Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш

6
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Сахих аль-Бухариге” жазган шархында Аллах Тааланын: “Талашып тартышуучу душмандардын эң жаманы” аттуу бабында айтат:

حدثنا أبو عاصم عن ابن جريج عن ابن أبي مليكة عن عائشة رضي الله عنها عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “إن أبغض الرجال إلى الله الألد الخصم“.

Абу Аасим бизге Ибн Журайждан, Ибн Абу Маликадан, Айшадан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Адамдардын Аллахтын алдында эң жек көрүлгөнү (акыйкатты кабыл алуудан качып) талашып-тартышуучу душмандар”.

 Сүйүктүү бир туугандар!

Бул үммөт бул дүйнөдө жана акыретте бакубат жашоо үчүн жаралган. Мээримден ажыралган абалда адилетсиздик, кордук, зулумдук сазында жашоо үчүн жаралган эмес. Учурда үммөт уруш-талаш, кастык абалында жашоого мажбур болууда. Талаш-тартыштар жана кастык акимдер менен үммөттүн арасында жогорку чекке жетти. Кантип анан андай болбосун. Акимдер өз элине, үммөтүнө душмандык кылып, өлтүрүп, камап, эзип, куугунтук кылышты. Ал эми, аким менен үммөттүн арасындагы талаш-тартыш жана душмандыктан жаманыраак талаш-тартыш жок.

Эй мусулмандар!

Биз мусулмандар, Роббибиз бизге буюрган нерсени жана Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) биз үчүн кабыл кылган нерселерди гана кабыл алабыз. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мусулманды өзүн кемсинтүүдөн тыйган. Мусулман адилетсиздикти, кордукту кабыл албайт. Ал зулумдукка унчукпай турбайт. Аллах түшүргөндөн башкасы менен өкүм жүргүзгөн адилетсиз акимдердин эч бирине моюн сунуу мүмкүн эмес. Учурда эч бир аким шарият менен башкарбагандыктан, аларга баш ийүү мүмкүн эмес. Азыр Батыштын кулдарына айлангандар Ислам үммөттүн башкарууда. Бул рубайбиза акимдер жер жүзүндө менменсинип, адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөндөр. Алар Аллах үчүн эң жек көрүндү адамдар.

Андыктан, аларды сарайларынан кууп чыгып, колубуздан келишинче толугу менен кулатуу аркылуу акыйкат имаратын көтөрүү зарыл. Мына ушул Ислам мамлекети тикеленген соң чыныгы эсептешүү болот. Аллах Таала айтат:

{وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ}.

(ошондо) Зулумдук кылгандар кай тарапка барарын билишет”. (Шуараа: 227).

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу  Халифалык мамлекети тикеленишин тездет. Оо Аллахым, Өз нуруң менен жер жүзүн жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 26-Робиул аввал

2024-ж, 29- сентябрь

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here