Интернет аркылуу каржылык жана коммерциялык операцияларды жүргүзүү тууралуу

37
0

Бисмиллаах рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Интернет аркылуу каржылык жана коммерциялык операцияларды жүргүзүү тууралуу

Суроо: Ассаламу алайкум. Пайда табуу үчүн арзан убакта доллар менен динар, мунай, алтын ж.б нерсе сатып алып, аны кымбат учурда сатуунун өкүмү кандай? Эске сала кетсек, мунун баары интернет аркылуу жасалат. Ал акчаны банкка которуп, каалаган убакта аны чыгарып алуу мүмкүн.

Экинчи суроо: Валюталарды алмаштырууда колмо кол алынышы керекпи же  онлайн алуу жетиштүүбү? Эгер мунай сатып алса, ага ээлик кылуу жана аны колго алуу керекпи? Эгер аны колго алып  ээлик кыла электе сатса болобу? Маалымат үчүн айта кетсек, эгер мунай, темир, алтын же акча сатып алыш үчүн долларга которуу керек болот. Долларга алмаштырганга чейин товарды ала албайт. Мисалы, эгер мунай сатып алсаңыз, аны мунай катары ала албайсыз, тескерисинче долларга айландырасыз.

Экономика түзүмүндө да айтылгандай, ээлик кылбаган нерсени сатуу жайиз эмес. Бул сатуу толук болушу үчүн товарды толук колго алып, ээлик кылуу шарт. Булар саналып, таразага тартылып, ченелип, өлчөнө турган нерселер. Ал эми толук ээлик кылуу талап кылынбаган, өлчөөсүз, таразага тартылбаган, эсептелбеген мисалы мал, үй, жер жана ушул сыяктуу нерселерге келсек, сатуучу аны ээлик кылуудан мурда сатуусу жайиз.

Суроо туулат, мен бир нерсенин өлчөнгөнүн, таразаланганын же саналбаганын кантип баалайм? Мал, үй дегендер өлчөөсүз нерсеге мисал катары келтирилди. Бирок, бизде мисалы койду алганыбызда таразага салып, салмагына жараша сатылат. Демек ал таразага тартыла турган болуп жатат. Анын сыңарындай үй дагы бир, эки батир деп айтылса, мен аларды кантип саналбаган, өлчөнбөгөн деп эсептейм?

Саид Хатиб

Жооп: Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баркатуху. Соода темасына келсек, биз буга чейин сиздин сурооңузга окшош суроого жооп бергенбиз жана мен сиздин сурооңузга байланыштуу кээ бир жерлеринен үзүндү келтирем:

Онлайн соода төмөнкүдөй:

  1. Мунайга байланыштуу суроо так эмес, автоунааңызга май куюучу жайдан электрондук картаңызды станциянын кызматкерине берип, анан ал сиздин машинаңызга бензин куюп бериши жайиз. Анткени, сиздин эсебиңиздеги акча бир-эки күнгө кечиккен болсо, анда бул товарды пайызсыз насыяга сатып алуу жайиз. Сиз нерсени сатып алдыңыз (машинаңызга бензин), ал дароо же бир-эки күндөн кийин баасын алды. Эгерде вакый ушундай болсо, мында эч кандай тыюу жок.

Бирок, сооданын максаты чектелген өлчөмдө мунай сатып алып, аны алганга чейин сатуу болсо, анда бул жайиз эмес. Анткени бул товарларды сатууда колго алуу шарт.

أخرج أبو داود عن زيد بن ثَابِتٍ قَالَ «فَإِنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ نَهَى أَنْ تُبَاعَ السِّلَعُ حَيْثُ تُبْتَاعُ حَتَّى يَحُوزَهَا التُّجَّارُ إِلَى رِحَالِهِمْ»

Абу Давуд Зайд бин Сабиттен риваят кылган хадисте Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Соодагерлер сатып алган товарын өз ордуна жайгаштырмайынча, алар сатып алган товарын сатып алган жеринде сатууга тыюу салынган”.

Башкача айтканда, бул товарлар ээлик кылып алынмайынча сатылбайт. Толук ээлик кылуу аны сатуунун жарактуулугунун шарты болуп саналат. Эгерде белгилүү бир товарга карата атайын насс болсо, бул учурда ага уруксат берилет, бирок бул башкаларга тиешелүү болбойт. Бул жерде атайын насс келген эмес. Ошондуктан белгилүү көлөмдөгү майды ээлик кылбастан сатуу шариятта жайиз эмес.

Эгер интернет аркылуу электрондук карта менен акча төлөп, мунай скважинасына өнөктөш болуу максатын кааласаңыз бул да жайиз эмес. Анткени мунай скважиналары шариятта умумий мүлк, ал жеке менчик эмес. Эгер мындан башка нерсени айткыңыз келсе, суроону ачыктап бериңиз.

  1. Алтын жана күмүш менен соода кылууга келсек, аларды сатуу же сатып алуу же накталай акчага сатуу колмо кол болушу керек.

أخرجه البخاري وأبو داود عن عمر: «الذَّهَبُ بِالْوَرِقِ رِباً إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ» أي يداً بيد،

Имам Бухари жана Абу Давуд Азирети Умардан риваят кылган хадисте: «алтынды күмүшкө сатуу колмо кол болбосо – сүткорлук”. Ха колмо-колду билдирет. Демек, алтынды күмүш же накталай акчага сатууда, колмо-кол алуудан башкасы жарабайт. Анткени, биз интернет аркылуу соода кылууну карап чыккандан кийин, транзакция дароо ишке ашпай, бир нече саатка же бир нече күнгө созулушу мүмкүндүгүн көрдүк. Ошондуктан, эгерде алтын же күмүш сатып алууда б.а. колго кармалып, картадан сумма дароо эсептен чыгарылбаса, интернет аркылуу алтын жана күмүштү электрондук карта менен сатып алууга болбойт. Сумма сиздин эсебиңизден чыгарылмайынча алтын же күмүштү ала албайсыз. Интернетте соода дароо колмо кол соода бүтүмдөрүн камтыбайт, тескерисинче, бир же эки күндөн кийин болгондуктан, жайиз эмес.

  1. Акциялар жана аблигациялар акционердик коомдорго таандык болгондуктан, шарият боюнча жараксыз жана аблигациялар сүткорлукка байланыштуу болгондуктан, соода кылуу арам. Акционердик коомдордун маселесин биз “Экономика түзүмү” китебинде, ошондой эле “Батыш биржаларындагы туруксуздук” жана башка китептерде кеңири баяндаганбыз. “Батыш биржаларындагы туруксуздук” китепчесинде биз маселени төмөнкүчө чагылдырдык:

Мындай акцияларды жана векселдерди сатуу жана сатып алуу шариятта арам. Себеби, акциялар –шариятта батыл эсептелген компаниялардын акциялары. Бул акциялар халал дасмия менен арам кирешени өз ичине алган батыл иш жүргүзүүдөн алынган баалуу кагаздар. Мындай компаниялардын мавжуд нерселери шариат кайтарган жолдор аркылуу болуп, аларды сатуу да, сатып алуу да, жада калса, мындай уюмдар менен мамиле кылуу да друс эмес. Себеби, алардын мал-мүлкү да, топтогону да арам эсептелинет. Сүткордук аркылуу болгон облигациялар жана банк акциялары да ушул өкүмгө ылайык арам эсептелет. Себеби, мындай кагаздар да арамдан табылган каражат эсебине кирет. Ушундай болгон соң, мындай кагаздарды сатып алуу, алардан пайдалануу, мындай кагаздар аркылуу ээлик кылуу мүмкүн болгон мал да арам болот.” (Аягы).

  1. Доллар, евро сыяктуу кагаз акчаларды интернеттен алып, сатуу арам. Анткени, мындай учурда колмо кол алмашуу жок. Алтын менен күмүшкө тиешелүү болгондой эле, акча алмаштырууда накталай акча баа жана эмгек акы катары колдонуу иллети себептүү алтын менен күмүштүн өкүмүндө болот.

2004-жылы 11-июлдагы суроого жоопто биз төмөнкүлөрдү айтканбыз: Кагаз акча менен иш алып баруу: Ооба, алтын менен күмүшкө тиешелүү болгон нерсе, (сүткорлук тарабынан) башка акча каражаттарына да тиешелүү. Себеби, бул кагаздарда (нак акча б.а. анын баа жана эмгек акы катары колдонулушу) иллетинин болушу алардын нак акча өкүмдөрүн алуусун талап кылат. Демек, бул кагаз акча менен сүткор нерселерди сатып алуу хадисте айтылган нерсеге (колмо кол алуу) өкүмүнө түшөт. Башкача айтканда, карызга алуу бабынан эмес.

Тема төмөнкүдөй:

يقول الرسول ﷺ: «الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَداً بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الْأَصْنَافُ فَبِيعُوا كَيْفَ شِئْتُمْ إِذَا كَانَ يَداً بِيَدٍ» رواه البخاري ومسلم من طريق عبادة بن الصامت رضي الله عنه.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Алтынга-алтын, күмүшкө-күмүш, буудайга-буудай, арпага-арпа, курмага-курма, тузга-туз окшош. Булар теңме-тең, колмо кол болсун. Эгер бул түрлөр бири-биринен айырмаланса жана колмо кол болсо анда каалагандай саткыла”. (Бухари жана Муслим Убада бин Ас-Самит (радыяллаху анху)дан риваят кылган.

Сүткорлуктун бул түрлөрү бири-биринен айырмаланганда, каалагандай сатуу, башкача айтканда теңме-тең, окшош  болушу шарт эмес. Балким  колмо кол болушу шарт экендиги насста ачык көрүнүп турат. “Түрлөр” сөзү жалпысынан сүткорлуктун бардык түрлөрүндө б.а. насста келген алты нерсеге колдонулат. Насстан башка эч нерсе четтетилбейт. Бир гана насс аркылуу истисна болот. Бул жерде истисна кылган насс жок. Өкүм: Арпага буудай, алтынга буудай, күмүшкө арпа, тузга курма, алтынга курма, күмүшкө туз… ж.б.у.с. эгер колмо кол болсо каалагандай сатса болот. Алмашуу баалуулуктары жана баалар канчалык айырмаланбасын, алар колмо кол болушу шарты менен сатылат. Башкача айтканда карызга эмес. Алтынга жана күмүшкө тиешелүү жалпы иллет (аны баа жана эмгек акы катары колдонуу) накталай акчага да иллет болуп саналат.

Бул интернет аркылуу соода-сатык, алтынды сатып алууда жана сатууда соода бүтүмү бүткөндөн кийин бир-эки күнгө кечигип жаткандагы абалга байланыштуу… Бул Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): “Колмо кол алгыла”, – деп айткан, макулдашылган алмашуу шартына карама-каршы келет.

خرج البخاري عن الْبَرَاءِ بْنِ عَازِبٍ قال سَأَلْنَا النَّبِيَّ ﷺ عَنْ ذَلِكَ فَقَالَ «مَا كَانَ يَداً بِيَدٍ فَخُذُوهُ وَمَا كَانَ نَسِيئَةً فَذَرُوهُ»

Бухари Аль-Бараа бин Азибден риваят кылат, ал айтты: “Биз бул тууралуу Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сураганбыз, ал айтты: «Колмо кол эмне болсо ошону алгыла жана эмне насыя  болсо, аны таштагыла”.

أخرج مسلم عن مَالِكِ بْنِ أَوْسِ بْنِ الْحَدَثَانِ أَنَّهُ قَالَ أَقْبَلْتُ أَقُولُ مَنْ يَصْطَرِفُ الدَّرَاهِمَ فَقَالَ طَلْحَةُ بْنُ عُبَيْدِ اللَّهِ وَهُوَ عِنْدَ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ أَرِنَا ذَهَبَكَ ثُمَّ ائْتِنَا إِذَا جَاءَ خَادِمُنَا نُعْطِكَ وَرِقَكَ فَقَالَ عُمَرُ بْنُ الْخَطَّابِ كَلَّا وَاللَّهِ لَتُعْطِيَنَّهُ وَرِقَهُ أَوْ لَتَرُدَّنَّ إِلَيْهِ ذَهَبَهُ فَإِنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ قَالَ «الْوَرِقُ بِالذَّهَبِ رِباً إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ

Муслим Малик ибн Авс ибн аль-Хадатандан риваят кылган хадисте, айтты: “Мен дирхамдарды ким алмаштырат деп айттым. Талха бин Убайд Умар бин аль-Хаттаб менен бирге болчу ал айтты: “Алтыныңды бизге көрсөт, анан бизге кел, качан биздин кызматчыбыз  келсе, күмүшүңдү сага беребиз. Умар бин аль-Хаттаб айтты: “Жок, Аллахка ант болсун, анын күмүшүн бересиң же алтынын ага кайтарып бересиң. Анткени Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан: “Алтынды күмүшкө берүү сүткорлук.  Бир гана колмо кол болсо (сүткорлук эмес)”.

Ошондуктан евро, доллар жана башка валюталар менен дароо алмашуу болбогондуктан интернет аркылуу соода кылууга болбойт. Аягы.

Өлчөмдөр, сандар жана салмактар ​​тууралуу сурооңузга карата биз буга чейин мындай суроого төмөнкүдөй жооп бергенбиз. 2006-жылы 12-февралдагы суроого жоопто мындай деп айтылган: “Саналган, таразаланган жана өлчөнгөн нерселер товарды сатууда болгон вакыйга ылайык. Базарда бул товар кандай сатылат ошого каралат. Саны менен сатылып жатса, ар бир таңгак баланчага сатылат же ар бири баланчага сыяктуу. Же салмагы менен сатылат, ар бир килограммы мынча. Же ар бир метр же ар бир саа’ (кала) мынчага деген сыяктуу. Эгер ушундай болсо, сан, салмак же өлчөм менен сыпаттоо ушул сыяктуу товарларга тиешелүү, мейли ал товар бир же бир нече сыпатка ээ болобу айырмасы жок. Башкача айтканда, мындай сыпатка ээ товарды салмакталат жана эсептелет, өлчөнөт деп айттса болот. Мисалы: буудай, арпа салмакталат жана өлчөнүп сатылат. Банан, апельсин салмакталат жана саналат (айрым өлкөлөрдө алар саны боюнча сатылат). Кездеме өлчөнөнүп сантиметр же метр менен сатылат. Сатып алууда бул маселелерде так баяндоо белгисиздикти жокко чыгаруу үчүн маанилүү.

“100 килограмм буудай” дегенде, так сыпаттоо аздык кылат, тескерисинче, буудайдын түрүн тактоо керек. Салмагы белгисиздикти жоюу үчүн зарыл. Өлчөнүп жана саналгандар  дагы ушундай. Бирок мал-жандыкты сатууда “Ар бир төө миңге барабар” деп, малдын саны  менен сатылабы. Же сатып алган адам көрүп, “бул төө миңге арзыбайт” деп, экинчи төөнү тандап алабы айырмасыз. Бардык төөнү сан жагына карап сатып алганда ар бир төө  бири-бирине окшобойт. Башкача айтканда, анын чоң кичинеси болуп бары бири биринен айырмаланып турат.

Үйлөр саны, салмагы же өлчөмү боюнча сатылат. Башкача айтканда, он үйү бар адам ар бир үй миңге дейби, же каалаган үйдү сатып алуу үчүн аны көрүп чыгабы айырмасыз ар бир үй башкасынан айырмаланат…

Ошондуктан, мал-жан, үй өлчөм менен, салмак менен, сан менен сатылбайт делет. Кээ бир адамдар малын салмак менен сатат деп айтууга болот. Бирок, бул ар бир жаныбарга тиешелүү эмес. Ал салмагы боюнча белгилүү бир койду сатышы мүмкүн, бирок ар бир койду сатпайт. Ар бир мал салмак менен сатылбайт,  уй да салмак менен сатылбайт… Мага жүз килограмм малыңызды сат деп айтышпайт. Албетте бул тирүү жандыктарга байланыштуу. Ошол сыяктуу эле, кээ бир адамдар чарчы метр менен үйдү сатат деп айтууга болот. Бирок, ал ар бир үйгө тиешелүү эмес. Тескерисинче, бул үй бир чарчы метр он миң, башка үй жыйырма миң турат деп айтылат. Анын өлчөм менен так сүрөттөлүшү жетишсиз. Ошондуктан көпчүлүк колодонгон соодада сен мага: “жүз метрлик үйүңдү сат” деп айтылбайт. Ушул  сыяктуу… аягы.

Суроолоруңузга ушул жооптор жетиштүү деп үмүттөнөм, эң туурасын Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта.

1446-х, 11-робиус саани.

2024-ж, 14-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here