Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы

16
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы

 Устаз Асъад Мансур

БРИКС саммити Россия өкүмдарлыгы астында болгон Казан шаарында 2024-жылы 22-24-октябрь күндөрү жаңы мүчөлөрдүн катышуусунда өттү. БРИКС 2023-жылы 22-24-август күндөрү Түштүк Африкада өткөн мурунку саммитте 2024-жылы 1-январдан баштап 6 жаңы мамлекетти мүчө кылуу сунушун жарыялаган. Алардын арасында мүчө болууну расмий жарыялабаган Сауд Арабиядан тышкары Мисир, Эмираттар, Эфиопия жана Аргентина бар. Аргентинанын Америка жана яхудий вужуду менен кызматташып жаткандыгы менен мактанып 2023-жылы 19-ноябрда бийликке келген жаңы президенти Хавьер Миле БРИКСке мүчө болууну сураган мурунку президент Фернандестен айырмаланып мүчө болууну четке какты.

Россия президенти Путин 22 мамлекеттин башчыларын жана өкмөт жетекчилерин кабыл алды. Эске салсак, саммитке 36 мамлекет катышты. Кремлдин маалымат катчысы саммит Россия үчүн «тышкы саясаттагы эң ири окуялардын бири» деп сүрөттөдү. Путин 2022-жылы февралда Украинага чабуул кылгандан кийин ага жана өлкөсүнө карата Батыштын изоляциясын бузууга аракет кылууда. Батыш мамлекеттери аны бузгунчу деп атап, Эл аралык кылмыш соту аны камакка алуу үчүн ордер берген. О.э. ал көптөгөн дүйнө мамлекеттери аны колдорун, ага каршы эместигин жана алар Батыш менен эместигин далилдемекчи. Америка жетектеген Батыш, айрыкча, аны коркуткан жана дүйнө жетекчилигин Америка менен тең бөлүшкөн Советтер Союзу 1991-жылы кулагандан кийин өзүнүн текебердигин көрсөтүп, дүйнөгө өкүмдарлыгын орноткон.

Путин бул жасалма кадыр-баркты кайра тикелөөгө аракет кылууда. Ал муну саммиттин катышуучулары алдында жарыялап: «Көп уюлдуу дүйнө тартибин калыптандыруу жараяны уланууда», – деди. Ал: «Шексиз, БРИКС менен мамилелерди бекемдөөдө дүйнөнүн түштүгү жана чыгышындагы мамлекеттердин болуп көрбөгөн кызыгуусун этибарсыз калтыруу жаңылыштык болот», – деп Батыштын текебердигине ишара кылды жана 30дан ашуун мамлекет БРИКСке мүчө болмокчу экендигин баса белгиледи. Ал Россиянын эл аралык уюлга айланышы жана дүйнө көп уюлдуу болушу туурасында көздөгөн максатына жетүү үчүн Батышка өз ийгилигин көрсөтүүгө аракет кылууда.

Ошондуктан, Россиянын «Независимая газета» басылмасы 2024-жылы 23-октябрда мындай деп жазды: «Россиянын көз карашынан алганда, БРИКС Дүйнөлүк Түштүк мамлекеттерин өзүнө тартат. Себеби, ал Батыштын диктатурасына негизделген эл аралык мамилелердин эски моделин четке кагат». Ал минтип кошумчалады: «Башка мамлекеттер, өзгөчө, Бразилия жана Индия бул аракеттерди олуттуу колдоп-кубаттабайт. Себеби, алар БРИКСтен демократияны жана эски дүйнө тартибин оңдоо үчүн пайдаланмакчы». Т.а. мындай мамлекеттерди өз ичине алган БРИКС тобу Батыш диктатурасын кулатууда ийгиликке жетүүсү кепилденбеген.

Саммитте БРИКС тобун дүйнөлүк масштабга чыгаруу үчүн эл аралык проблемалар, азык-түлүк коопсуздугу жана энергиянын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо проблемасы сыяктуу экономикалык проблемалар, Жакынкы Чыгыш проблемасы сыяктуу саясий проблемалар талкуууланды.

Батыш Россия БРИКСти G7ге окшогон экономикалык жана саясий жактан таасирдүү топко айлантууга аракет кылып, Батышка каршы коюу үстүндө иштеп жатканын билет. Ошондуктан, Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министри Свенье Шульце: «Путин өзүн Казандагы Батышка каршы топтун жетекчиси катары көрсөтүүгө урунууда», – деди. «Путиндин лагерлерге бөлүүгө негизделген көз карашы эскирген», – деди ал. Германия Батыштын гегемондугуна – айрыкча, дүйнөлүк сахнада мамлекет катары көөдөлөнгөн Ислам жок убакта – эч ким ага каршы чыкпашын каалайт.

Россиянын экономикалык максаттары да бар, ал ушул максаттарды өткөн саммитте алга сүрүүгө урунган. Мисалы, ал дүйнөлүк соода жана финансылык операциялар үчүн негизги валюта жана көптөгөн мамлекеттер үчүн запас эсептелген долларга, еврого атаандаш БРИКС тобунун валютасын чыгарууну көздөп жатат. Мурунку саммитте да, азыркы саммитте да өз ара соода айырбаштоону жергиликтүү валюталар менен жүргүзүү сунушун эсепке албаганда, БРИКС бул тармакта алдыга кадам таштай албады.

Россия топтогу Бразилия, Индия жана Түштүк Африка сыяктуу негиздөөчү мүчө мамлекеттер аны менен бирге Америка жана Батышка каршы турууну каалабашын билет. Бул мамлекеттердин кээ бирлери доллардан баш тартууну четке кагышкан болсо, кээ бирлери БРИКС валютасын чыгарууну четке кагышты. Андыктан, ал Батышты ээрчиген мамлекеттерди жаңы мүчө катары кантип кошту?!

Муну менен бирге, топтун кээ бир мүчөлөрү, айрыкча, Индия менен Кытайдын ортосунда душмандык даражасына жеткен олуттуу келишпестиктер бар. Ал тургай, алардын ортосунда чегарада кагылышуулар болгон. Ошондо Америка Индияны Кытайга каршы тукурду, Кытай болсо тынчтанууга урунду.

Кытай Америка жетектеген Батыш менен да, аларды ээрчиген мамлекеттер менен да карама-каршылыкка кирүүнү каалабайт. Тескерисинче, алар менен мамилелерди бекемдөөгө аракет кылат. Кытай башчысы Си: «Пекин менен Москванын мамилелери үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталбаган», – деди. Кытай Россия тарапта туруп, Батыш менен мамилелерди курчутууну же ага каршы турууну каалабайт. Ошондуктан, ал Россиянын Украинага каршы согушунда аны менен союз түзүүдөн жана аны курал-жарак менен камсыздоодон баш тартты.

Бул нерселер БРИКС тобун Батыштын алдында начарлатат, Россия менен Кытайдын аракеттерин артка сүрөт. Себеби, бул эки мамлекет өздөрүн Америка жана Европа менен бирге дүйнөүнүн жетектөөгө катышкан кезектеги эки дүйнөлүк уюл катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Мындай түзүлүштөгү БРИКС өтө назик жана өз ара шайкеш эмес. Анын көпчүлүк мамлекеттери саясий жаткан Батышты ээрчийт жана алардын Батыш менен экономикалык алакалары күчтүү. Алар Батыштын гегемондугунан чыгууга умтулушпайт. Ошондуктан, Россиянын аракеттери ийгиликсиз болуп эсептелет. Бирок, ал өз калкынын рухун көтөрүү, өзүнүн регионалдык жана эл аралык таасирин бекемдөө үчүн өзүн ийгиликтүү жана дүйнөнүн бир бөлүгүн башкарып жаткандай кылып көрсөтүүгө аракет кылууда.

Ошондуктан, негизи начар БРИКС тобу аркылуу Батыштын гегемондугунан кутулуу кыйын. Ушул себептен улам, ага, айрыкча ал анык максаттарга негизделбегени үчүн, көп эле ишенип болбойт. Тескерисинче, ал капиталисттик системанын алкагында иш жүргүзөт. Анын Батыш гегемондугуна каршы чыгышы принципиалдуу жана олуттуу эмес. Эгер Батыш Россия менен мунаса кылып, аны кайра G7ге киргизсе, Батышка каршы бардык каршылыктардан баш тартат жана 2014-жылы G7ден чыгарылышынан мурун болгондой, Батыштын адилетсиз саясатын белгилөөгө катышат. Ал тургай, ал коммунисттик мабданы көтөрүп чыккан Советтер Союзун туюнткан доордо да дүйнөнүн проблемаларын чечүүдө жана капиталисттик түзүмдү кулатууда ийгиликке жетпеген. Тескерисинче, ал Америка менен дүйнөнү бөлүшүп, калктарды, айрыкча, анын өкүмдарлыгы астындагы калктарды кыйратууга жана Коопсуздук Кеңешинде Батыш менен бирге катышты.

Батыштын текебердигинен чыгуу о.э. мурунку жана азыркы тарыхы Батыштан айырмаланбашын көрсөткөн Россиянын зулумунан чыгуу үчүн бир альтернатива, кала берсе, дүйнө проблемалары үчүн түпкү чечим керек. Бул, албетте, мамлекетте көөдөлөнгөн Ислам аркылуу болот. Бул мамлекет Исламды колдонуп, 13 кылым болгондой Исламды дүйнөгө рисалат катары көтөрүп чыгат.

 Роя гезити, №519, 2024-жыл, 30-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here