УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!
Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясы өтүүдө. БУУнун Башкы Ассамблеясы – Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңеш берүүчү, көрсөтмө берүүчү жана өкүлчүлүктүү органы. Ага БУУнун бардык 193 мүчөсү кирет. Башкы Ассамблеянын сессиясында ар тармактагы эл аралык маселелер талкууланат жана сессия жылына бир жолу өткөрүлөт. Башкы Ассамблея резолюция кабыл алышы мүмкүн жана ар бир мамлекет бир добушка ээ. Резолюция кабыл алынышы үчүн сессиядагы мамлекеттердин үчтөн эки бөлүгү «макул» деп добуш берүүсү жетиштүү. Бирок, Коопсуздук Кеңешинен айырмаланып, Башкы Ассамблеянын резолюциялары милдеттүү эмес, сунуштоочу гана мүнөзгө ээ.
Башка өлкөлөрдүн жетекчилери сыяктуу Садыр Жапаров да БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сөз сүйлөдү. Ал өз баянында негизинен эки эл аралык маселени ачыктап өттү. Биринчиси – бул куралданууга сарпталган чыгымдардын тынымсыз өсүп жатканы жана жаңжалдардын адамдарга тийгизген жаман акыбеттери. Ал: «Алдыңкы державалар ири каражаттарды куралдуу күчтөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, арсеналдарды кеңейтүүгө жана жаңы, кыйратуучу куралдардын түрлөрүн иштеп чыгууга жумшап жатышат», – деди. Анын сөзүнө ылайык, куралга кеткен чыгымдар жана чыр-чатактар көптөгөн мамлекеттерге кыйратуучу таасирин тийгизип, жакырчылыкты жана теңсиздикти ого бетер күчөтүп жатат.
Экинчиси болсо – жакыр мамлекеттерге натыйжалуу жардам берилбей жаткандыгы. “Дүйнө лидерлери ондогон жылдар бою жакырчылыкты жоюу зарылдыгы жөнүндө айтып келишет, бирок бул үчүн өздөрүндө жетиштүү эрк болбой жатат”, – деди Жапаров. Ал бул маселелерди чечүү үчүн куралданууга кетип жаткан каражаттарды адамдардын өнүгүүсүнө жумшоо керектигин айтып, бай мамлекеттер жакыр мамлекеттерге жардам берүүсү, кызматташуусу зарыл экенин белгиледи.
Чындыгында, бүгүнкү күндө эл аралык майданда адилетсиздик өкүм сүрүп жаткандыгы акыйкат. А бирок, дүйнөнүн ар тарабында болуп жаткан бул жаңжалдардын, кыргындардын, ачарчылыктын, качкындыктын, теңсиздиктин түпкү себебин аныктоо керек. Андан кийин ошол себепти жоюу үчүн аракет кылуу зарыл. Себепти аныктабастан аракет кылуу эч бир натыйжага алып барбайт.
Учурда болуп жаткан жаңжалдарды дыкат карап чыксак, ар бир жаңжал же согуштун артында ири мамлекеттердин башы кылтайып көрүнөт. Дүйнөдө болуп жаткан чыр-чатактардын эч бири алардын аралашуусусуз болбойт. Кээде ири державалар түздөн-түз өзүлөрү – Ирак жана Афганистанда болгондой – жаңжал чыгарышса, кээде өзүлөрүнүн малайлары аркылуу чыр-чатак чыгарып, парда артынан аларды башкарып турушат. Эмне үчүн? Себеби ири мамлекеттер башка өлкөлөрдүн байлыктарын, ресурстарын талап-тоношууда. Бул өлкөлөр алардын чийки сырье менен камсыздоочу жана колонизаторлордун продукциясын керектөөчү базарларга айланышкан. Ошондуктан ири мамлекеттердин кызыкчылыктары кагылышкан жерде жаңжал чыгат. Ири мамлекеттер малайларын ишке салып, парда артында өз ара күрөш алып барышат. Алар үчүн адамдардын өмүрү кыйылып жатканы да, өлкөлөр кыйрап жатканы да эч бир мааниге ээ эмес. Башкача айтканда ири мамлекеттер үчүнчү дүйнөнүн ресурстарын талап-тоноо, таасирин жаюу үчүн өз ара күрөш алып барышат. Ири мамлекеттердин ортосундагы мындай таасир талашуу күрөшүнүн акыбетинде адамдар кыргын болуп, качкындык, ачарчылык көйгөйлөрүнө туш болушат.
Демек, бүгүнкү эл аралык майдандагы чыр-чатактар, ачарчылык, теңсиздик ири мамлекеттердин өз ара күрөшүнүн натыйжасы болуп эсептелет. Алар материалдык пайда үчүн болгон күрөштө эч нерседен кайра тартышпайт. Буга мисал биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар. Алар дүйнөнү бөлүп алууда өз ара согушуп, алардын өз ара күрөшү адамзат тарыхында болуп көрбөгөн согушка алып келди, натыйжада миллиондогон адамдар набыт болду жана өлкөлөр кыйрады.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ири державалар өзүлөрүнүн “кожоюндук” макамын сактап калуу жана колониялдык саясатын улантуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмун түзүштү. Бул уюм ошол колонизатор державаларга, өзгөчө АКШга кызмат кылып келе жатат. Ошон үчүн баёолукту токтотуп, БУУнун чыныгы маңызын көрүп аңдашыбыз өтө зарыл. Себеби, БУУнун ар кандай долбоорлору жалаң гана колонизаторлордун пайдасына жол ачат. Бул ач көз колонизатор державалар турганда дүйнөдө адилеттикти, тынчтыкты көрүү мүмкүн эмес. Себеби алар ресурстарды талап-тоноо, кызыкчылык, таасир талашуу үчүн күрөштү эч качан токтотушпайт.
Андыктан мусулмандар көйгөйдүн чечимин учурдагы капиталисттик системадан эмес, өз Исламыбыздан табууга аракет кылуубуз шарт. Бул үчүн үстүбүздөгү зулумдукка жана колонизаторлорго каршы күрөшүү зарыл. Бул күрөш Исламга кайтуу, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен жыйынтыкталууга тийиш. Анткени, Халифалык гана мусулмандарды эле эмес, бүткүл дүйнөнү колонизаторлордун зулумунан куткарууга кудуреттүү.
Харун Абдулхак