Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

110
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскалани Фатх аль-Бариде “Сахих аль-Бухари”ге шарх берип, “Насаат жана үйрөтүүдө ачуулануу” бөлүмүндө айтат:

حدثنا محمد بن كثير قال أخبرنا سفيان عن ابن أبي خالد عن قيس بن أبي حازم عن أبي مسعود الأنصاري قال: قال رجل يا رسول الله لا أكاد أدرك الصلاة مما يطوّل بنا فلان، فما رأيت النبي صلى الله عليه وسلم في موعظة أشد غضبا من يومئذ، فقال: “أيها الناس إنكم منفرون فمن صلى بالناس فليخفف فإن فيهم المريض والضعيف وذا الحاجة“.

Бизге Мухаммад бин Касир Абу Масуд Аль-Ансариден риваят кылат. Бир адам айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси, баланча адам намазды  көпкө созгондуктан мен жамаат намазына келбей жатам”. Мен пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи уа саллам) хутбада ал күндөгүдөй ачууланганын көргөн эмесмин. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эй, адамдар, силер адамдарды качырып жатасыңар. Ким адамдарга имамдык кылса, намазын кыскартсын. Анткени, алардын арасында оорулуулар, алсыздар жана муктаждар бар”.

Сүйүктүү бир туугандар!

Парз жана парз эмес намаздарда мусулмандар үчүн намазды кыскартуу зарыл экендиги талашсыз. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) муну мындай иллеттеп түшүндүрдү: “анткени алардын арасында оорулуулар, алсыздар жана муктаждары бар”. Аллахтын Элчиси үммөттүнө кандай  мээрим төгүп жатканын карагылачы. Үммөт кээ бир нерселерге азгырылып, намаздарын ташташынан коркту. Алар жөнөкөй намазды узартканы себептүү башкалар динден узакташынан коркту. Баланчанын намазды узартканын укканда аябай ачууланды.

Эй мусулмандар!

Эгер Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ушуга окшогон жөнөкөй нерсеге ачуусу келип жатса, бүткүл үммөт куфр капитализмдин, демократиянын жана секуляризмдин  баткагында жашап жатканына Аллахтын  Элчисинин ачуусу кандай болот? Аллахтын каары кандай болот? Башынан аягына чейин мурунку үммөттөргө жеткен нерсе мусулмандарга жеткенине кандай ачуусу келет? Иттер тамак талашып үймөлөктөшкөндөй колонизатор каапырлар үммөтүнүн үстүнө үймөлөктөшкөнүнө карата ачуусу кандай болот? Бул нерселерге намаздагыдан да ачуулануусунда шек жок.

Ушундай болгон соң, качан үммөт ойгонуп, эсине келип, ушул  абалды өзгөртүүгө аракет кылат? Качан ордунан туруп, коркуу чепкенин чечип, үнүн бийик чыгарып: “Лаббайка (Сенин буйругуң менен) эй Расулуллах, сенин буйругуң менен эй Аллахтын элчиси” – деп кыйкырат?

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу  халифалык мамлекетин тездет. Оо Аллахым, Өз нуруң менен жер жүзүн жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 29-робиул аввал

2024-ж, 2-октябрь

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here