Адамдарды азапка салган жакырчылык

28
0

Адамдарды азапка салган жакырчылык

БУУнун өнүгүү программасы жана Оксфорд университети жакырчылык жөнүндө изилдөө даярдады. Бул жаңы изилдөөгө ылайык, дүйнөдө бир миллиарддан ашуун адам өтө жакыр абалда, алардын тең жарымы жаңжалдар орун алган өлкөлөрдө жашашат. Дүйнөдөгү жакырлардын жарымынан көбүн (584 миллион) 18 жашка чейинки балдар түзөт. Жалпысынан дүйнөдө дээрлик 28% бала жакыр турмуш өткөрөт.

Бул жана башка статистикалар дүйнөдө жакырчылык, теңсиздик улам күчөп бара жатканын көрсөтүүдө. Дүйнө адилет жана байкерчиликке эмес, туңгуюкка карап бара жатат. Бүгүн адамдардын көпчүлүгү зарыл болгон муктаждыктарын камсыздоого кудурети жетпей, медицина, таалим сыяктуу коомдук зарылдыктар биякта турсун, өзүнүн курсагын тойгузууга чамасы келбей жатат. Учурда бир күндө 30 миңдей жаш бала ачкачылык себептүү көз жумат. (БУУ).

Мындан улам, азык-түлүк аз өндүрүлүп, ошон үчүн адамдар жакыр жашап атабы деген суроо туулушу мүмкүн. Бирок ошол эле БУУнун отчётторуна таянсак, планетабызда дүйнө калкына жетип, аша турган азык-түлүк өндүрүлөт. Бирок ошол көлөмдүн жарымы таштандыга ыргытылат. «Жылына 1,3 миллиард тонна азык-түлүк таштандыга ыргытылат». (БУУ). Ошол эле маалда Oxfam уюмунун баяндамасында дүйнөдөгү 2 153 миллиардердин мүлкү дүйнө калкынын 60%ын түзгөн 4,6 миллиард адамдын мүлкүнөн көп экендиги көрсөтүлгөн. Дүйнөдөгү 1% бай адамдардын мүлкү 89% жакыр жашаган адамдардын мүлкүнө барабар.

Бул абал биз жашап жаткан учурдагы капитализмдин адилетсиздигин, зулумун, теңсиздигин ачык-айкын көрсөтөт. Капитализмдин маңызы пайда-киреше болгондуктан, азык-түлүк жетиштүү өндүрүлсө да, бирок ал киреше алып келчү булак катары каралат. Башкача айтканда акчаң болсо аласың, акчаң жок болсо өлүмгө туш болсоң да ачка каласың. Себеби, капитализмде инсаний баалуулук жок. Анын эң башкы максаты жана баалуулугу – бул пайда. Ошон үчүн экономикалык жактан кирешелүү болбогондуктан жакырлардын саны миллиарддарга жетип, ал тургай күнүнө 30 миңдей жаш балдар ачкалыктан өлүм таап жатат.

Бул жаман акыбалдан чыгуу үчүн ал себеп болгон тамырды (капитализмди) түбүнөн жок кылуу керек. Себеби дал ушул капитализм жакырлардын өтө жакырлашып, байлардын дагы да баюусуна шарт жаратат. Ошондуктан капитализм жок болмоюн мындай зулум, адилетсиздик, теңсиздик, жакырчылык эч качан токтобойт, тескерисинче бул абал ого бетер начарлашы мүмкүн.

Бүгүн дүйнө эли капитализмдин жамандыгын, жараксыздыгын болуп көрбөгөндөй аңдап жеткен учур. Дүйнө эли альтернативаны издеп жатат. Бул альтернатива болсо – Ислам! Ислам гана байкерчилик жашоону жана адилеттикти камсыздоого жарактуу. Ислам – жакырчылык же башка маселелер болобу – бул инсандын проблемасы, аны чечүү зарыл деп билет. Ислам адамдын проблемаларына экомикалык жактан жандашпайт. Тескерисинче ал чечилиши важиб болгон маселе деп билет. Ал үчүн мамлекеттин ресурстарын, элдин кен байлыгын адамдардын проблемаларын чечүү үчүн жумшайт. Исламда жер асты жана үстүндөгү кен байлыктыр капитализмдегидей жеке тараптарга же чет мамлекеттерге берилбейт. Кен байлык элдин мүмлкү болуп, ар бир адамга бөлүштүрүлөт жана жакырчылыкты түп тамыры менен жок кылууга жумшалат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here