Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

29
0

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору Эламан Муратов билдирди.

Анын айтымында, ишкана тоо кендери боюнча чыгымдар, жасала турган жумуштар жана запастарды аныктоо иштери камтылган беш жылдык план кабыл алган. Анын ичинде Жетим-Тоо кени да бар. Учурда долбоор даярдалып экспертизага берилген.

“Чалгындагандан кийинки жумушту Кыргыз геология кызматына өткөрүп беребиз. Биз кендин запасын бекитип беребиз. Андан ары же аукционго коёт же инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”, – деди Муратов.

Комментарий:

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоо кенинде беш миллиард тоннадай темирдин кору бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзүп, жергиликтүү тургундар кенди казууга каршы чыгышкан. 2020-жылдын ноябрь айында Кытай тарап карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуунун каршысында Жетим-Тоо кенин иштетүү талабын койгону тууралуу маалыматтар нааразылыкты дагы да күчөткөн.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик карыздын акысына Кытай эмнени талап кылып жатканын расмий жарыялабаганы менен, Садыр Жапаров президенттик шайлоонун алдында Жетим-Тоо темир кени чет элдиктерге берилбестигин айткан. Муну менен Кытайдын талабы Жетим-Тоого байланыштуу экенин кыйыткан. Кытай өкмөтү буга чейинки келишимдерди аткарууну олуттуу талап кылбаса да, элдин Кытайга каршы маанайы өзгөрүп барган сайын ошол келишимдерди ишке ашырууга киришет.

Акыркы он жылдыкта Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу өтө активдүүлүк менен күчөп баратканы жашыруун эмес. Өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык. Кытай ишканалары ишмердиги жөнүндө эч кандай отчёт беришпейт. Мындан улам канча көлөмдө кен казып жатышканы, канчасын өлкөдөн алып чыгып жатышканы да белгисиз. Президент Жапаров алтын ж.б кендерди рудасы менен өлкөдөн ташып чыгууга уруксат берген жарлыгы да жогорудагы кытай компанияларынын кызыкчылыгына кызмат кылышы шексиз. Бул болсо кайрадан кен байлыктардын эсепсиз агылып чыгышына жол ачат. Демек, учурда Кызыл-Омпол менен Жетим-Тоо кенин иштетүү аракетинин артында да кытайдын кызыкчылыгы турушу толук мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, колонизатор мамлекеттер Кыргызстан сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттерине өнөржайды өнүктүрүү үчүн карыз беришпейт. Алар карыз берип жатканда ал каражат көрктөндүрүү, жол салуу, маданият же спорт комплекстери сыяктуу мамлекетке киреше алып келбей турган тармактарга жумшоо шарты менен берет. Натыйжада карызды кайтаруу убагы келгенде алынган карызды эле эмес, үстөк пайызын төлөөгө да алсыз болуп калган мамлекет колонизаторго көз каранды болуп, анын жаңы шарттарын аткарууга мажбур болот. Тагыраагы, акыры карызын жер жана кен-байлыктар түрүндө төлөөгө мажбур болушат.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here