Ажырым күчөгөн Америкадагы шайлоо
Дүйнөгө лидерлик макамын сактоо үчүн жан аракетин көрүп жаткан Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоого республикачылардын атынан мурдагы президент Дональд Трамп катышып, 6-ноябрда өз жеңишин жарыялады. Ага 300гө жакын шайлоо коллегиясынын мүчөлөрү добуш берген. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн 270 өкүлдүн добушу жетиштүү. Ал эми Демократтардын атынан учурдагы вице-премьер министр Камала Харис ат салышкан. Ал шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, Трампты куттуктады.
Дүйнөдөгү эң ири капиталисттик өлкө болгон Америка саясий системасында атаандаштык эки партиянын ортосунда гана жүрөт. Бул эки партия тең шайлоо учурунда капиталисттик компанияларга таянат. Тандоону эл эмес ири капиталисттик компаниялар жасайт. Мындан белгилүү болгондой, ири компаниялардын ээлери Америка элин тигил же бул талапкерди шайлоого багыт берип турат. Сыртынан караганда бийлик элге таандык болуп көрүнгөнү менен турмуш чындыгында бийлик кайсы бир талапкерди колдоо үчүн миллиарддаган долларларды сарптай ала турган ири компанияларга таандык. Муну акыркы шайлоодо үгүт иштерине коротулган каражаттын рекорддук чекке 15,9 млрд долларга жеткени да тастыктап турат. Салыштыруу үчүн айтсак, Трамп менен Клинтондун 2016-жылдагы жарышында шайлоо кампаниясына 6,5 млрд доллар каражат коротулган. Аталган шайлоодо Клинтон жалпы элдин көпчүлүк добушуна (60 556 142) ээлик кылган. Бирок шайлоочулар коллегиясында 232 добушка гана ээ болгон. Ал эми Трамп жалпы элдин азыраак добушуна (60 116 240) ээлик кылды. Бирок шайлоочулар коллегиясында 306 добушка ээ болду. Мындан көрүнүп тургандай, Америкадагы шайлоодо калктын эмес, шайлоочулар коллегиясынын добушу маанилүү.
Америка системасы көптөгөн мекемелер аркылуу көзөмөлдөнүп барылат, алардын ар биринин күчөп, алсызданып тура турган ыйгарым укуктары бар. Мунун себеби, эки партиянын жаралуу дооруна барып такалат. 1828 – жылы Демократия партиясы ири айыл-чарба өндүрүшчүлөрдүн акысын коргоо максатында түзүлдү. Бул партия Түштүк Америка, Африка жана башка аймактардан ташылган кул ээлерине таянган. Ошондуктан, арзан күч жумушуна, экспорттук товарга көбүрөөк басым жасаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун артынан Америка эл аралык саясатта лидерлик макамга чыкты. Демократтар таянган капиталисттер өндүрүштү жумушчу күчтөрү арзан болгон Кытай, Индия сыяктуу өлкөлөргө ташып чыга баштады. Натыйжада, демократтардын кызыкчылыктары өзгөрүп, бийликке келген мезгилдерде бажы төлөмдөрүн азайтуу, өлкө ичиндеги капиталисттерге карата салыкты көбөйтүү жолун карманды. О.э демократтар технологиялык компаниялардын кожоюндары менен жакшы ымалада болуп, үгүт иштеринде, коомдук пикирди бурууда ушул компаниялардан майнаптуу пайдаланып келет. Айрыкча, өткөнкү шайлоодо коронавирус жана карантиндик чектөөлөр себептүү бул компанияларга түзүлгөн жагымдуу шарттар алардын капиталы эселеп өсүшүнө алып келди. Мисалы, «Амазон» сыяктуу компаниянын кирешеси жана компаниянын базардагы баасы өтө жогорулады. 24 саат ичинде 6 миллиард доллар киреше тапкан деңгээлге жетти.
Республикачыл партия «демократия» деп эле айкыра бергенди анча жактыра бербейт. Ал көбүнчө текебердик, кекирейүү жолун тутунат. Республика партиясы Америкада эт, тери өндүрүшү жанданып, бул тармактагы сооданын өсүүсү артынан 1854-жылы түптөлгөн. Кийин мунай жана энергетика компаниялары, курал-жарак өндүрүүчү ири ишканалардын кызыкчылыктары ушул партияда бириге баштады. Анткени, бул тармактагы капиталисттердин кызыкчылыктары демократтардан айырмаланат. Республика партиясы ири компанияларга салыктарды төмөндөтүү жана социалдык чыгымдарды азайтуу багытында иш алып барат. Анткени, республикачылар өлкө ичиндеги курал-жарак, мунай компанияларынын ээлерине таянат. Ошондуктан, Трамп башкаруусу учурунда мунай магнаттарын колдоо иретинде Американы Париж келишиминен чыгарды. Ал жумуш орундарын түзүүнү шылтоолоп компанияларга салынган салыктарды кескин азайтты. Алардын өндүрүшүн колдоо максатында Европа жана Кытайдан келген товарларга бажы төлөмдөрүн кескин көбөйттү. Трамп мындай аракети менен мамлекет ичинде өзүнө каршы ырайымсыз душмандарды пайда кылып жатканын аңдабады.
Натыйжада, Америкадагы капиталисттер эки лагерге бөлүндү: Биринчисинде Демократиялык партиянын өкүлү болгон технологиялык компаниялар үстөмдүк кылууда. Экинчисинде Республикалык партияны жактаган мунай жана энергетикалык компаниялар үстөмдүк кылат. Бул эки лагерь дагы да бөлүнүүгө даярданууда. Башкача айтканда, АКШнын штаттарындагы бөлүнүүлөрдө да, талапкерлердин артында турган ири компаниялардын кызыкчылыгында да ушул бөлүнүүлөр көрүнөт. Бул компаниялар өз пландарын саясатчылар аркылуу ишке ашыргандыктан, саясатчылардын арасында да кескин бөлүнүү байкалды.
Муну менен катар Америка штаттарынын ортосундагы ажырым күчөдү. Демократтар көзөмөлдөгөн штаттар мунай компанияларына каршы мыйзамдарды кабыл алышты. Мисалы, Калифорнияда абанын булгануусун нөлдүк деңгээлге түшүрүү жана 2035-жылга чейин электр унааларына толук өтүү мыйзамы кабыл алынды. Ал эми, мунай компаниялары көзөмөлдөгөн Техас сыяктуу штаттар «жашыл» өнөр-жай ишканаларын, башкача айтканда, абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу саясатын жүргүзгөндөрдү кара тизмеге киргизишти.
Эми, шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизген жагдайларга токтолсок, шайлоо алдында Илон Маск сыяктуу технология тармагындагы гиганттар бул ирет республикачыларды колдоп чыкты. Ошондой эле, 1970-жылдан бери демократ талапкерлерди колдоп келген, миллиондогон катталуучусу бар “Волт Стрит” журналы бул шайлоодо бейтарап позицияны карманды. Буга журналдын ээси миллиардер Джеф Безостун чечими негиз болгон.
Кийин республикачылар – демократтардын башкаруу доорунда Американын эл аралык майдандагы даражасы түшүп кетти, ошондуктан, аны куткарып калуу үчүн ал өзгөрүүлөргө муктаж деген маанайды жаратышты. Мисалы, Трамп президент болсо Украина жана Палестинадагы согушту бир күндө токтотуп коерун жар салды. Кийин яхудий лоббилеринин добуштарына ээ болуу аракетин ишке салышты. Мына ушул жагдайлар америкалыктардын маанайын Трамптын пайдасына өзгөрүүгө түрткү болду.
Эми Трамптын президенттик доорунда күтүлгөн жагдайларга токтолсок, Трамп өз стратегиясын “Долбоор 2025” негизинде жүргүзүшү күтүлүүдө. Документти Вашингтондогу оңчул “Heritage Foundation” аналитикалык борбору “көмүскө бийликти жок кылуу” аталышында иштеп чыккан. Иликтөөлөр аталган долбоордо Трамптын мурдагы администрациясында иштеген кеминде 140 киши иш алып барганын көрсөткөн. «NPR» сайты ачыкташынча, долбоор планы 920 беттен туруп, төрт негизги факторго негизделет: саясий күн тартип, кадрлар, тренинг жана 180 күндүк аракет планы.
Трамптын администрациясындагы мурунку расмийлер жетектеп жаткан бул долбоордо миңдеген мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алуу, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү о.э. ири компанияларга салыктарды кеңири көлөмдө жеңилдетүүнү киргизүү каралган. Бул жагдай оңчул элиталар Американы тышкы саясатта эле эмес, ички саясатта да эркиндик багыттарына зыян жеткирген диктатурага айланта алышынын белгиси.
Корутундулап айтканда, империялардын кыйрашы жана начарлашы адатта капыстан болбойт. Кыйроонун себептери жогорудагы ажырымдардын күчөөсүнөн ачык көрүнө баштады. Америка эбак эле бул кыйроо жолуна кирген. Бул курулай кыял же жөн гана арзуу эмес. Жада калса, көптөгөн америкалык идеологдор да муну айтып, Американын кыйроосу жана кулашы жөнүндө көптөгөн китептерди жазышкан. Бирок, Американы чыныгы кыйроодон эл аралык майданда дүйнө лидерлиги үчүн аны менен күрөшкөн идеологиялык мамлекет жоктугу сактап турат. Бул идеологиялык мамлекет жакында Аллахтын жардамы менен тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети болот.
Аллах Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер Аллахка нусрат берсеңер, Ал да силерге нусрат берет жана кадамыңарды бекем кылат» [47:7].
Мумтаз Маверанахрий