Басма сөз баянаты
Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!
2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана башка көптөгөн шаарларында, ал тургай Мисирде майрамдар өткөрүлдү. Армиянын жеңишке жеткенине т.а. Хартумдун түндүгүндөгү Жалили нефтини кайра иштетүүчү заводдун колго алынышына байланыштуу иш-чаралар өттү. Акыйкатта болсо, жеңиштин кабары ушул билдирүү жазылып жатканда өз тастыгын тапкан жок.
Адамдардын бул кубанычы каралып чыгышы зарыл болгон бир нече фактыларды көрсөтүп жатат:
Биринчи факт: Судан калкы бул согуштун акыбетиде абдан үмүтсүздүккө түшүп, жада калса жарым жартылай жеңишке да кубанып жатат.
Экинчи факт: Судан армиясы өткөн жылы апрелде башталган согушта Ыкчам колдоо күчтөрүн жок кылууга кудуреттүү эле. Бирок, ал жалган шылтоолор менен өзүн-өзү кишендеп алды. Себеби, армиянын командачылыгы Америкага көз каранды. Америка болсо Британия жана Европанын Судандагы таасирин жок кылуу үчүн согушту улантууну каалап жатат. Дал ошон үчүн согуш ушул убакытка чейин токтогон жок.
Үчүнчү факт: Судан калкы нусратка ынтызар. Ал жеңилүүнү билбеген Ислам Умматынын бир бөлүгү. Чындыгында, эгер рувайбиза өкүмдарлар болбогондо Ислам Умматы ушундай болмок. Анткени, бул рувайбизалар өз динин бирөөлөрдүн дунясына сатып, колонизатор кафир Батыштын колу болууну өздөрүнө ылайык көрүштү о.э. Батыштын Умматка каршы фитналарын ишке ашырып келишүүдө. Алар убаданы да, милдетти да аткарышпайт.
Судандагы калкыбыз ушуну анык билип алышы керек – өлкөбүзгө кафир англис колонизатору кирип келгенден тартып ушул күнгө чейин башыбыздан өткөргөн бул оор абал биз эң жакшы нерсени эң жаман нерсеге алмаштырганыбызды көрсөтөт. Биз Роббибиздин Китебин, Пайгамбарыбыз ﷺдын Сүннөтүн жана рошид халифалардын сүннөт-жолун таштадык. Бул жөнүндө Расулуллах ﷺ айтат:
«فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتي وسُنَّةِ الخُلَفَاءِ الرَّاشِدينَ الْمَهْدِيِّينَ، عَضُّوا عَلَيْهَا بالنَّواجِذِ»
«Менин жана туура жолду карманган рошид халифалардын сүннөт-жолун кармангыла, аны азуу тиштериңер менен бекем тиштегиле». (Тирмизий, Ахмад жана Абу Давуд риваяты). Бирок, биз бул сүннөттү четке ыргыкттык жана кафир Батыш түзүмүн, жарандык жана аскерий демократиялык башкарууну жана башка Ислам көрсөтпгөн жана адам тарабынан жасалган түзүмдөрдү алдык. Ондогон жылдар жашообуз үчүн кабыл алган түзүмдөр бизди кордукка туш кылды.
Кубанууга ылайык чыныгы жеңиш ушундай бир күндө болот, ал күндө биз колонизатор кафир Батыштын гегемондугунан, режимдеринен жана эл аралык мыйзам делген мыйзамынан азат болобуз жана Аллах Субханаху ва Тааланын башкаруусу болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмүн тикелейбиз. Мына ошондо кубансак арзыйт. Аллах Таала айтат:
﴿قُلۡ بِفَضۡلِ ٱللَّهِ وَبِرَحۡمَتِهِۦ فَبِذَٰلِكَ فَلۡيَفۡرَحُواْ هُوَ خَيۡرٞ مِّمَّا يَجۡمَعُونَ﴾
«Айткын: «Аллахтын берешендик-жоомарттыгы жана рахматы-мээрими менен – мына ушул (нусрат) менен кубанышсын. (Анткени), бул алар жыйнаган байлыктардан абзелирээк» [10:58]
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб-ут-Тахрирдин Судан
вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү