Макала

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Сахих аль-Бухариге” берген түшүндүрмөсүндө айтат:

حدثنا مسدد قال: حدثنا إسماعيل بن إبراهيم أخبرنا أبو حيان التيمي عن أبي زرعة عن أبي هريرة قال: كان النبي صلى الله عليه وسلم بارزا يوما للناس فأتاه جبريل فقال: ما الإيمان؟ قال: الإيمان أن تؤمن بالله وملائكته وكتبه وبلقائه ورسله، وتؤمن بالبعث قال: ما الإسلام؟ قال: الإسلام أن تعبد الله ولا تشرك به شيئا وتقيم الصلاة وتؤدي الزكاة المفروضة وتصوم رمضان. قال: ما الإحسان؟ قال: أن تعبد الله كأنك تراه فإن لم تكن تراه فإنه يراك، قال: متى الساعة؟ قال: ما المسئول عنها بأعلم من السائل وسأخبرك عن أشراطها، إذا ولدت الأمة ربها، وإذا تطاول رعاة الإبل البهم في البنيان، في خمس لا يعلمهن إلا الله، ثم تلا النبي صلى الله عليه وسلم: إن الله عنده علم الساعة، الآية، ثم أدبر فقال: ردوه فلم يروا شيئا فقال: هذا جبريل جاء يعلم الناس دينهم. قال أبو عبد الله: جعل ذلك كله من الإيمان.

Бизге Мусаддад Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылып айтты: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бир күнү адамдардын арасында отурганда ага Жабраил (а.с) келип: Ыйман деген эмне? – деди. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Китептерине жана Анын пайгамбарларына, Кайра тирилүүгө ишенүү”.  Жабраил (а.с)  айтты: Ислам деген эмне?  Ал айтты: “Ислам – бул Аллахка ибадат кылуу жана Ага эч нерсени шерик кылбоо, намаз окуу, фарз болгон зекетти берүү жана Рамазан орозосун кармоо”. Жабраил (а.с)  айтты: Ихсан деген эмне? Ал айтты: “Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу, эгер сен Аны көрбөсөң, Ал сени көрүп турат”. Жабраил (а.с) айтты: Кыямат качан? Ал айтты: “Бул жөнүндө суралган адам суроо берүүчүдөн ашыкча билбейт. Мен сага анын белгилерин айтып берем. Эне кожоюнун төрөйт, Аты-жыты белгисиз төөчүлөр бийик имараттарды курууга умтулат. Беш нерсени бир гана Аллах билет”.

Андан кийин Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Кыяматтын илими Аллахтын алдына деген аятты окуду. Андан кийин Жабраил (а.с) артына бурулуп туруп кетти. Пайгамбар (с.а.в): “Аны бери кайтаргыла”, -деди. Бирок алар (сахаабалар) эч нерсе көрүшкөн жок. Пайгамбар (с.а.в): “Бул Жабраил (а.с), ал адамдарга динин үйрөтүү үчүн келген”, – деди”. Абу Абдуллах: “Ал мунун баарын ыймандын  бөлүгү кылды”, – деди.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул хадисте көптөгөн улуу өкүмдөр бар. Ислам, ыйман, ихсан жана хадисте көрүнүп турган улуу иштер тууралуу айттылды. Ошондой эле, хадисте ойлонууга боло турган башка нерселер да бар. Мисалы, илим алуучунун адеби, илим алуучу мугалиминин алдында отуруусу. Мугалимдин окуучулар менен болгон адеп-ахлагы. Аларга жана алардын суроолоруна кичи пейилдик жана жумшактык менен жооп берүүсү. Ошондой эле билгенине гана жооп берип билбегенин билбейм деп айтуусу.

Эй мусулмандар!

Бул хадисте көңүл бура турган жана ойлонууга чакырган нерсе – бул ааламдардын Роббисинин бул өкүмдөрдү адамдарга үйрөтүүдөгү тандаган жолу. Жабраил (алейхи салам) түшүп, сахабалар менен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын ортосуна отуруп, андан сурады жана Ал жооп берди. Бул жерде суроо туулат. Мунун артында кандай акылмандык, даанышмандык жатат? Бул даанышмандык, Аллах Таала бул өкүмдөр адамдардан эмес, Өзүнөн экенин айткысы келгендигинде. Аллах Тааланын ыйман жана Ислам жөнүндөгү бул маанилердин өзгөчө жол менен жеткирилишин каалаганында. Расулулланын бул көрүнүш аркылуу үммөтүнө айткан сөзү сахабаларга жана алардан кийинкилерге чоң таасир калтырды. Балким, бүгүн биз бул өкүмдөрдү эстеп жатканыбызда Аны Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам)дын дилине түшүргөн Жабраил (алейхи салам)ды эстейбиз. Бул эскерүү Курани Каримди кайрадан үммөттүн жашоосуна  колдонуу үчүн кайтарууга көбүрөөк күч жана чечкиндүүлүк менен иш алып барууга түрткү берет.

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу  халифалыкты тездет. Оо Аллахым, Өз нуруң менен жер жүзүн жарык кыл! Амиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 26-робиус саани.

2024-ж, 29-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…

17 hours ago

Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!

Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…

2 days ago

Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!

Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…

2 days ago

Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда

Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…

2 days ago

Индия суу менен жабдуу тутумдарыбызга коркунуч туудуруп жатканда Пакистандын өкүмдарлары душман менен мамилелерди нормалдаштыруу үстүндө иштеп жатышат!

Басма сөз баянаты Индия суу менен жабдуу тутумдарыбызга коркунуч туудуруп жатканда Пакистандын өкүмдарлары душман менен…

2 days ago