Казакстан БРИКС уюмуна кирүүдөн баш тартты

52
0

Казакстан БРИКС уюмуна кирүүдөн баш тартты

Казакстан БРИКС уюмуна кирүүдөн баш тартты. “Казакстан азырынча БРИКСке кирүү үчүн арыз бере албайт. Анткени, Токаев БУУга “универсалдуу уюм” катары артыкчылык берет”, – деди Казакстан президентинин басма сөз катчысы.  Ал Токаев буга окшогон сунуштарга “Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын” коргоо көз карашынан келип чыгып мамиле кыларын кошумчалады. Ошону менен бирге Токаев Казанда өтө турган БРИКС саммитине катышуу чакырыгынан баш тарткан жок.

Мунун артынан эле Орусия ага карата жаза катары жооп кайтарды. Тагыраагы, Казакстандан жашылча алып кирүүгө тыюу салуу менен жооп беришти. Россельхознадзор фитосанитардык талаптарды шылтоо кылып, помидор, калемпир, коон, буудай, зыгыр уругу жана жасмык сыяктуу азыктарды Казакстандан ташууга тыюу салды.

Кремлдин Ак Ордонун позициясына жооп катары жасаган мындай аракеттери логикага туура келбейт жана мындай жооп Путиндин экономикада өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө айтып келген билдирүүлөрүнө каршы келет. Ошондуктан, буга Орусиянын колониялык саясатына каршы келген ар кандай иш аракеттерге жасаган реакциясы катары кароо керек. Тагыраагы, Орусиянын империалисттик максаттарын ишке ашыруудагы эки жүздүү саясатынын алкагындагы кыжырдануу катары кабыл алуу керек. Муну менен катар Орусиянын азык-түлүк товарларын ташып келүүгө тыюу салуу иш аракетин узак мөөнөткө созо турган инструменттери жок. Бул анын майда жана төмөн денгээлдеги саясатынын көрүнүшү болуп саналат. Ошондуктан, Кремль мурунтан эле Борбор Азия өлкөлөрүн опузалоо менен коркутуп, үркүтүп, Бажы Союзу жана ЕАЭБ сыяктуу бирикмелерде кармап келет. Убакыт көрсөткөндөй, Орусиядан башкалары мындай бирикмелерден зыян гана тартып келет.

Мындай бирикмелер Кремлдин гана таасирин жана кызыкчылыгын коргогон курал экенин эсепке алганда, Казакстан үчүн Батыш менен мамилесин зыянга учуратуунун кереги барбы?

БУУ менен БРИКС түпкүлүгүндө эки башка уюмдар экенин эске салуу зарыл. БУУ батышчыл уюм болуп, өзүн тынчтыкты жана коопсуздукту дүйнө бойлоп коргоочу катары көрсөтүүгө басым жасайт. Ал эми, БРИКС – биринчи кезекте экономикалык бирикме. Албетте, саясий максаттарды да ичине камтыйт жана бул уюмга Кытай үстөмдүк кылат. Бир караганда, түзүлүшү жана максаттары ар кыл болгондугу себептүү бул эки уюмду салыштырып кароо мүмкүн эместей сезилет. Бирок, тереңирээк карап көрсөк, БРИКС белгилүү бир деңгээлде Батыштын Эл Аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк банк, G7 сыяктуу экономикалык жана саясий уюмдарына каршы калыптанганын көрүүгө болот.

          БРИКС глобалдык экономикада жана саясатта Батыштын үстөмдүгүнө каршы чыгып, көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө умтулат. Биримдик Батыш институттарынан көз карандылыкты азайтуу менен өзүнүн финансылык түзүмдөрүн өнүктүрөт. О.э өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоочу катары көрүнөт. Көп учурда БРИКС мүчөлөрү эл аралык маселелерде Батыштан айырмаланган көз карандысыз позицияны карманат. Көптөгөн өлкөлөр бул уюмга Батыштын дүйнөлүк моделинен көз карандысыздык алуу максатында киришкен же өздөрүн басып алуудан коргоо үчүн колониялык державалардын клубуна кошулуп, анын бир бөлүгү болууну каалашат. БРИКСтеги өлкөлөрдүн жана жалпысынан бул союздун ийгиликсиздиги андагы өлкөлөрдү бириктирип турган нерсе өзүн-өзү сактоо инстинкти жана убактылуу кызыкчылыктарга гана таянганы. Алар бирдиктүү, күчтүү идеянын алкагында бириккен эмес. Маселен, Кытай менен Россия Американын агрессиясынан жана анын таасиринен коргонуу үчүн биригишкен. Ал эми, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка АКШнын союздаштары болуп эсептелет. Ошондуктан, БРИКСтин жардамында Американын үстөмдүгүнөн кутулуп кетүү максаты суу кечпес кыял. Тескерисинче, Америка таасириндеги өлкөлөрдүн БРИКСке мүчө болуп кириши уюмдун максаттары ишке ашуусуна тоскоолдук жаратат. Ал тургай, АКШ БРИКСти өз максаттарын ишке ашырууда пайдаланууга жетишүүдө.

Ошентип, канчалык БРИКС өзүн Батышка каршы коюп, иш-аракеттери менен глобалдык тең салмактуукту пайда кылууга умтулбасын, мезгил өткөн сайын таасирин жоготуп келүүдө. Батыш менен карама-каршылыкка кабылуудан обочолонгон Орусия уюмдагы эң алсыз позицианы ээлеп турат. Орусия учурда кубаттуу колониялык держава макамынан ажырап калуу коркунучунда турат. БРИКС катышуучуларынын Казанда кезектеги жолугушуусун өткөрүү фактысы Путиндин камакка алынуудан чочулап жаткандыгын айгинелейт. Анткени Гаагадагы эл аралык кылмыш соту аны Украинада жасаган аксерий кылмыштары үчүн камакка алууга эл аралык ордер берген.

Астана болсо, өз кезегинде, саясий конъюнктураны сезип, уюмга мүчө болуудан оолак турууда. Батыш менен Россиянын ортосундагы “тең салмактуулук” саясатын карманып, бир жагынан Орусия менен товар жүгүртүү боюнча эң чоң өнөктөштөрдүн бири бойдон калууда. Экинчи жагынан – БУУнун баалуулуктарын колдоо жана Батыш инвестицияларын тартуу үчүн эшигин ачык бойдон калтырууда.

Казакстан БРИКСтин негизги оюнчулары болгон Орусия жана Кытай үчүн батышка каршы экономикалык жана саясий таасирин бекемдөө үчүн зарыл. Казакстан учурда Кытай жана Орусия жетекчилик кылган ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу уюмдарга мүчө. Ошондуктан, Батыштан алыстабаш үчүн Кытай менен Орусия түптөгөн дагы бир уюмга кирүүнү каалабайт.

БУУ жана бүтүндөй Батыш, Казакстанды эл аралык чыр-чатактарды жөнгө салууга, ошондой эле Борбор Азияда аракеттерине салым кошкон “көпүрө” деп эсептейт. Батышты региондогу байлыктарды ташып кетүүгө каратылган кызыкчылыктарын да эске алуубуз зарыл. Алардын ичинде эң маанилүүсү уран болуп саналат.

Казакстан буга кызыктар мамлекеттер жана альянстар үчүн өзүнүн маанилүү ролун жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан, көп вектордуу саясат жүргүзүүдө өзүнө ишеним артып, позициясын так билдирүүдө. Бул абалдан экономикалык пайда табууга жана саясий көз карандысыздыкка ээ болууга умтулат. Бирок, ошол эле учурда Батыш менен Орусиянын ортосундагы тирешүүгө аралашууну каалабайт. Казакстан улуттук кызыкчылыктарга таянуу менен Орусияга каршы санкцияларга кошулган жок, ошол эле учурда Кремлдин Украинанын айрым аймактарын аннексиялоосун да ачык колдогон жок. Акыр-аягы, Казакстан өзүнүн коопсуздугун жана Батыш менен экономикалык байланыштарын сактап калуу үмүтү менен бардык тараптардын канааттануусун сактап калууга аракет кылып жатат. Бирок аны эки тарап тең колдонуп же жазалап коюшу мүмкүн.

Учурдагы колониялык эл аралык системадан чыгууга алсыз жана ага кул болгон мамлекеттер ынанымдуу, адамдын табиятына туура келген жана ар кандай калктарды бир коомго бириктире алган туура идеянын айланасында биригишпесе, эч бир өзгөрүүгө жетише алышпайт.

Ошондуктан, Батыштын же Орусия менен Кытайдын империялык үстөмдүгүнөн кутулуу бир гана Исламды колдонуу менен ишке ашат. Ислам – ишке аша турган, реалдуу жана таасирдүү идеология. Ал акылды канааттандырат жана адамдын табиятына туура келет. Бүтүндөй адамзаттын көйгөйлөрүн туура чечип бере турган натыйжалуу идеология. Ислам акйыкатты орнотуп, жалганды жок кылат жана жер бетин адилеттүүлүккө жана нурга бөлөйт. Ал колониялык көз карандылыктан азат кылуучу адилеттүү башкарууну орнотот жана элдин жашоосун экономикалык бакубатчылыкка бөлөйт!

هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَكَفَى بِاللهِ شَهِيداً

“Ал Өз элчисин Туура жолду жана чыныгы динди өзгө диндерден үстөм кылуу үчүн жөнөткөн. Аллахтын өзү күбө болуусу жетиштүү”                           (48:28).

Худжат Джамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here