Кыргызстан мусулмандарына кайрылуу!

59
0

Кыргызстан мусулмандарына кайрылуу!

 Мусулмандардын кафирлерди ыйманга чакыруусу о.э. мусулман боордошторуна диндеги иштерин үйрөтүүсү – даъват деп аталат. Даъват кандай кылынышы жана аны кимдер  кылышы тууралуу шарияттын өз көрсөтмөлөрү бар. Демек, башка тараптан көрсөтмө алынбайт. Азыр биздин талкуу даъваттын ар бир мусулман адамга тиешелүүлүгү жаатында болмокчу.

Даъват ар бир мусулман үчүн фарз. Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам) : “Менден бир аят болсо да жеткиргиле” деген. Дагы бир хадисте: “Айрым бир жеткирилүүчүлөр (т.а. хадисти башкалардан үйрөнүп жаткандар) – угуучулардан (т.а. Росулуллах салаллаху алайхи вассаламдан угуп, кийин тигил жеткирилүүчүлөргө үйрөтүп жаткандардан) жакшыраак аңдап жетүүчү болушат, – деген. Ушулар сыяктуу даъваттын фарз экендигине далалат кылуучу аят-хадистер абдан көп жана анын фарз экендигинде уламалар арасында эч кандай талаш жок. Бул катъий өкүм.

Мисалы, сиз намаз окууну мужтахид Абу Ханифа рохимахуллохтун китебинен жакшылап үйрөнүп алгансыз. Эми башка адамдарга намаз окууну үйрөтүү – Абу Ханифа рахимахуллохко фарз болгондой эле – сизге да фарз болот. Ушул орунда, сиздин ал үйрөнүүчүгө намазды үйрөтүүңүз кудум ага Абу Ханифа рохимахуллох үйрөткөн сыңары болот. Ушул билимиңиз сизди ушул намаз маселесинде аалым(!) кылып коёт. (Мында башка маселелер тууралуу кеп кеткен жок, маселен, сиз нике маселесин билбесеңиз, анда ал жаатта аалым эсептелбейсиз, бирок, ушул намаз жаатында аалым эсептеле бересиз). Демек, намаз билбеген адамдарга аны үйрөтүү сизге фарз болот, ушул эле учурда, сиз адамдарга намаз үйрөтүүгө акылуу даъватчы эсептелесиз.

Амру маъруф ва нахий мункар да – даъват сыяктуу эле – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз. Анын фарз экендигине далалат кылган аят-хадистер да абдан көп о.э. анын фарз экендигинде да уламалар ортосунда талаш жок т.а. ал катъий өкүм.

Кайсы бир мусулман фарзды аткарбай жатса же харамды кылып жатса, аны фарзды аткарууга буйруу, харамдан кайтаруу – амру маъруф ва нахий мункар деп аталат б.а. жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруу мына ушул болот.

Расулуллох (салаллаху алайхи вассалам) айтты: «Бани Исроилге эң оболу кирген кемчилик мындай эле, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланча, Аллахтан корк, бу кылып жаткан ишиңди ташта, анткени, бу нерсени кылуу сен үчүн адал эмес» дейт эле. Эртеси күнү кайра аны менен учурашкан учурда аны дагы деле ошондой абалында көрөр эле. Бирок, бу нерсе аны менен бирге ичип-жештен, бирге олтуруудан кайтарбайт эле. Алар ушундай кылышкан соң, Аллах алардын айрымдарынын дилдерин айрымдары менен урду». Андан соң, Расулуллох (салаллаху алайхи вассалам) ушул аятты тилават кылды:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ ۩ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ ۩ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ ۩ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ ۩

„Бани Исроилден каафир болгон кишилер Даавуд жана Ийса ибни Марям тилинде лаанатталган. Буга себеп, кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары болду. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бу кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардан көптөрү кафир болгон кишилерди дос тутканын көрөсүң. Аларга нафистери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын каарын алып келди. Эми алар түбөлүк-абадий азапта калуучулар. Эгер Аллахка, Пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды  дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардан көптөрү фаасык кимселер“. [5:78-81]

Андан соң мындай деди: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармайсыңар жана аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах айрымдарыңарды айрымдарыңардын дили менен урат, анан аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам) дагы бир хадисинде мындай деди: «Силерден кимде-ким бирер мункарды көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Эгер (колу менен) кайтара албаса, тили менен (кайтарсын). Эгер (тили менен да) кайтара албаса, дили менен (инкар кылсын т.а. ыраазы эместиги ар бир аракетинен, көрүнүшүнөн билинип турсун). Бул болсо эң алсыз ыйман болот».

Даъват о.э. изги иштерге буйруу жана мункар иштерден кайтаруу фарз амалдар болгон соң, демек, аларды кылбай жаткан адамдар ал фарздарды аткарууга буйрулушу керек. Ал эми, кимдир бирөө алардын аткарылышына атайлап тоскоолдук кылса, куфр ишин кылган болот. Ал тоскоолдук кылуучулар нахий мункар кылынышы фарз. Ал тургай, падыша болсо да нахий мункар кылынат жана анысы үчүн өлтүрүлгөн киши шахиддик даражасында болот.

Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам) айтты:

«Шахиддер саййиди – Хамза ибн Абдулмутталиб жана залим султанга каршы туруп, аны (маъруфка) буйруп, (мункардан) кайтарган, натыйжада ошол залим султан тарабынан өлтүрүлгөн  киши».

Эгер адамдар амру маъруф ва нахий мункарды ташташса, анда акыреттеги азаптан мурун Аллахтын бу дүйнөдөгү жазасын да күтө беришсин. Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам) айтты:

«Жаным колунда болгон Затка ант, маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар. Болбосо Аллах үстүңөргө өз алдынан жаза жиберет. Кийин дуа кыла бересиңар, (лекин) аны кабыл албайт».

Демек, мусулман адам бир мункар ишти көрсө жана ушул иштин мункар экендигин билсе, анын ушул билиши – анын ушул иште аалым экендигин билдирет. Ошондуктан да, ал бул мункардан кайтарууга укуктуу аалым эсептелет. Качан ошол мункар жоюлмайынча андан кайтаруу – анын мойнундагы фарз болот. Бул үчүн Аллахтын алдында жооп берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here