Амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган учурда аларга баш ийүүнүн арамдыгы

37
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган учурда аларга баш ийүүнүн арамдыгы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахихине” берген шархында “Күнөөдөн башка иштерде амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган  учурда аларга баш ийүүнүн арамдыгы” бөлүмүндө айтат:

حدثنا يحيى بن يحيى أخبرنا المغيرة بن عبد الرحمن الحزامي عن أبي الزناد عن الأعرج عن أبي هريرة عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “من أطاعني فقد أطاع الله، ومن يعصني فقد عصى الله، ومن يطع الأمير فقد أطاعني، ومن يعص الأمير فقد عصاني

Бизге Яхья бин Яхья Абу Хурайрадан риваят кылды. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Ким мага моюн сунса, Аллахка моюн сунган болот. Ким мага баш ийбесе, ал Аллахка баш ийбеген болот. Ким амирге баш ийсе, ал мага баш ийген болот. Ким амирге баш ийбесе, ал мага баш ийбеген болот”.

“Ким мага моюн сунса, ал Аллахка моюн сунган болот, ким менин амириме баш ийсе, ал мага баш ийген болот” дегендин мааниси, Аллах Таала Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)га моюн сунууну буйруган. Ал Зат (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) амирге баш ийүүнү буйруду. Ошондуктан бай ийүү жанма-жан жүрөт.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул диндин улуулугу анын акыйдасында жана өкүмдөрүндө. Бул акыйда жана өкүмдөр жашоодо колдонулса, аны колдонгондорду кубандырат жана канааттандырат. Ал өзүнүн инсандыгын сезип, баалуулуктардын тепкичинде алга жылып, канааттуу инсан болот. Буга ислам тарыхыбызда миңдеген мисал бар. Мусулмандар Ислам өкүмдөрү астында жашашты, анын көлөкөсү менен ырахаттанышты жана анын түшүмүн жыйнашты. Бул доордо тынчтык жана кадыржамдык бар эле. Бул алардын дин менен жашап өткөндүгүнүн белгиси. Ошондуктан алар чыгармачылык менен алектенип, бизге фикх, усул, тил, илим жана башка көптөгөн кенчтерди калтырышты…

Эй мусулмандар!

Булардын баары баш ийүү болбосо ишке ашмак эмес. Ооба, бул моюн сунуунун натыйжасы. Учурда мусулмандарга жетишпей жаткан нерсе да ушул. Бул алардын жеңишинин сыры. Асыл хадисте Аллахка моюн сунуу менен Пайгамбарга  (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана бийлик ээлерине моюн сунуунун ортосунда сонун байланыш бар. Бийлик ээлерине моюн сунуу Аллахка жана Пайгамбарга моюн сунуу. Ал эми бийлик ээлерине баш ийбөө Аллахка жана Пайгамбарга баш ийбөө.

Бирок азыр баш ийүүбүз важиб болгон амирлер кайда? Албетте, алар жок. Бүгүнкү күндө мусулмандарды башкарган адамдар амир катары эсептелбейт. Себеби алар үммөт алсыз болуп турган чакта бийликти күч менен, каапыр кожоюндарынын колдоосу менен басып алышкан. Тагыраак айтканда, алар кылмышкерлер. Алар үммөттү Аллах түшүргөндөн башка нерсе менен башкарышты. Британиянын, француздардын жана америкалыктардын мыйзамы менен өкүм кылышууда. Биздин айтып жаткандарыбызга ушул күндөрдө көргөндөрүбүздүн баары ачык далил. Мисалы, революциялар болгон жерлерде  ислам үммөттү бул башкаруучулар тарабынан өлтүрүлүштү. Демек, бүгүнкү күндө үммөттүн алдында чоң милдет турат. Тактап айтканда, Аллах түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кылуучу бийлик ээсин табуу жана аны дайындоо. Аллах Таала Өзүнүн китебинде мусулмандарга кайрылып:

” وأطيعوا الله وأطيعوا الرسول وأولي الأمر منكم “

 “Аллахка моюн сунгула, Пайгамбарга жана араңардагы бийлик ээлерине моюн сунгула”, деген. Демек, баш ийүүнү талап кылган өкүм парз бойдон кала берет. Ал шарият менен башкарган бийлик ээси жок болгонуна байланыштуу жокко чыгарылбайт жана токтоп калбайт. Ошондуктан, мусулмандар баш ийүү важиб болгон бийлик ээсин табуу жана дайындоо үчүн аракет кылууга милдеттүү. Буга кошумча “Важиб эмне менен ишке ашса ал да важиб” деген коида бар. Ошондуктан тургула, эй мусулмандар! Бул өкүмдү табуу үчүн аракет кыла электер, бул чоң милдетти табуу үчүн ак ниет, аң-сезимдүү амал кылуучулар менен бирге амал кылууга шашылгыла. Биз Аллахка жана Анын Элчисине бийлик ээсин табуу жана Ага моюн сунуу менен баш иебиз.

Оо Аллахым, муну бизге тездет жана бизди айтылган сөздү угуп, анын эң жакшысына ээрчигендерден кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 3-жуммаду уула.

2024-ж, 5-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here