Көп жегенди жек көрүү

15
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Көп жегенди жек көрүү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Тухфат аль-Ахвази Имам Тирмизийдин “Сунан”ына берген шархтын “Көп жегенди жактырбоо жөнүндө” бабында айтылат:

حَدَّثَنَا سُوَيْدُ بْنُ نَصْرٍ أَخْبَرَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ الْمُبَارَكِ أَخْبَرَنَا إِسْمَعِيلُ بْنُ عَيَّاشٍ حَدَّثَنِي أَبُو سَلَمَةَ الْحِمْصِيُّ وَحَبِيبُ بْنُ صَالِحٍ عَنْ يَحْيَى بْنِ جَابِرٍ الطَّائِيِّ عَنْ مِقْدَامِ بْنِ مَعْدِي كَرِبَ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: “مَا مَلَأَ آدَمِيٌّ وِعَاءً شَرًّا مِنْ بَطْنٍ بِحَسْبِ ابْنِ آدَمَ أُكُلَاتٌ يُقِمْنَ صُلْبَهُ فَإِنْ كَانَ لَا مَحَالَةَ فَثُلُثٌ لِطَعَامِهِ وَثُلُثٌ لِشَرَابِهِ وَثُلُثٌ لِنَفَسِهِ“.

Бизге Сувайд бин Наср Микдам бин Маьдий Карабдан риваят кылып айтты. Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин уктум: “Адам баласы ашказандан өткөн жаман  идишти толтурбайт. Бир аз өзөк жалгай турган нерсе адам баласынын белин бекемдөөгө жетиштүү.  Эгер (өзөк жалгоодон ашыкча жеш) зарыл болсо, анда (ашказандын) үчтөн бири тамак, экинчиси суусундук, үчүнчүсү аба болсун”.

“Жаман идишти толтурбайт” дегени бир абалды түшүндүрүп, ашказан жаман идиш катары сыпатталууда. Адегенде ашказан үйдүн муктаждыктары үчүн колдонулган идиштерге салыштырылып, андан кийин анын абалын төмөндөтүү үчүн эң жаман идиш деп сыпатталды. Анткени, ал жаман нерсе үчүн колдонулду. Ашказан тамак аркылуу белди бекемдөөсү үчүн жаратылган.  Аны ашыкча толтурса,  дин жана дүйнө бузукулугуна алып келет. Акыбетте ал жаман болот. Ошондуктан, өзөк жалгай турган нерсе ага жетиштүү. Тактап айтканда, бул  анын чаңкоосун кандыруу жана күчүн сактоо үчүн жетиштүү. “Белин бекемдөөгө”, тактап айтканда, бел аркылуу адамдын тулку боюн белгилөөдө. Адамды жыгылып калуудан сактаган жана ибадатта бекемдөөчү нерседен ашыкча жебөөнү. Башкача айтканда, Аллахка ибадат кылуу үчүн белин бекемдей турган бир тамактануудан ашыкча тойо жебеш керектиги айтылууда.

Эгер (өзөк жалгоодон ашыкча жеш) зарыл болсо, анда (ашказандын) үчтөн бири тамак, экинчиси суусундук, үчүнчүсү аба болсун”. Демек, адам ашыкча тойбой, ашказандын үчтөн бир бөлүгүн дем алууга калтырышы керек жана тойгондон ашыкча жеш арам.

Ат-Тиби (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: “Пенде Аллахка таат-ибадат кылуу үчүн белин бекемдей турган чектен ашыкча жебеши  керек. Эгерде ал тоюп жешти кааласа, анда жогоруда айтылгандай, ашказанды үчкө бөлүп жеши керек”.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 21-робиус саани.

2024-ж, 24-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here