بسم الله الرحمن الرحيم
АДЕП-АХЛАК
Мазаммат кылынган хулктар
(момундар жоготушу керек болгон хулктар)
Момун киши бекерчи, бейпайда сөздөрдөн тыйылышы керек, же дүйнө үчүн керек боло турган, же Акырет үчүн пайдалуу боло турган сөздөрдү сүйлөшү керек. Бекерчи сөздөрдү сүйлөө адамды ахлаксыз т.а. жаман хулктуу кылып коёт.
Мугийра ибн Шуъба р.а. Пайгамбар с.а.в.дын:
«إِنَّ اللَّهَ كَرِهَ لَكُمْ ثَلاَثًا: قِيلَ وَقَالَ, وَإِضَاعَةَ الْمَالِ, وَكَثْرَةَ السُّؤَالِ»
«Аллах силердеги үч касиетти жаман көрөт т.а. кеп-сөз кылууну, мал-мүлктү текке кетирүүнү жана көп суроо берүүнү», – дегенин уктум», – деди (муттафакун алайх).
Жабир ибн Абдуллах р.а. риваятында Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«إِنَّ مِنْ أَحَبِّكُمْ إِلَيَّ, وَأَقْرَبِكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ الْقِيَامَةِ: أَحَاسِنَكُمْ أَخْلاَقًا, وَإِنَّ أَبْغَضَكُمْ إِلَيَّ وَأَبْعَدَكُمْ مِنِّي يَوْمَ الْقِيَامَةِ: الثَّرْثَارُونَ وَالْمُتَشَدِّقُونَ وَالْمُتَفَيْهِقُونَ»
«Мен үчүн эң жагымдууңар жана кыямат күнүндө мага эң жакын отура турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар. Мен үчүн эң жагымсызыңар жана кыяматта менден эң узак боло турганыңар – бекерден-бекер сүйлөй бере турган, көп байсай тургандарыңар». Термизий риваят кылып, хасан деген.
Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«إِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مَا يَتَبَيَّنُ فِيهَا, يَزِلُّ بِهَا فِي النَّارِ أَبْعَدَ مَا بَيْنَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ»
«Пенде бир сөздү эмнелигин билбестен сүйлөп жиберет да, кийин ушул сөзү себептүү тозоктун – батыш менен чыгыштын аралыгынан да чуңкурураак – жерине барып түшөт» (муттафакун алайх).
Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в:
«… بِحَسْبِ امْرِئٍ مِنْ الشَّرِّ أَنْ يَحْقِرَ أَخَاهُ الْمُسْلِمَ»
«…Кишинин жаман экендигине мусулман боордошун акаараттаганы жетиштүү болот», – деди. Муслимден.
Аллах Таала айтат:
(يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ يَسْخَرْ قَومٌ مِنْ قَوْمٍ عَسَى أَنْ يَكُونُوا خَيْرًا مِنْهُمْ وَلاَ نِسَاءٌ مِنْ نِسَاءٍ عَسَى أَنْ يَكُنَّ خَيْرًا مِنْهُنَّ وَلاَ تَلْمِزُوا أَنفُسَكُمْ وَلاَ تَنَابَزُوا بِالآلْقَابِ بِئْسَ الاِسْمُ الْفُسُوقُ بَعْدَ الآيمَانِ وَمَنْ لَمْ يَتُبْ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الظَّالِمُونَ)
– „Эй момундар (силерден болгон) бир коом (башка) бир (момун) коомду шылдың кылып күлбөсүн – мүмкүн, (ошол шылдың кылынган коом) алардан жакшыраактыр. Дагы (силерден болгон) аялдар да (башка мумина) аялдарды (шылдың кылып күлүшпөсүн) – мүмкүн, (ошол шылдың кылынган аялдар) алардан жакшыраактыр. Өзүңөрдү мазак кылбагыла жана бири-бириңерге лакап таштабагыла (т.а. айрымдарыңарга жаман лакап ат коюп коюп албагыла)! Ыймандан кийин фасыктык менен аталуу (т.а. момун кишинин жогоруда тыйылган фасыктык иштер менен аты чыгышы) кандай гана жаман. Кимде-ким тообо кылбаса, эми мына ошолор залим кимселердин өзү “. [49:11]
Хасан риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«إِنَّ الْمُسْتَهْزِئِينَ بِالنَّاسِ، يُفْتَحُ لأَحَدِهِمْ فِى الآخِرَةِ بَابٌ مِنْ الْجَنَّةِ، فَيُقَالُ لَهُ: هَلُمَّ هَلُمَّ، فَيَجِىءُ بِكُرَبِهِ وَغَمِّهِ، فَإِذَا جَاءَهُ أُغْلِقَ دُونَهُ، ثُمَّ يُفْتَحُ لَهُ بَابٌ آخَرُ، فَيُقَالُ لَهُ: هَلُمَّ هَلُمَّ، فَيَجِىءُ بِكُرَبِهِ وَغَمِّهِ، فَإِذَا جَاءَهُ أُغْلِقَ دُونَهُ، فَمَا يَزَالُ كَذَلِكَ, حَتَّى إِنَّ أَحَدَهُمْ لَيُفْتَحُ لَهُ بَابٌ مِنْ أَبْوَابِ الْجَنَّةِ فَيُقَالُ هَلُمَّ فَمَا يَأْتِيهِ مِنْ الإِيَاسِ»
«Адамдарды шылдың кылуучуларга акыретте бейиштен бир эшик ачылып «Келе бергиле, келе бергиле» делет. Кам-түйшүктөрү менен жанына келишкенде жабылып калат. Кийин башка бир эшик ачылып «Келе бергиле, келе бергиле» делет. Кам-түйшүктөрү менен жанына келишкенде, ал дагы жабылып калат. Ушундай абал улантыла берет, ал тургай, алардын бирине бейиштин дагы бир эшиги ачылып «Келе бер» делгенде, үмүтсүз болгонунан барбай коёт». Байхакий «аш-Шаъб»да мурсал хасан иснад менен чыгарган.
Васила ибн Аскаъ р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:
«لاَ تُظْهِرْ الشَّمَاتَةَ لِأَخِيكَ فَيَرْحَمَهُ اللَّهُ وَيَبْتَلِيكَ»
«Боордошуңду ачык акаарат кылба, дагы анан Аллах ага ырайым кылып, сени балээге жолуктуруп койбосун» Термизий риваят кылып, хасан хадис деген.
Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…
Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…
Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…
Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…
Басма сөз баянаты Яхудий вужуду Ливан жана Фалестинде мусулмандарды кыргын кылып жатканына себеп – исламий…