Жаңылыктар

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم

 АДЕП-АХЛАК

 Мазаммат кылынган хулктар

(момундар жоготушу керек болгон хулктар) 

  1. Убадага тескери иш кылуу:

 Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

«آيَةُ الْمُنَافِقِ ثَلاَثٌ: إِذَا حَدَّثَ كَذَبَ, وَإِذَا وَعَدَ أَخْلَفَ, وَإِذَا اؤْتُمِنَ خَانَ»

«Мунафыктын аламаты үчөө: сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада кылса тескерисин кылат, аманат берилсе кыянат кылат» (муттафакун алайх).

Бул жердеги мунафыктык акыйдага эмес, амалга тиешелүү мунафыктык. Т.а. ишке байланыштуу мунафыктык – арам, акыйдага байланыштуу мунафыктык – куфр, Аллах Өзү сактасын. 

  1. Адеп-ахлаксыздык жана уят сөздөрдү сүйлөө:

Айша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в:

«… مَهْلاً يَا عَائِشَةُ عَلَيْكِ بِالرِّفْقِ, وَإِيَّاكِ وَالْعُنْفَ وَالْفُحْشَ …»

«…Секин, эй Айша, кичипейил бол, орой жана ахлаксыз болбо…», – деди.

 Муслимде дагы Айша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в.:

«… مَهْ يَا عَائِشَةُ, فَإِنَّ اللَّهَ لاَ يُحِبُّ الْفُحْشَ وَالتَّفَحُّشَ …»

«…Өзүңдү бас, эй Айша, себеби, Аллах адепсиздикти жана уятсыз сөздөрдүн сүйлөнүшүн жаман көрөт…», – деген (муттафакун алайх).

Айша р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«… إِنَّ شَرَّ النَّاسِ مَنْزِلَةً عِنْدَ اللَّهِ مَنْ تَرَكَهُ أَوْ وَدَعَهُ النَّاسُ اتِّقَاءَ فُحْشِهِ»

«…Аллахтын алдында эң жаман орундагы адам ушундай бир кимсе болуп, адамдар анын жаман мүнөзүнөн коркуп, аны менен мамиле кылбайт» (муттафакун алайх).

Ияз ибн Хаммар Мужашиий риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз с.а.в бир хутбасында:

«… وَأَهْلُ النَّارِ خَمْسَةٌ … وَالشِّنْظِيرُ الْفَاحِشُ …»

«…Тозок калкы беш тайпа: …жана ахлаксыз бейнамыс…» деген. Муслим риваяты.

Абу Дарда р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в:

«… وَإِنَّ اللَّهَ يُبْغِضُ الْفَاحِشَ الْبَذِيءَ»

«… Аллах ахлаксыз бейнамысты жаман көрөт», деген. Термизий жана ибн Хиббандан. Термизий муну сахих хасан деген.

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

«الْحَيَاءُ مِنَ الإِيمَانِ, وَالإِيمَانُ فِي الْجَنَّةِ, وَالْبَذَاءُ مِنَ الْجَفَاءِ, وَالْجَفَاءُ فِي النَّارِ»

«Уят ыймандан, ыйман болсо бейиште. Уятсыздык таштандыдан, таштанды болсо тозокто». Ахмад бул хадисти ровийлери ишенимдүү адамдар болгон санад менен келтирген. Термизий муну сахих хасан деген. Ибн Хиббан муну өзүнүн «Сахих»инде чыгарган.

Ибн Масъуд р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в:

«لَيْسَ الْمُؤْمِنُ بِالطَّعَّانِ, وَلاَ اللَّعَّانِ, وَلاَ الْفَاحِشِ, وَلاَ الْبَذِيءِ»

«Момун киши – кемсинте турган, наалаттай турган, ахлаксыз, намыссыз болбойт», – деген. Бул хадисти Термизий риваят кылып, хасан хадис деген.

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago

Азан чакырганда дуба кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Азан чакырганда дуба кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

7 days ago