Басма сөз баянаты
Индия суу менен жабдуу тутумдарыбызга коркунуч туудуруп жатканда Пакистандын өкүмдарлары душман менен мамилелерди нормалдаштыруу үстүндө иштеп жатышат!
Бир нече күн өткөнүнө карабастан, Пакистандын өкүмдарлары Индия 1960-жылы Дүйнөлүк Банктын ортомчулугунда түзүлгөн Инд дарыясынын суусу келишими боюнча таштаган кооптуу кадамына дагы эле кескин жооп кылышкан жок. Маселе мындай, 2024-жылы 18-сентябрда Индия бир нече «кабатырланууларды», алардын катарында демографиялык өзгөрүүлөрдү, экологиялык проблемаларды жана башка факторлорду көрсөтүп, келишимди кайрадан карап чыгууну сурап Пакистанга расмий билдирүү жөнөттү. Билдирүүдө Индия 2023-жылдын январь айынан бери карап чыгууну сурап Пакистанга төрт ирет кат жибергени баса белгиленген.
Индия Пакистан менен болгон суу маселесинде биринчи ирет чыр көтөрүп жаткан жок. 1948-жылы 1-апрелде Индия Рэдклифф линиясы аркылуу негизги каналдарга куюлган сууну токтоткон. Индия Пакистандын суу менен жабдуу тутумуна туруктуу коркунуч туудуруп келүүдө. Индиянын Пакистанга душманчылыгынан тышкары суу жаатында Бангладеш мусулмандарына зомбулугу да баарына белгилүү. Мисалы, 2024-жылы августта Индия саясий басым өткөрүү үчүн Бангладешке болуп көрбөгөн суу кырсыгын жаратты. Индия алдын алда эскертпей капыстан эле Думбур дамбасын ачкан жана бул кырсык адамдардын курман болушуна алып келген.
Американын регионалдык союздашы болгон Индиянын ниети – Ислам Умматынын эң күчтүү аскерий кубаты болгон Пакистанды күчсүздөнтүү. Аны бул пландары үчүн Америка толук колдоп-кубаттайт. Мисалы, Вашингтон Индиянын Түштүк Азиядагы өкүмдарлыгына каршы ар кандай тоскоолдукту жоюуга аракет кылууда. Индия арзыбаган шылтоолорду айтып Пакистандан Инд дарыясынын суу келишимин кайра карап чыгууну талап кылууда. Ал саясий жактан келишимден чыгууну же келишимдин жүзөгө чыгышын токтотууну көздөп жаткан көрүнөт. Ушундай таризде Индия дарыяларга дамбаларды жана инфраструктураларды куруу менен Пакистандын суу менен камсыздоо тутумуна жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурууга умтулууда.
1947-жылы колонизаторлор Индия жарым аралын бөлүп ыдыратуу натыйжасында кеңири суу каналдарынын негизги бөлүгү Индияда калып кеткен. Бул бөлүп ыдыратуу Индияны Инд бассейниндеги жогору бассейн мамлекетке, Пакистанды болсо төмөн бассейн мамлекетине айлантты. Мындан тышкары Дүйнөлүк Банк Индияга Инд дарыясынын суу келишими аркылуу көбүрөөк үстөмдүк берди. Индияга чыгыш үч дарыя т.а. Рави, Сатлеж жана Биас көзөмөлгө өтүп гана калбастан, Пакистан көзөмөлдөгөн батыш үч дарыя т.а. Жахлум, Шанаб жана Инд дарыяларында гидроэлектр долбоорлорун куруу укугу да берилди. Бул дарыялардын бардыгы басып алынган Кашмир аркылуу агып өтөт. 2019-жылы августта басып алынган Кашмирди Индияга тапшырышкан өкүмдарларыбыз учурда Американын демөөрчүлүгү жана көрсөтмөлөрү астында Индия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү менен алек.
Эй, Пакистан Куралдуу күчтөрүндөгү калыс офицерлер!
Организм үчүн кан кандай маанилүү болсо, өлкө үчүн суу ошондой маанилүү. Бирок, Пакистан өкүмдарлары Индия жана Американын атынан өлкөнүн мойнуна бычак кезеп турат. Америка Пакистанды Индияга моюн сундуруу үчүн аны Бутан жана Непал сыяктуу начар мамлекетке айлантууга чечим кылган. Бул Вашингтондун Жакынкы Чыгышта ишке ашырган жана яхудий вужудун мусулмандарга каршы койгон стратегиясы. Исламды жек көргөн индустар суу менен жабдууну көзөмөлдөө аркылуу көбөйүп жаткан калкыбызды коркунучка салышы мүмкүн. Бирок, силердин кескин аракетиңер т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө менен бул максатты жокко чыгаруу мүмкүн. Себеби, Халифалык сууну мусулмандарга каршы курал катары колдонууга жол бербейт, колонизаторлордун мусулмандардын коопсуздугуна аралашуусун четке кагат жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу колонизатордун мекемелери менен болуп жаткан мамилелерди токтотот. Ал Умматты жана анын армияларын бириктирип, Кашмирди кайтарып алат жана ушул үч батыш дарыяда толук көзөмөлдү тикелейт.
Эй, Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү калыс офицерлер!
Бүгүндүн «Ража»сы Моди Ислам жана мусулмандарга каршы ар кандай каражат менен согушууда. Бүгүнкү өкүмдарларыңар болсо кечеги Мир Садык жана Мир Жаъфарлар баштаган кыянат жолунда бара жатышат. Алар душманга шарт жаратып, мусулмандарга сокку беришүүдө. Эй, Мухаммад ибн Касимдин неберелери, диниңер Ислам бийлигин тикелөө үчүн нусрат берген улуу ансарлардын жолунда болууну фарз кылган. Демек, ансарлардын саййидине айланган жана каза болгондо Рахмандын Аршы титиреген ансарий Саъд ибн Муаз разияллаху анхунун жолунда жүргүлө. Имам Бухарий Жабир ибн Абдуллахтан риваят кылат: Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уктум:
«اهْتَزَّ عَرْشُ الرَّحْمَنِ لِمَوْتِ سَعْدِ بْنِ مُعَاذٍ»
«Саъд ибн Муаздын өлүмү себептүү Рахмандын Аршы титиреди». Себеби, ал Ислам мамлекетин тикелөө үчүн Аллахтын динине нусрат берүү жана Аллах жолунда жихад кылуу менен эсепсиз жакшылык жана улуу даңкка жетишкен. Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир, силер – офицерлерди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө нусрат берүүгө даъват кылууда, кабыл алуучу барбы?!
Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы
маалымат бөлүмү
Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…
Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…
Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…
Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…
Басма сөз баянаты Яхудий вужуду Ливан жана Фалестинде мусулмандарды кыргын кылып жатканына себеп – исламий…