Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде “Бардыгы эл үчүн жана жалаң Шариат стандарттары боюнча” деген ураан астында өткөрүлгөн жыйында Сауд Арабиядан алынган ипотекалык насыянын келечеги белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Өкмөтү Сауд Арабиядан 79 миллион доллар каражатты 1% кредит менен алып, ал акчага курулган батирлерди элге 8 % үстөк менен сатууну көздөп жатат. Кыргыз парламенти менен “Ислам банкынын” ортосунда “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча келишим түзүлүп, анын алкагында турак үйлөрдү куруу жана батирлерди ипотекага берүү каралган. Жеңилдетилген каржылоонун суммасы – 79 млн долларды түзөт.
Бул маселени талкуулоо учурунда депутаттар баштапкы макулдашууларда айтылбаган жаңы жагдайлардан улам үстөк пайыз 1 ден 8 пайызга чейин өсүп кеткени күтүүсүз болгонун айтышты.
Эске салсак, келишимге 2024-жылы апрелде Ислам Өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир жана Эр-Риядга иш сапары менен барган Кыргыз өкмөтүнүн министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев кол коюшкан. Кыргыз өкмөтү “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоорун колдонуу боюнча билдирүүлөрдү жар салышкан. Бирок бул каражаттарды алуудагы шарттарын ачыктаган эмес: “Бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында муктаж болгон миңдеген үй-бүлөлөр ипотекалык насыялоо системасы боюнча социалдык турак-жай алышат. Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана мамлекет башчысынын көзөмөлүндө турат”.
Ислам терминдерин колдонуу менен шариятка эч бир жагынан негизделбеген экономикалык айла-амалдарды, тек гана капиталисттердин манипуляциялык ыкмаларынан болгон жана жалаң гана пайда табуу үчүн Ислам коомунун туйгуларынан колдонуу үчүн ойлоп табылган буга окшогон келишимдердин акыйкатын мурун да түшүндүрүп өткөнбүз. Ошондой эле, “банк” сөзү менен “Ислам” сөзүн аралаштыруу аркылуу эл алдында бул түшүнүктүн сырткы көрүнүшүн кооздоп көрсөтүүгө аракет кылышууда. Бул аяттарда анык тыюу салынган түшүнүктөрдү бурмалоо экенин эстен чыгарбоо керек. Аллах Таала айтат:
“Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула эгер момун болсоңор, (мурун алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардан калганын албагыла. Эгер андай кылбаңар, анда Аллах жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула. Жана эгер тооба кылсаңар, (пайда кошулбаган) мал-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт“. (2:278-279).
Бардык банктар шариятта тыюу салынган акционердик коомдор болуп, киреше табууну гана көздөшөт. Алардын максаты адамдарды сүткорлуктун азабынан жана шариат тыюу салган амалдардан арылтуу эмес. Тескерисинче, Аллахтын мыйзамдарына каршы келген иш чараларга Исламий аталыш берүү аркылуу мусулмандарды адаштыруу жана өкүмдөрдү бурмалоо болуп саналат. Бул мекемелерди “Ислам банкы” деп сыпаттоо шариатка караманча-каршы келет. Алардын иштөө ыкмалары капиталисттик компаниялардан эч айырмаланбайт. Анын үстүнө, алар жарыя кылган инвестициялоо эрежелерине да дал келбейт.
Өкмөт “Ислам өнүктүрүү банкы”нан жакырлардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн сүткордукка негизделген бир пайыздык насыяларды сунуш кылганы аз келгенсип, турмуш чындыгында жок чыгымдарга жамынып алып үстүнө дагы жети пайыз кошуп киреше табууга аракет кылууда.
Мына өзүңүздөр күбө болгондой капиталисттик башкаруунун табияты ушундай. Ал пайда табуу үчүн өз элин алдоону кесип кылып алган. Элди туура башкарууга, алардын муктаждыктарын чечүүгө жараксыз система экенин жана өзүнүн ач көз табиятка ээ экендигин ар дайым тастыктап келет! Демек, эмнеге Ислам терминдерин колдонуп, Ислам коомун алдап, элди талап-тоноого аракет кылып жатышканын жогорку айла-амалдардан түшүнүп алууга болот.
Акыйкатта, мусулман коомуна Ислам менен башкарылган жана бардык каржы иштерин Шариат мыйзамдарына ылайык жүргүзгөн Ислам мамлекетинин гана көлөкөсүндө кам көрүлөт. Мына ушул мамлекетте гана реалдуу экономикалык жардамдар тартууланат. Шарият системасынын жана анын кепили болгон Халиф капиталисттердин амалкөйлүк кылып калктын мал-мүлкүн тоноосуна, калктын билип-билбей күнөөгө батуусуна жол бербейт. Мындай башкаруу сөзсүз түрдө үммөттүн бакубат жашоосуна кепилдик берет.
Латыфул Расых