Газадагы кыргынга бир жыл: Кандай сабак алдык?

52
0

Газадагы кыргынга бир жыл: Кандай сабак алдык?

Шек күмөнсүз Палестина маселеси биздин акыйдабызга, ыйманыбызга тиешелүү болгон бүткүл мусулмандардын маселеси. Ал палестиналыктар же газалыктарга таштап коюла турган маселе эмес. Газа кыргыны башталгандан бери баскынчы жөөттөр Каабадан да ыйык болгон мусулмандардын канын тынымсыз агызууда. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: “Бир мусулмандын жаны Алла алдында Каабадан да урматтуу”.

Расмий маалыматтарга таянсак, 7-октябрдан бери Газада 42 миңден ашык мусулман курман болду. Алардын 16500ү наристелер. Жүз миңден ашык инсан ар кандай жараат алды. Он миңдеген инсан дайынсыз болуп, табыла элек. Газада имараттардын жарымынан көбү кыйраган.

Биз тынч уктап, күн кечирип жаткан ар бир саатта Газада 15 киши курман болууда. Бир жылдан бери Газага саат сайын 42 бомба атылууда. Мектептердин 85 пайызы жараксыз. Жолдордун 65 пайызы колдонуудан чыккан. Ал эми, 1,1 млн адам качкын болуп көчүп-конууга мажбур абалда.

Ооба, бүткүл дүйнөнүн көз алдындагы мындай кыргын биз мусулмандарга чоң сабак берди, бизге көп нерсени үйрөттү жана көрсөттү.

Алардын биринчиси, Аллага таянып, Ага ишенип аракет кылуу каапырлардын ар кандай курал-жарактарынан кубаттуу жана таасирдүү экенин үйрөттү. Ошондой эле, сабыр кылуу душмандардын ар кандай куралынан күчтүү курал экенин көрсөттү. Жардам башкалардан эмес бир гана Алланын алдынан экенин үйрөндүк.

Алла Таала айтат: “Эгер силерге Алла жардам берсе эч ким силерди жеңе албайт” (Аали Имран: 60).

Газа бизге азчылык коомдор көпчүлүктөн үстөм болоорун көрсөттү. Аллах айтат: “Алардын (ичинен) Аллага сөзсүз жолугарына ишенгендери: «Алланын каалоосу менен азчылыктар канчалган көп топту жеңген. Алла – сабырдуулар менен бирге» – дешти” (Бакара: 249).

Экинчиден, мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери Газа үчүн бош айыптоолордон башка эч нерсе кылбашын түшүндүк. Алар Газадагы кыргындарга көрүүчү гана болуу колдорунан келерин ырасташты. Алар Газадагы наристелердин, ар намысыбыз болгон аялдардын, кароого муктаж кары-картаңдардын өлүмүнө көрүүчү болушту. Алардын абалы кудум Курандагы “Ухдуд” калкы сыяктуу.

Демек, Газа маселесинин чыныгы чечими армиялардын аракетке келүүсүндө экени талашсыз. Газадагы бир туугандарыбызды куткаруу үчүн кошуундардын аракетке келүүсү важип! Ал эми, уламалардын жана жеке адамдардын мойнундагы жоопкерчилик эч бир жаманатты кылуучунун жаманатты кылуусунан тайманбай акыйкатты айтуу. Күч ээлерине өз мойнундагы жоопкерчиликтерин эскертип, аларды аткарууга мажбур кылуу. Пайгамбарыбыз (с.а.в) сахих хадисинде айтты:

«وَإِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан»

Демек, бүгүнкү Палестинадагы жана бүткүл дүйнөдө жабыр көрүп жаткан мусулмандарды үммөттүн калканы болгон, аларды бир желек астында бириктире турган халифа гана куткарат. Мына ушул чыныгы туура чечим!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here