Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Насаат ар бир мусулман үчүн
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун. Пайгамбар (с.а.в):
“Дин – бул насаат. Я Расулулла, кимге деп сурадык. Ал Зат: Аллага, Китебине, Пайгамбарына, мусулмандардын жетекчилерине жана бүткүл мусулмандарга”, – деди.
Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Сахих аль-Бухариге” шарх берип, “Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сөздөрү” бөлүмүндө айтат:
حدثنا مسدد قال: حدثنا يحيى عن إسماعيل قال: حدثني قيس بن أبي حازم عن جرير بن عبد الله قال: بايعت رسول الله صلى الله عليه وسلم على إقام الصلاة وإيتاء الزكاة والنصح لكل مسلم
“Бизге Мусаддад Жарир бин Абдулладан риваят кылып айтты. Мен Аллахтын Элчисине (саллаллаху алейхи уа саллам) намазды толук аткарууга, зекет берүүгө жана ар бир мусулманга насаат кылууга байъат кылдым”.
Урматуу угармандар!
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мусулмандардан намазды толук аткарууга, зекет берүүгө жана ар бир мусулманга насаат кылууга байъат алган. Мына ушунун үстүнө биздин чыныгы динибиз тикеленди. Аллахтын акысын берүү жана пенделердин акысын берүүнүн үстүнөн чыныгы динибиз тикеленди. Аллахтын акысы ага ширк келтирбестен ибаадат кылуубуз. Ал эми, мусулмандын мусулманга болгон акысы ага насаат кылуусу.
Эй мусулмандар!
Ушул күндө мусулмандын мусулман бир тууганына бере турган эң чоң насаат Аллахтын мыйзамын жер жүзүндө кайрадан орнотууга аракет кылгандар менен бирге амал кылууга чакыруу. Аллахтын душмандары болсо мусулман акимдер аркылуу шариятты колдонууга тоскоолдук кылышып ага каршы согушуусунун артынан кырсыктар, балээлер, заалимдик, бузукулук жайылды. Мусулмандардын бактылуу жана бейпил өмүр сүрүүсү тарыхта калып, азап-кайгы менен өмүр сүрүшүүдө. Улуулук жана кадыржамдык жашоосу кордук, бактысыздыкка айланды.
Насаат – мына ушул абалды өзгөртүүгө аракет кылбаган ар бир мусулманга кылынышы шарт. Акыйкат жана адилеттикти орното турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу экинчи халифалык мамлекетти, калктын акы-укуктарын калыбына келтире турган, ал тургай жер бетинде тең салмактуулукту калыбына келтире турган мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылбаган ар бир мусулман насаатка муктаж.
Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу халифалыкты тездет.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 1-Робиус Саани.
2024-ж, 4-октябрь.