Макала

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حدثني محمد بن بشار حدثنا محمد بن جعفر حدثنا شعبة عن فرات القزاز قال: سمعت أبا حازم قال: قاعدت أبا هريرة خمس سنين فسمعته يحدث عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “كانت بنو إسرائيل تسوسهم الأنبياء، كلما هلك نبي خلفه نبي، وإنه لا نبي بعدي وسيكون خلفاء فيكثرون، قالوا: فما تأمرنا؟ قال: فوا ببيعة الأول فالأول، أعطوهم حقهم فإن الله سائلهم عما استرعاهم“.

Мухаммад бин Башар Абу Хурайрадан риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “израил уулдарына пайгамбарлар саясат жүргүзүшөр эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок, халифалар болот. Алар көп болот. Сахабалар «бизди эмнеге буюрасыз?» деп сурашты. Айтты: Эң биринчисинин жана дагы эң биринчисинин байъатына бапаа кылгыла (аткаргыла). Алардын акыларын өздөрүнө бергиле. Анткени, Алла алардан калкты кандай башкаргандыгы жөнүндө сурайт.

Урматтуу бир туугандар!

Аллах Таала адамдарга пайда бере турган иштердин эч бирин калтырбастан ачык айкын баяндаган. Бул иштердин эң маанилүүсү  башкарууга тиешелүү. Башкаруучу кандайча дайындалат? Анын дайындалышы үчүн кандай шарттар бар? деген суроолорго ачык жооп берилген. Бул жерде биз Аллах адамдардын үстүнөн башкарууну пайгамбарларга тапшырганын көрөбүз. Бирок Мухаммад (с.а.в)дан кийин пайгамбар жок. Анда эл өзүн кантип башкарат? Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага: “менден кийин халифалар болот жана алар көп болот”, деп  ачык жооп берди. Ал тургай, сахабалардан байъаттардын бир-бирден аткарылуусун талап кылды.

Эй мусулмандар!

Бул күндөрдөгү адамдардын абалы таң калычтуу! Андагы  аалымдардын абалы мындан да таң каларлык! Кантип бул хадисти окуп, көргөн чакта бир халифаны дайындоо парз экенин түшүнүшпөйт?! Алардын бири да Куран жана Сүннөт менен өкүм кылбаган 57 акимге кантип унчукпай карап отурушат?! Алар үммөткө жүктөлгөн милдетти түшүндүрбөсө, алардын аалымдыгы кайда? Башкача айтканда, шарий өкүм Расулулла (с.а.в) бул хадисте жана башка хадистерде талап кылгандай, Куран жана Сүннөттүн негизинде үммөттү башкара турган бир халифаны дайындоого аракет кылууну баяндоону талап кылбайт беле?

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 25-Робиул аввал.

2024-ж, 28-сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

3 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

4 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

4 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

4 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

5 days ago