Мэрия жол акыны 40 сомго көтөрүүнү сунуштады

79
0

Мэрия жол акыны 40 сомго көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол акыны 40 сомго кымбаттатууну сунуштады. Муну менен коомдук транспортто жол кирени карта менен төлөөгө кызыктыруу көздөлүп жатканы айтылууда.

Учурда автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында эле көтөрүлгөн.

Тилекке каршы, Кыргызстанда ар бир келген өкмөт калктын жонунан кайыш тилүү жолун карманууда. Өкмөт жол кирени кымбаттатуудан тышкары, айдоочулар үчүн милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизип, жол үчүн салык салууну сунуштап жатат. Жол үчүн алына турган каражат автунаага куюлган ар бир литр бензинге 1 сом кошулуп алынмакчы. Мындан тышкары, бензин жана дизел майларын маркалоо аркылуу да айдоочуларга салык салууну көздөп жатат. Булардын баары ансыз да каржалып турган калктын жакырчылыгын дагы да күчөтүшү талашсыз. Дүйнөлүк банктын отчётуна ылайык, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга өскөн. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда.

Үстүбүзгө капитализм колдонулганы себептүү бүт дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан калкы да мына ушундай зулумдар чеңгелинде жашап жатышат. Мунун каршысында Ислам байлык бир ууч капиталист-монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын түрдүү салыктарды төлөп зулумдук чегишине да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлыкты байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен, коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту ордуна коёт! Бул тең салмактуулукту зекет жана мурас өкүмдөрү сыяктуу шарий мыйзамдар толук камсыздап берет. Анткени, ал мыйзамдар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, балким, алар күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here