بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Трамп менен Харристин шайлоо алдындагы дебатына назар
2024-жылы 10-сентябрда «ABC News» телерадиокомпаниясы уюштурган Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер мурунку президент Дональд Трамп менен Демократтар партиясынан талапкер вице-президент Камала Харристин шайлоо алдындагы баштапкы дебаты болуп өттү. Көптөгөн телекөрүүчүлөрдүн күзөтүүсү астында өткөн бул талкуу эки талапкерге кескин шайлоо жарышында өзүнүн позициясын бекемдөө үчүн ыңгайлуу мүмкүчүлүк болду. Т.а. бир нече маанилүү штаттарда мөөнөтүнөн мурун добуш берүү алдында жана америкалык шайлоочулардын добуш берүүсү пландалган ноябрда өтчү шайлоого эки ай калганда ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болду. Дебатта негизги этибар аборт, миграция саясаты, экономика, Газа жана Украина согуштары о.э. АКШнын Афганистандан чыгышынын акыбеттери сыяктуу маанилүү маселелерге каратылды. Бул дебат каралышы талап кылынган айрым маселелерди көрсөттү:
Биринчи: дебат жакшы ыкма болуп, талапкерлерге өз мүнөзүн көрсөтүү, шайлоо программасын сунуштоо жана шайлоочулар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берсе да, бирок, ал Батыш өлкөлөрүндө, айрыкча, Америкада талапкерлердин жүрүм-туруму себептүү баркын жоготуп жатат.
Түпкүлүгүндө, дебатта ар бир талапкер талаш-тартышуудан, каршы үгүттөн жана жекеликке асылуудан качып, өзүнүн программасын сунушташы жана мүнөзүн көрсөтүшү керек. Дебатта ар кандай талапкер орчундуу проблемаларга эң туура чечимди сунуштап, калкты өнүктүрүүгө жана саясий тартипти бекемдөөгө салым кошуу вазыйпасын аткарышы зарыл. Бирок, Харрис менен Трамптын талкуусу провокациялык спектаклге айланып, негизги максат атаандашты ката кетирүүгө мажбурлоо болду. Бул болсо терс көрүнүш гана болуп калбастан, тараптардын жекелик да, партиялык да даражада бири-бирин жок кылуу каалоосун көрсөтөт. Мындай мамиле талкуу элдин кызыкчылыгына жана саясий түзүмгө эч кандай тиешеси болбогон шерменде шоуго айланышына алып келди.
Эгер талапкерлердин ачык-айкын программасы жана толук кандуу саясий долбоору болгондо алар бири-бирин сындоого эмес, конструктивдүү талкууга көңүл бурушмак. Атаандашынын аброюн түшүрүүгө каратылган мындай мамиле эки талапкер тең начар жана даяр эместигин тастыктайт.
Экинчи: Харрис өтө маанилүү маселени көтөрдү. Ал Трампты «Америка бийлигинин системасын кайрадан түзүү планы» болгон 2025 долбооруна байланышы бар деп айыптады. Трамп болсо муну четке какты. Белгилүү болгондой, бул долбоор консервативдүү күн тартибин алга сүргөн Вашингтондо жайгашкан «Heritage Foundation» изилдөө борбору тарабынан жарыяланган.
«NPR» веб-сайты ачыкташынча, «Долбоор планы 920 беттен туруп, АКШнын кийинки бийлиги кандай болушу керектигин, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү туурасында о.э. партияга берилгендик кылган адамдарга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн федералдык жумушчу күчтү реформалоо жөнүндө консервативдүү пикирди сунуштайт». О.э. веб-сайтта «Долбоор Трамптын жеке планы эместиги, эгер ал шайлоодо жеңип чыкса, анын президенттик доорунда аткарылышы үчүн иштелип чыккандыгы» баса белгиленди. Андан мурдараак Байден өзүнүн тынчсыздануусун билдирген: «2025 долбоорунан ар бир америкалык коркушу керек. Себеби, ал Трампка күндөлүк жашообуз үстүнөн чексиз бийлик берет».
Долбоордун расмий веб-сайтында айтылгандай, ал «майнаптуу консервативдүү башкаруу» үчүн чөйрө жаратышы күтүлүп жаткан төрт негизги факторго негизделет: саясий күн тартип, кадрлар, тренинг жана 180 күндүк аракет планы.
Долбоордо аткаруу бийлигин масштабдуу реформалоо туурасында кеңири баян кылынган, алардын катарында порнографияны кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ага тыюу салуу, соода жана таалим министрликтерин бекер кылуу, аборт таблеткаларын сатууну токтотуу сунушталган.
О.э. долбоордо – «Нью-Йорк Таймс» газити кабарлашынча – Мексика менен чектеш чегарага «камакка алууга жардам берүү» жана миллиондогон мыйзамсыз мигранттарды массалык түрдө депортациялоо үчүн АКШ армиясын киргизүү колдоого алынган.
Трамптын администрациясындагы мурунку расмийлер жетектеп жаткан бул долбоордо миңдеген мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алуу, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү о.э. салыктарды кеңири көлөмдө жеңилдетүүнү киргизүү каралган.
Трамп дебатта мындай деди: «Мен «2025» долбоору жөнүндө эч нерсе билбеймин… Анын артында ким турганын да билбеймин. Мен алардын кээ бир пикирлерине кошулбаймын, алар мага күлкүлүү жана маанисиз туюлат».
Трамп жана анын жамаатынын долбоорго байланышына негизделип ушуну баса белгилөө мүмкүн, ал тургай кээ бир конституциялык маселелерди кайрадан карап чыгуу жана бийликти аткаруу бийлигинин пайдасына кайрадан бөлүштүрүү идеясынын өзү да жакындашып келе жаткан кооп-коркунучтан кабар берет. Бул жагдай оңчул элиталар Американы эл аралык деңгээлде эле эмес, ички деңгээлде да эркиндик багыттарына зыян жеткирген диктатурага айланта алышынын белгиси.
Үчүнчү: дебатты күзөткөн киши эч бир тарап кеңири көлөмдүү саясий долбоорду сунуштабаганын, саясий этибар бири-бирине асылууга, провокацияларга жана бири-биринен коргонууга каратылганын көрөт. Экономика, бажы тарифтери, алардын инфляцияга жана соода согуштарына таасири сыяктуу айрым саясий темалар гана талкууланды. Мисалы, Трамп «Газа жана Украинадагы согушту токтотмокчу» экендигин айтты. Бирок, Трамп бул кандай болорун, кимдин эсебинен болорун айтпады. Бул эсептелип чыккан саясий стратегиябы же кооптуу жана терс акыбеттерге алып бара турган саясий тобокелчиликпи?! Харрис: «(Газадагы) согуш аякташы керек. Ок атууну токтотуу жана туткунга алынгандарды азат кылуу зарыл. Газаны кайра тикелөө “эки малекет” чечимин талап кылат», – деди. Трамп АКШдагы яхудий жамаатын өзүнө тартууга аракет кылып: «Харрис (израилди) жаман көрөт. Эгер ал шайлоодо жеңсе, эки жылдан кийин (израиль) жок болуп кетет», – деди.
Корутунду катары ушуну баса белгилейбиз, империялардын кыйрашы жана начарлашы адатта капыстан болбойт. Кыйроонун өзүнүн себептери жана киришүүсү бар, бул көптөгөн факторлорго ылайык түрдүү убакыттарды алышы мүмкүн. Эмнеси болгондо да күн батып бара жатат. Америка эбак эле бул кыйроо жолуна кирген. Бул курулай кыял же жөн гана арзуу эмес. Жада калса, көптөгөн америкалык идеологдор да муну эбак эле айтып, Американын кыйроосу жана кулашы жөнүндө көптөгөн китептерди жазышкан. Бирок, Американын чыныгы кыйроосу эл аралык майданда дүйнө лидерлиги үчүн аны менен күрөшкөн идеологиялык мамлекет пайда болгондо болот. Бул мамлекет – жакында Аллахтын жардамы менен тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети.
Роя гезити, №515, 2024-жыл, 2-октябрь.