Эл аралык каржы уюмдар Камбар-Ата-1 ГЭСине эмне үчүн кызыгууда?
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы 26-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында өттү. Бассани өз сөзүндө Камбар-Ата-1ди куруу долбоорун колдоорун билдирип: “Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууда Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деди.
Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетет.
Комментарий:
Буга чейин Эл аралык валюта фондунун өкүлү да өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөөрүн айтып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу тууралуу маалымат алган. Аталган долбоордун ишке ашуусуна Орусия тоскоолдук кылып келгени маалым. Учурда Украина баткагына батып, өз таасири астындагы аймакта мурдагыдай өкүмзордук саясатын жүргүзө албай калгандыктан, Кыргызстан Орусия кызыкчылыгына каршы стратегиялык долбоорлорду башка булактардын жардамында ишке ашырууга белсенип жатат.
Ал эми, эл аралык каржы уюмдарынын кызыкчылыгына келсек, бул уююмдар кредиттерди өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Маселен, өткөн жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар бере турган болгондо, банктын мурдагы вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.
Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Муну менен катар, каржы уюмдар тармакты реформалоо шылтоосу менен энергетика тармагын жеке тараптарга өткөрүүгө кызыктар болушат. Алар менчиктештирүү жана тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат. Мына ушундай жол менен эл аралык каржы уюмдар үстүбүздөгү капиталисттик түзүмдүн зулумдуктарын ишке ашырышат.
Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш.
Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:
اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ
“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет.
Жыйынтыктап айтканда, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан калкы алгач бул капиталисттик түзүмдөн баш тартып, колонизаторлорду кууп чыкканга чейин өз мүлкүн өзү эркин колдоно албайт. Ал эми аларды кубалап чыгып, калктын кызыкчылыгын коргоп бере турган система Исламда гана бар. Ушундай болгон соң, калк жана анын башындагылар ушул жолдо аракет кылалы!
Нурдин Асаналиев
Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…
Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…
Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…
Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…
Басма сөз баянаты Яхудий вужуду Ливан жана Фалестинде мусулмандарды кыргын кылып жатканына себеп – исламий…