Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?
Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт. Президенттин администрациясы билдиргендей, бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтмөкчү.
Саммиттин алкагында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.
Саммитке Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жетекчилери жана уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн жетекчилери катышат.
Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы түзүлүп, 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан тарта Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет.
Комментарий:
Түрк мамлекеттер уюмунун негизги максаты түрк элдерин бириктирүү менен Борбор Азия өлкөлөрүн Орусия менен Кытайдан алыстатуу болуп эсептелет. Мындай саясат Американын кызыкчылыгы үчүн уюмга агалык кылып жаткан Түркия аркылуу жүргүзүлөт. Бул уюм аркылуу Эрдоган ички саясатта калктын улутчулдук туйгуларын козгоо аркылуу колдоосуна ээ болууга аракет кылат. Тышкы саясатта АКШнын Борбор Азиядагы таасири артышына арык чаап берет. Айрыкча, Украина согушунун артынан Борбор Азия аймагынын стратегиялык мааниси артып барууда. Мындан улам, аймактагы өлкөлөр көп векторлуу саясат шылтоосу астында Батыш менен кызматташтыкты аста-секин күчөтүп жатат. Айрыкча, Орусияга киргизилген санкциялардан качуу үчүн альтернативдүү соода жолдорун издеп, Түркия аркылуу Батыш менен кызматташууга кызыктар.
А бирок, турмуш чындыгында бардык колонизаторлордун максаты бир. Алар алсыз өлкөлөрдү колония кылуу менен байлыктарын талап-тоноону, калкын арзан жумушчу күчү катары пайдаланууну гана каалашат. Ал эми, Түрк мамлекеттери уюму эч качан мусулмандар жөнүндө кайгырбайт жана аларды коргоого эрки жетпейт. А түгүл, Кытайдын зулуму астында эзилип жаткан түрк тектүү уйгур мусулмандарын коргоп чыгууга да даай алышпайт. Бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн ар бири буга чейин эле Кытайдын уйгур бир туугандарыбызга карата заалим саясатын Кытайдын ички иши экенин бир ооздон билдиришкен. Палестина маселеси боюнча куру ураандарды айтып, айыптоочу билдирүүлөрдөн ары өтө алышпайт.
Демек, мусулмандар ар бир окуяга өз акыйдасынан келип чыгып жандашуусу шарт. Башкача айтканда, биригүү шариятыбыз тыюу салган улутчулдук, түркчүлүк негизинде эмес, бүткүл адамзатка тарактын тишиндей тегиз караган Ислам негизинде болуусу керек.
Андыктан, биз мусулмандар, бүгүнкү эл аралык майдандагы эч бир уюмду тан албашыбыз керек. Анткени, алардын баары жогорудагы империалист мамлекеттердин, же алардын биринин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Тескерисинче, биз бул уюмдардын ордуна, мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт! Мына ушул мамлекетте бир тууган мусулман мамлекеттеринин арасында чек ара тосугу маселеси калбайт. Тескерисинче, бардык мусулман өлкөлөрү адилеттүү амирдин кол астында ар кандай коркунучка каршы бир денедей күрөш алып барышат! Бул мамлекет кооз сөздөргө, улутчулдукка же башка баалуулуктарга негизделбейт. Тескерисинче, Алланын шариатына негизделип, Анын өкүмүн дароо орундатууга киришет. Мына ошол учурда, бүгүн Ислам жерлерин талап-тоноп, мусулмандардын канын суудай агызып жаткан каапырлар өз аргасын издей турган учур келет. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар каапырлардын айла-амалына, саркынды улутчулдук пикирлерине алданбастан, Исламий мамлекетти тикелөө жолунда аракет кылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий