Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

7
0

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын кирешеси 2019-жылы 1,6 млрд сомду түзгөн болсо, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,8 млрд сомго жетти. Ал эми, 2024-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешеси дагы эселеп көбөйөрү күтүлүп жатат. Себеби, учурда турак жай жана авто унааларды милдеттүү камсыздандыруу талап кылынып жатат. 2024-жылдын 1-сентябрына карата турак жайды камсыздандыруу боюнча 159 миң 331 келишим түзүлгөн. Бул өткөн жылдагыдан алда канча көп. Министрлер кабинетинин төрагасы 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу аймакта жайгашкан үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын койду. Турак жай жана унааны милдеттүү камсыздандыруу жараяны бир айдан бери ишке ашырылып келе жатат.

Учурда элдин нааразылыгына карабастан милдеттүү камсыздандыруу талап кылынууда. Адамдардын бул нааразылыгын басуу үчүн турак жайды же унааны камсыздандыруунун баасы төмөн көрсөтүлүп айтылууда. Бирок, камсыздандыруу мыйзамдары толук ишке киргенден кийин бул сумма жыл сайын жогорулап, элге оор жүк болушу турган кеп.

Учурдагы капитализм системасында экономикалык өнүгүүгө элдин канын соргон камсыздандыруу төлөмдөрүн жана салыктарды көбөйтүү аркылуу жетүүгө умтулат. Ошондуктан милдеттүү камсыздандыруу киргизилип, улам-улам жаңы салыктардын түрү жана өлчөмү көбөйүүдө. Жеке компаниялар адамдардын турак жайларын камсыздандыруу аркылуу үлкөн кирешелерди таап жатса, мамлекет камсыздандыруу системасы аркылуу салык алып бюджетти толтурууну жана кырсыкта жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү жоопкерчилигинен качууну көздөп жатат. Анысы да аз келгендей, элди келе турган кырсыктар менен коркутуп, бул мыйзамга мажбурлап, чиновниктер мамлекеттик компания аркылуу да, өздөрүнө караштуу жеке компаниялары аркылуу да элдин жон терисинен байлык топтоп жатышат.

Эң негизгиси милдеттүү камсыздандыруу мусулмандар үчүн арам. Биринчиден, ал бүтүм. Себеби, ал эки тарап ортосундагы келишим болуп, сунуш жана кабыл алууну өз ичине алат. Сунуш камсыздандыруучу тарабынан, кабыл алуу болсо компания тарабынан болот. Демек, бул бүтүм шариятка дал келиши үчүн келишимдин шарттарын камтышы керек. Шаръий бүтүм нерсенин өзүнө же кызыкчылык негизине түзүлүшү керек. Ал эми, бийлик ишке ашырып жаткан камсыздандыруу милдеттүү түрдө болгондуктан, жарандардын анда кызыкчылыгы да жок, алар тарабынан сунуш да болбогон.

Андыктан, кыргыз бийлиги мусулмандардын каражаттарын капиталисттерге тапшыруунун ордуна өндүрүшкө, өнөр-жайга, завод жана фабрикалар курууга багытташы керек! Андан тышкары, компаниялар компенсацияны жөн эле бере койбойт. Компенсация берилиши үчүн кырсык келишимде көрсөтүлгөн шарттарга туура келиши керек. Ушул себептен улам, камсыздандыруу системасы жолго коюлган өлкөлөрдө камсыздандыруу компаниялары менен соттошуп жүргөн адамдар арбын.

Негизи, Аллах Таала акимдерге калкты камкордук менен башкарууну буйруган. А бул капиталисттик өкмөттөр болсо, калк кызыкчылыгына каршы түрдө, өз кызыкчылыктары жолунда калктын жонунан кайыш алууда.

Аллах таала айтат:

“Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен башкарбаса, алар залимдер”.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here