“Борбор Азия” терминин “Түркстан” деп атоонун артында эмне турат?

125
0

“Борбор Азия” терминин “Түркстан” деп атоонун артында эмне турат?

Түркиянын улуттук билим берүү министрлиги тарых окуу программасына толугу менен өзгөртүү киргизилгенин жарыялады. Жаңы программага ылайык, “Борбор Азия” термини “Түркстан” менен алмаштырылат. Бул тууралуу “TRT Haber” маалымат булагы кабарлады.

Түркстан, Туран, ТМУ (Түрк мамлекеттеринин уюму) – булардын баары белгилүү услубдар эсептелип, Батыштын, айрыкча АКШнын таасирин пикирий жана экономикалык жактан жайылтууну максат кылат.

СССРдин кулашы менен улуттук республикаларды бириктирип турган анын идеологиясы да урандыга айланды. Кийин, анын ордун көп жылдар бою Россия ээлеп, жаңы түзүлгөн “суверендүү” мамлекеттерди экономикалык, саясий жана аскерий таасири аркылуу өз орбитасы айланасында кармап калды.

Ага карабай, убакыттын өтүшү жана ыңгайлуу саясий шарттардын пайда болушунан улам, кандайдыр бир денгээлде экономикалык өнүгүүгө жетишкен региондогу айрым мамлекеттер экономикалык жана эгемендикти коргоо багытындагы максаттарын региондун күн тартибине чыгарып, амбициясын алга сүрөй башташты.

Иш жүзүндө Украинага каршы согуш ачып алган Кремль, Батыштын көрсөтмөсү алкагында күн өткөн сайын агрессор жана террористтик мамлекет катары таанылып барууда. Ал эми аны ээрчип алган малайлары да туруксуздук абалга кириптер болуп, экономикалык санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканы үчүн эл аралык коомчулук алдында аброюн жоготуу жана экономикалык чектөөлөргө кабылуу тобокелдиги алдында турат. Региондогу бул өлкөлөр Орусиядан экономикалык көз карандылыгын жана ошол эле учурда келечектеги кейиштүү божомолдорду эске алып, согуш аракеттеринин токтошун каалайт. Эгер бул үмүттөрү акталбаса, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, башка союздук мамилелерди издөөгө мажбур болушат.

Россиянын региондогу саясий авторитетинин солгундашын байкаган Түркия, Батыштын колониялык саясатын улантуу максатында, идеологиялык ыкманы колдонуп, тарыхка, улуттук жана салттуу баалуулуктарга болгон көз карашын өз ара аракеттенүүнүн баштапкы этабынын негизи катары сунуш кылууда.

«Туран» идеясы көбүрөөк мифологиялык негизге ээ. Ал эми “Түркстандын” тарых барактарында бир кездеги бирдиктүү аймакты чагылдырган реалдуу образы бар. Эми Түркия бул тарыхый фактыны баскынчы Россиядан же душман Кытайдан айырмаланып, ТМУнун алкагында аймакта таасирин арттыруу куралы катары колдонууга аракет кылууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, «Түркстан» тарыхый жактан Түркия менен байланыштуу болсо да, Ислам мурасынын натыйжасы болуп саналат жана анын Ислам башкарусу жана тарыхы менен тыгыз байланышы бар. Бул ага Исламдын түздөн-түз таасирин изилдөөгө түрткү берет. Албетте, Түркия мусулмандар биримдигинин кубатын колдонуу аркылуу алардын үстүнөн түздөн-түз көзөмөл орнотууга аракет кылат жана улуттук каада-салттын, үрп-адаттын макамын жогорулатып, аларды негизги өлчөөгө айлантууга аракет кылат.

Мисалы, Түркия тарабынан уюштурулган иш чаралардын биринин натыйжасы катары Астанада өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин муфтийлери коллегиясынын жыйынынын карап чыксак болот. Бул иш чара региондогу мусулмандардын улуттук жана салттуу баалуулуктарына багытталган документтерди кабыл алуу жана аларды ырастоого каратылган. Алардын максаты, региондо күч алып келе жаткан Куран жана Сүннөткө, башкача айтканда, мусулмандардын туура пикирлөөсүнө негиз боло турган фундаменталдык пикирлердин тунуктугун булгоого каратылган. Буга каада-салтка тиешелүү улутчул программаларды мусулман лидерлердин колу менен ишке киргизүү аркылуу жетишмекчи. Бирок, булардын геосаясий максаттарды эңсөөдөгү шайтан оюндарын ийгиликсиздикке алып келүүчү фактор бар. Мусулмандар канчалык алданбасын, аларга аброй жана ийгилик алып келүүчү мабдаий Исламга эртели кеч кайтуусу шек күмөнсүз.

Ошентип, “Борбордук Азия” терминин “Түркстан” деп өзгөртүү жараяны региондун расмий аталышынын алмашуусу гана түшүндүрбөйт. Балким, Ислам тарыхын колдонуу менен манипуляция жүргүзүү максат кылынган. Бул нерсе Батыш колонизаторлорунун региондогу мусулмандарга карата терең жана алда канча жашыруун пландарынан кабар берет. Албетте, алардын стратегиялык максаты региондогу кен байлыктарды Орусиядан айланып өтүп ташып кетүү.  Ал үчүн Батыш регионалдык картада өзү үчүн пайдалуу геосаясий абалды түзүшү зарыл.

Түркия жана анын жардамчылары сыяктуу, пайдубалы жок, улуттук сезимге негизделген уюшууга маашырканып, сыймыктанган өлкөлөргө айтаарыбыз, Ислам жана анын тарыхын бурмалоо менен колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кылуу силерге жакшылык алып келбейт! Эч бир улуттун тарыхы Ислам улутунун тарыхындай бийик болгон эмес! Бир гана Улуу Аллахтын таза дини жана Пайгамбарлык минхаж негизиндеги Халифалык гана улуттар арасын бириктирип, чыныгы жеңишке жана улуулука жеткирет!

Худжат Джамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here