Аллахтын мээрими жана азабы

52
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аллахтын мээрими жана азабы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Имам Ахмад “Муснад”ында “Эгер момун адам Аллахтын алдында азаптын кандай экенин билсе, бейишке умтулмак эмес” деп айтылган хадисти риваят кылган.

حَدَّثَنَا أَبُو عَامِرٍ حَدَّثَنَا زُهَيْرٌ عَنِ الْعَلَاءِ عَنْ أَبِيهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لَوْ يَعْلَمُ الْمُؤْمِنُ مَا عِنْدَ اللَّهِ مِنْ الْعُقُوبَةِ مَا طَمِعَ فِي الْجَنَّةِ أَحَدٌ وَلَوْ يَعْلَمُ الْكَافِرُ مَا عِنْدَ اللَّهِ مِنْ الرَّحْمَةِ مَا قَنَطَ مِنْ الْجَنَّةِ أَحَدٌ خَلَقَ اللَّهُ مِائَةَ رَحْمَةٍ فَوَضَعَ رَحْمَةً وَاحِدَةً بَيْنَ خَلْقِهِ يَتَرَاحَمُونَ بِهَا وَعِنْدَ اللَّهِ تِسْعَةٌ وَتِسْعُونَ رَحْمَةً

Бизге Абу Аамир Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылып айтты: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) “Эгер момун Аллахтын алдында азап эмне экенин билсе, эч ким бейишке умтулмак эмес. Эгер каапыр Аллахтын алдында ырайымдуулук эмне экенин билсе, эч ким бейиштен үмүт үзмөк эмес. Аллах жүз мээримин жаратып, бир мээримин  макулуктарына берди. Алар аны менен бири-бирине ырайым кылышат. Аллахтын алдында токсон тогуз ырайым бар”.

“Эгер каапыр Аллах Тааланын алдында ырайымдуулук эмне экенин билсе, анын бейишинен эч ким үмүт үзмөк эмес” сөзү каапырга тиешелүү. Ал эми момунга тескери мааниси тиешелүү. “Бейиштен үмүтүн үзмөк эмес” дегендин мааниси, каапыр Аллахтын мээримдүүлүгүнүн кеңдигин билсе, ал мээримдүүлүгү ал билген чоң азапты жокко чыгараарынан үмүт кылып, Бейишке умтулат. “Илими мээримдүүлүктүн кеңдигине байланып, анын тескериси болгон азапка көңүл бурбай, мээримдүүлүккө умтулат”.

Аль-Мубаракпури мындай дейт: “Ыймандуу адам бейишке умтулуу үчүн тандалып алынган. Ошондуктан ал умтулууну жоготсо, анда ал бардык нерсени жоготкон болот. Ошол сыяктуу эле, каапыр үмүтсүздүккө мүнөздүү болгондуктан, андан үмүтсүздүк жок кылынса, анда ал бардык нерседен кутулат. Хадис Аллахтын ырайымынын жана азабынын көптүгүн баяндаган. Момун Аллахтын ырайымына алданып, Анын азабына кабылып калбашы үчүн, каапыр адам Аллахтын ырайымынан үмүтүн үзүп, анын рахмат эшигинен чыгып кетпеши үчүн айтылган.

Урматуу бир туугандар!

Мээримдүүлүк – Аллах Тааланын сыпаттарынын бири. Бул мусулманды Аллахтын мээриминен жана ырайымынан үмүтүн үздүрбөй турган нерсе. Пенде Аллахтын ырайымдуулук, мээримдүүлүк, тообаны кабыл кылуу, боорукердик, кечиримдүүлүк, жашыруу жана дубага жооп берүү сыпаттарын билип, ыйман келтирет. Күнөөгө батса Кудайдан ага ырайым кылуусун, аны кечирүүсүн жана анын тообосун кабыл кылуусун тилеп, Аллахтын коргоосун жана момун пенделерине болгон боорукердигинен үмүт кылып дуба кылат. Бул Аллахка кайтууга жана күнөө кылган сайын ага тобо кылууга алып келет. Үмүтсүздүк анын жүрөгүнө кирүүгө жол таппайт. Сабырддулука жана чыдамкайлыкка ишенген адам кантип үмүтүн үзөт? Эгер адам Аллах берешендиги, марттыгы жана жоомартыгы менен өзгөчөлөнгөнүн билсе, кантип анан анын ырайымынан үмүтүн үзөт?

Мурункулардын абалы – кайдыгерликсиз үмүт кылуу жана коркуу эле. Ошондуктан, ар дайым Аллах Таалага жакшы күмөндө болуу керек. Анткени, Аллах пендеси кандай күмөндө болсо ошого жараша болот.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 22-робиус саани.

2024-ж, 25-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here