киришкенге чейин эле түптөлгөн”, – деди (Аль-Жазира, 20.10.2024). Башкача айтканда, ал армияда офицер болуп турганда Американын базасында офицерлеринин колунан машыккан. Сухартонун доорунда армияны жетектеп турган…

“VOI – Индонезиянын үнү” веб-сайты 29.10.2024 башкача айтканда, Прабовонун инаугурациясынан бир нече күн өткөндөн кийин Индонезиянын Коргоо министри Шафри Шамсуддин жана АКШнын Индонезиядагы элчиси Камала Ширин Лахдхидр эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын жазды. Анын ичинде деңиз коопсуздугу да бар. Индонезиянын Коргоо Министрлигинин башкы секретариатынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы мындай деп билдирди: “Бригадир генерал Эдвин Адриан Суманта дүйшөмбү күнү АКШнын элчиси Индонезиянын Коргоо министрине деңиз коопсуздугу жаатында АКШнын кызматташуусун арттыруу каалоосун билдирди”. Ошондой эле Индонезиянын коргоо министлигинин кеңсесинде болгон жолугушууда, АКШ элчиси өз өлкөсүнүн учурда Индонезияда жылына бир жолу өткөрүлүүчү “Super Garuda Shield” калкан машыгууларын улантуу каалоосун билдирди. Жолугушууда Шафри элчи Камалага сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Индонезиянын эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн өнөктөштүктү бекемдөөгө умтулуусун баса белгиледи.

Жогоруда айтылгандарды эске алсак, Индонезиянын жаңы президенти Прабово 2024-жылы 20-марттагы шайлоодо жеңгенин жарыялагандан тартып 2024-жылы 20-октябрдагы инаугурациясына чейин жана андан кийин да өзүнөн мурункулардын жолу менен баратат. Ал тургай Америкага ого бетер берилип кетти. Бул Индонезияда Американын үстөмдүгү дагы да таасирдүү түс алганынан кабар берет!

Экинчи: Кытайдын Индонезия менен саясаты.

  1. Прабово 2024-жылдын 1-апрелинде Кытайга шайланган президент катары иш сапары менен барды. Ал учурда ыйгарым укуктары күчүнө кире элек болсо да Кытайдын төрагасы Си менен жолугушуу өткөрдү. Ал: “Индонезия менен Кытайдын ортосундагы тыгыз мамилелерди өнүктүрүүнү толугу менен колдоорун жана мурунку президент Жоконун Кытай менен жүргүзүп жаткан достук саясатын улантууну кааларын” билдирди. Ал эми Си Цзиньпин: “Пекин Индонезия менен болгон мамилелерине стратегиялык жана узак мөөнөттүү көз караш менен карайт жана ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүүгө даярданып жатат”, – деди. (Reuters, 01. 04.2024). Белгилей кетсек, Кытай Индонезияда соода жана инвестиция жаатында олуттуу таасирге ээ. Эки өлкө АСЕАНга мүчө. Ошондуктан, Индонезия Кытайга каршы позицияны карманбаганга аракет кылат. Ошол эле учурда жогоруда түшүндүргөнбүздөй Индонезия Американын саясатына баш ийүүсүн сактап келет.
  2. Кувейт гезити 2024-жылы 11-сентябрда өзүнүн сайтында: “Индонезиянын президенти Прабово Субианто биринчи чет элдик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Бээжиндеги Элдик жыйындар залында жолугушуп, келишимге кол коюу аземинде аны менен кол алышып учурашты. Үч жума мурун кызматка киришкен Индонезиянын президенти Пекинде кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда, Кытай Индонезиянын башкы соода өнөктөшү жана анын эң маанилүү чет элдик инвесторлорунун бири экенин белгилеп, Кытай менен тыгыз мамиледе болууга убада берди. 73 жаштагы мурдагы генерал Субианто Си менен жолугушуусунда мындай деди: “Индонезия Кытайды улуу держава катары гана эмес, улуу цивилизация катары карайт. Эки өлкө кылымдар бою тыгыз мамиледе. Ошондуктан, азыркы учурда геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалда Индонезия менен Кытайдын көптөгөн тармактарда абдан жакын өнөктөш болушу табигый нерсе. Си Субианто администрациясын колдоону убадалады жана алгач Кытайга келгени үчүн ыраазычылык билдирип мындай деди: “Индонезия эгемендүү өнүгүү жолуна түшөөрүнө, Ал мындан ары да улуттук гүлдөп-өнүгүүгө жана улуттук жаңыланууга жетүү жолунда жаңы ийгиликтерди жаратып, аймактык жана эл аралык деңгээлде маанилүү роль ойнооруна ишенем”. Кытай менен Индонезия негизги экономикалык өнөктөш катары эсептелет. Бирок эки өлкө Түштүк Кытай деңизиндеги суверендүүлүк укугу боюнча оозеки араздашууларга барышкан. Субианто АКШ президенти Жо Байдендин чакыруусу менен Пекинден кийин Перу, Бразилия жана Британияны камтыган эл аралык турдун алкагында, Вашингтонго да барат…”.

Текшерип чыгылса, Индонезия менен Кытайдын ортосундагы мамиле Американын Индонезиядагы саясий таасирине каршы келбеген алкакта соода жана инвестиция менен чектелгени айкын болот. Экөөнүн ортосундагы мамилеге соода аспектилери негиз болот. Эгер ал таасир талашууга, суверенитетке жана Түштүк Кытай деңизине өтсө,  анда алардын арасында келишпестик чырга айланат!

Үчүнчүсү: Индонезиянын үммөт маселелерине карата саясаты.

  1. Индонезия байыркы ислам өлкөсү экени белгилүү. Анын калкы хижрий биринчи кылымдан баштап исламды кабыл ала башташкан. Анын калкынын саны 300 миллионго жакын. Алардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзүп, 90%га жетет. Анын аянты чоң жана 1,9 млн чарчы чакырымдан ашык. Ал кен байлыкка жана чийки сырьёго бай. Исламий конституция долбоору ишке ашырылса жана аң-сезимдүү саясий исламий жетекчилик анын өкүмдарлыгын колго алса, чоң мамлекетке айлануу мүмкүнчүлүгү бар.
  2. Жаңы президенттин үммөт маселелерине карата тышкы саясатына келсек, мурунку президент сыяктуу эле, ал америкалык көз карашты кабыл алат. 2024-жылдын 1-июнунда Прабово Сингапурда өткөн Азиядагы эң ири коопсуздук форуму Шангри-Ла диалогунун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: “АКШ президенти Жо Байдендин Газада ок атышпоо боюнча үч этаптуу сунушу туура багыттагы кадам болуп саналат”. Ал кошумчалап: “Муктаждык пайда болгондо жана Бириккен Улуттар Уюму суранганда, ок атышпоону сактоо жана көзөмөлдөө үчүн тынчтыкты сактоочу ири күчтөр менен катышууга, бардык тараптар жана бардык аспектилер үчүн коргоо жана коопсуздукту камсыз кылууга даярбыз. Ал Палестинадагы кырдаалды адилеттүү чечүүгө чакырып: “Жашоо укугу “израилге” гана таандык эмес, Палестина эли өз мекенине жана мамлекетине ээ болуп жана анын ичинде тынч жашоо укуктары бар”,- деди. (Reuters, 01.06.2024). Ал Газа калкына кыргын салган ырайымсыз душманды токтотуу үчүн жетиштүү күч жана курал-жарак жөнөтүп, ордунан туруп, аларга колдоо көрсөтүүсү керектигин билип туруп ушундай позицияда болду. Айрыкча бул душман балдарды, аялдарды, коргоосуз эркектерди жана үйлөр, мектептер, ооруканалар сыяктуу жарандык жайларды бутага алууда. Газанын элине карата Индонезиянын жардамы Индонезия ооруканаларын куруу гана болду. Америка колдогон жана чет өлкөлөрдөн үзгүлтүксүз келип жаткан өлтүрүүчү куралдар, жабдуулар жана жардамдар менен Ислам жана мусулмандардын душманы болгон яхудий вужуду ал ооруканаларды бүтүндөй кыйратты. Мунун баарына карабастан, жаңы президент Прабово Америка менен болгон мамилесин көбүрөөк бекемдеп, аны көбүрөөк карманып, аны менен болгон эски мамилеси жана аны колдогондугу үчүн анын талаптарын аткарууда.

Төртүнчүсү:  Америкага лоялдуу болгон бул саясий менталитет Индонезияда өкүмдарлык кылуусу артынан өлкө ири мамлекет болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жатат. Эгер аны элинин акыйдасынан жана  чыныгы дини Исламдан келип чыккан Ислам конституциясын ишке ашырган аң-сезимдүү жана калыс исламий саясий лидерлер башкарса, Индонезия ири держава болуу мүмкүнчүлүгүн колго алып, андан соң Исламий өлкөлөрдү, өзгөчө Малайзия сыяктуу коңшуларын бириктирип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу Халифалык мамлекетинин таянычы боло алмак.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾.

“Оо, ыйман келтиргендер, качан Аллах жана Пайгамбар силерге жашоо бере турган нерсеге (жихадга)  чакырса, ага жооп бергиле” (Анфаал: 24). 1446-х, 9-жумаадул уула. 2024-ж, 11-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here