Жаңылыктар

Кытай жарандарына визасыз режим киргизилди

Кытай жарандарына визасыз режим киргизилди

Кытай жарандарынын Кыргызстанга кирүүсү үчүн 21 күнгө визасыз режим киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайда өткөн жолугушууда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамиле жана эл аралык уюмдар алкагында кызматташууну талкуулашты.

Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандар үчүн кооптуу экенин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан жана стратегиялык долбоорлордун ишке ашып баштоосуна алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган карыз жана кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалууда. Муну Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялардын мисалы ачык көрсөтүп турат.

         Кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору же атайын келишим аркылуу орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Балким, бул долбоорлор аркылуу Кытайдын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетүүсүнө жол ачып берүүдө.

Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар жарандарын сакофий колония кылуу менен убара болду. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…

17 hours ago

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…

19 hours ago

Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!

Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…

2 days ago

Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!

Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…

2 days ago

Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда

Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…

2 days ago