Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

22
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

 Устаз Амир Али Абурриш

Мубарак Фалестин

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Фалестин жарандарынын бирин баскынчынын разведкасы тергөө кылып жатканда разведка офицери ага: «Сен мечиттеги сабактарыңда Америкага асылып, Америка кресттүүлүк согушту жарыялады, деп айтыпсың?», – деди. Ал офицерге: «Америка кресттүүлүк согушту алып барып жатат деп, мен эмес, Америка президенти өзү айткан», – деп жооп берди. Офицер ага: «Кулак сал, Америка президенти айтууга акылуу болгон сөздү айтууга сен акылуу эмессиң», – деди. Ачык-айкын көрүнүп тургандай, өзү каалаган нерсени айтууга, мамлекети алып барып жаткан согушту кресттүүлүк согуш деп айтууга жана бул согушка диний түс берип, ал аркылуу кыргын жана ойрон кылууларды актоого Америка президенти эле эмес, анын Фалестинде орношуп алган эрке баласы яхудий вужуду да акылуу болуп турат.

(Израиль) премьер-министри Бинямин Нетаняху Фалестинге, Ливанга жана Яманга каршы (Израиль) баштаган агрессияны актап, түшүндүрмө берүү үчүн дагы Тауротко кайрылып, региондогу тең салмактуулукту өзгөртүү менен коркутту. Нетаняху министрлер кеңешинин жаңы министри Гидеон Саар менен биргеликте басма сөз конференциясында: «Тауротто жазылгандай, мен душмандарымды куугунтуктаймын жана аларды жок кыламын», – деди. «Биз Хизбулланын жетекчилерин өлтүрүү жана бүткүл Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык абалды өзгөртүү үстүндө туруктуу иш алып баруудабыз», – деп кошумчалады ал. (“Ал-Жазира”, 2024-жыл, 29-сентябрь).

Маселени дагы да айкындаштыруу үчүн ушуну айтабыз – Нетаняху мындан мурун 2023-жылы декабрда Газа секторуна кургактыктан жана абадан баштаган жырткыч чабуулду негиздөө үчүн дал ушул цитатаны колдонуп: «Ишаянын башараты жүзөгө чыгат», – деген. (“Ал-Жазира”, 2023-жыл, 4-декабрь). Бул башарат Түштүк Яхуда падышалыгынын яхудий пайгамбары деп таанылган Ишаянын китеби тауротто келген. Анда Фалестинди караңгылык капташы, Мисирдин ойрон болушу жөнүндө айтылган жана (Израилге) нур тийиши башарат кылынган. (“Ал-Жазира”, 2023-жыл, 24-декабрь).

Ошентип, эл аралык система өзүнүн бүткүл таянычы менен Ислам жана мусулмандарга чабуул кылып, аларды террорчу деп атоодо. Бул чабуулда эл аралык система өз чабуулун жашыруун алып баргандар менен ачык чабуул кылгандарга бөлүнгөн. Чабуулду жашыруун алып баргандар «мусулмандар (террорчулар) «кастык, душмандык иш-аракеттерди жана террорду» актоо үчүн шаръий нусустарды өзгөртүшкөн» деп айтышат. Ал эми ачык-ашкере чабуул кылгандар «проблема Исламдын өзүндө, анткени Ислам душмандыкка жана террорчулукка үндөгөн тексттерди, кастыкка толгон риториканы өз ичине камтыйт» дешет. Ошону менен бирге, бул система яхудийлердин кылмыштарын толук колдоп-кубаттайт. Эгер яхудийлер БУУ трибунасында тауроттогу диний тексттерден корутунду чыгарып геноцид согушту акташса, бул система аны ыраазылык менен кабыл алат, яхудийлер диний согуш алып барып жатышканын кайра-кайра жарыялашса, аларды колдойт. Акыйкатта болсо, бул кылмыштарды а түгүл баскынчынын аскерлери каралашты. Алар бул кылмыштардан үрөйү учуп рухий азап тартып жатышкандыктан бийликтен рухий жактан дарылоону талап кылышты. Кала берсе, бул кылмыштарды бардык калктар, айрыкча, Америка жана Европа эли өз бийликтеринин позициясына каршы чыгып каралашты. Көчөлөргө жана университеттерде миңдеген адамдар чыгып, бул кылмыштарды токтотууну талап кылышты жана каралашты.

Демек, Батыш өзүнүн эл аралык системасы менен – маселе Ислам жана мусулмандар жөнүндө болгондо – алар «диний экстремизм» деп аташкан нерсеге каршы күрөшүү үчүн бардык саясий, аскерий, финансылык жана маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салат. Эгер бирер мусулман аткаминер, жетекчи, сүйлөөчү, басма сөз кызматкери же өкүл Куръан Каримдин аяттарын же Расулуллах ﷺдын хадистерин далил кылып, шариятты колдонуу, илманийлик-секуляризмди, демократияны жана эл аралык укукту четке кагуу важибдигин айтса… Уммат Халифалык мамлекетинде биригиүүсү важиб экенин айтса… Батыштын кол салуусун токтотуу же Исламды жаюу үчүн Аллах жолунда жихад кылуу важиб десе… ал тургай яхудийлерге жана Батыштын чабуулуна каршы күрөшкөндөрдү мужахид деп, мужахиддердин өлтүрүлгөндөрүн шахид деп атаса… Батыш жана яхудийлердин кылмышын диний согуш деп сыпаттаса… бардык тарап чак-челекей болуп кетет. Ал адам сотко тартылып, аны кылмышкерге чыгаруу жана куугунтуктоо жөнүндө токтом чыгарылат. Бүгүнкү күндө мусулмандар Аллахтын Китебиндеги жана Расулуллах ﷺдын Суннатындагы жихад, шахид жана яхудий сыяктуу сөздөрдү телефондо, а түгүл соцаилдык тармактарда шарттуу белгилер менен өзгөртпөстөн колдоно алышпайт. Антпесе, алардын тагдыры кысымга алынуу жана сотко тартылуу болот.

Башка тараптан, ушул нерсеге күбө болуп жатасыңар – мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер, алардын бардык саясий жана дипломатиялык чөйрөлөрү, маалымат кражаттары жана негизинен өкүмдарлар ушул күрөштүн диний жана мафкуравий мүнөздө болушун ар бир форумда жана ар кандай трибунада кескин четке кагышууда. Ошондуктан күрөштүн диний жана мафкуравий мүнөзүнө Аллах Тааланын Китебинен эч бир аятты же Расулуллах ﷺдын Суннатынан эч бир хадисти атайылап далил кылып көрсөтпөй жатышат. Батыш аларды батыл итикаддарга каршы күрөшүү, жалгыз Исламды ээрчүү важиб болгон дин деп белгилөө, бир гана Исламды өкүмдар кылуунун важибдиги, жихад Ислам өркөчүнүн чокусу жана Ислам даъватын жаюу жолунда турган тоскоолдуктарды жок кылуу тарикаты сыяктуу маселелерди өз ичине алган Куръан жана Суннаттагы шаръий нусустарды жок кылууга буйругунда алар Батышка итаат кылууга чейин барышты. Алар бул нусустарды расмий кайрылуу-жарыядан гана эмес, Батыштын секулярдык жана капиталисттик түшүнүгүнө негизделген урпак-муунду даярдоо максатында окуу программаларынан да жок кылышты. Алар кожоюндарына итаат кылып, секуляризмден өкүм суроо, толеранттуулук, жат пикирлерди кабыл алууга алып барган тынчтык сыяктуу пикирлерди өнүктүрүү-жаюу үчүн өз ордунан башка орунга коюлган нусустарды далил кылып көрсөтүштү.

Азхар, Эл аралык Мусулман Уламаларынын Союзу жана Мусулман Уламаларынын Ассоциациясы сыяктуу эл аралык исламий институт жана уюмдар, көптөгөн уламалар, билип же билбестен, режимдердин жана өкүмдарлардын сөз нугуна кирип калышы абалды ого бетер начарлатты. Жада калса алар өз сөзүндө шаръий далилдерди, алардын далалаттарын жана абал-окуяларга туура келишин, алардын чечимдерин баян кылуу менен чектелишкен жок. Алар шаръий далилдерди Батыш алга сүргөн эл аралык укук, эл аралык мыйзамдуулук жана адам укуктары деп аталган эрежелердин системасы сыяктуу баалуулуктар, түшүнүктөр жана чечимдер топтомуна ылайыкташтырууга аракет кылышты. Акыйкатта болсо, алар уюм жана улама катары акыйкатты баяндап, ачык айтышы жана акыйкат тарапта турушу керек эле. Ислам өз акыйдасы жана түзүмү менен кеңири камтуучу дин болуп, ар кандай заман жана мекендеги бардык адамдар үчүн жарактуу. Ал индивидуалдык жана ырасымдык дин эмес. Тескерисинче, ал туруктуу колдонуу тарикатына ээ мамлекеттик дин. Аллах жолундагы жихад – Ислам даъватын жаюунун тарикаты. Ислам нуру жана рахматы бүткүл дүйнөнү камтышы кажет. Уламалар ушуну баян кылышы керек.

 Роя гезити, №516, 2024-жыл, 9-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here