Жаңылыктар

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү үчүн мезгил кутусун салды. Иш-чара учурунда ал кенден титаномагнетитти өндүрүү ишин мамлекет колго алып, долбоорду каржылоо булактары аныкталаарын айтты.

Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Жапаров алардын баасы 300 млрд долларга чейин жетерин айткан. Анын ичинде урандын 13 миң тонна, торийдин 29 миң 252 тонна запасы бар. Ал эми титан-магнетиттин көлөмү 14 миллион тонна деп эсептелген.

Белгилүү болгондой, Кызыл-Омпол боюнча талаш-тартыш 2019-жылы күчөгөн. Ушул жылы Путин баштаган орусиялык делегация Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын учурунда көптөгөн ачык жана жашыруун келишимдер түзүлгөн. Натыйжада, экономикалык жактан бардык кен байлыктарды Орусия энчилеп, андан артканы гана башкаларга бериле турган болгон. Бирок, Орусияга берген убадаларды аткарууда Жээнбековдун бийлиги алсыздык кылды. Элдин каршылыгынан улам Жээнбеков Кыргызстанда уран казып алууга мораторий жарыялоого аргасыз болду.

Учурда Жапаровдун бийлиги аталган кенди иштетүүгө шымалана киришип жатат. Кызыл-Омполдо калктын саламаттыгы үчүн кооптуу заттар болушуна карабай, анын пайдасын бетке кармашууда. А бирок, уран кенин иштетүү эл үчүн чындап эле көйгөй болуп эсептелет. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Андагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Анын зыяны суу жана шамал аркылуу таркалат. Казып алынган сыръёну тоо-кен фабрикасына ташып жеткирүү да кооптуу. Эгер уран жүктөлгөн контейнерлер аварияга учурагыдай болсо, аны зыянсыз деп алдап кетишет, бирок, эл зыянын тарткан бойдон калат. Мындай окуяга Барскоондогу цианид авариясында күбө болгонбуз.

Түпкүлүгүндө, уран да, башка нерселер сыяктуу эле адамзат пайдаланышы үчүн Аллах тарабынан берилген бир нээмат. Бирок, аны Аллах буйругандай пайдаланбасак, адамзат үчүн нээмат эмес, балээ болот. Азыр капиталисттик системада бул уран кенинин иштетилишине пайда өлчөө кылынып, империалисттердин жеке компанияларына берилип жатат. Мында анын адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Анткени, аларга пайда болсо болду, башка нерсени ойлоп да коюшпайт. Ислам болсо, буга экономикалык өлчөө менен эмес, адамдын муктаждыгын чечүү керек болгон проблема катары карайт. Ошондуктан, уран качан адамдарга зыянсыз болсо гана иштетилет.

Буга кошумча, шариятта кен байлыктар жалпы элдик мүлк болуп саналат. Анын өзү же пайдасынын үзүрүн ар бир жаран тең көрүүсү керек. Ал эми, капитализмде кен байлыктардын пайдасын бир ууч капиталисттер көрүүсүнө шарт жаратып берилген. Ошондуктан,  кен байлыктарды кафир державаларга жана алардын компанияларына берүү арам болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Индонезиядагы саясий окуялар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо:  2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…

1 day ago

Кыргызстанда кабыл алынып жаткан дин тууралуу мыйзам эң либералдуубу?

Кыргызстанда кабыл алынып жаткан дин тууралуу мыйзам эң либералдуубу? «Кыргыз Республикасындагы дин тууралуу мыйзам —…

1 day ago

Газада геноцид башталганына бир жыл болду Ислам Умматы жана анын армиялары рошид Халифалыкты тикелеп, Фалестинди азат кылышы керек!

Басма сөз баянаты Газада геноцид башталганына бир жыл болду Ислам Умматы жана анын армиялары рошид…

2 days ago

Умматтын калканы болгон Халифалык мамлекети кайра тикеленмейинче Газа аялдары жана жаш балдары кыргын болушу таптакыр токтобойт

Басма сөз баянаты Умматтын калканы болгон Халифалык мамлекети кайра тикеленмейинче Газа аялдары жана жаш балдары…

2 days ago

Ливан фронтун Газадан бөлүү – баскынчы душман менен жарашууга жана мамилелерди нормалдаштырууга кадам!

Басма сөз баянаты Ливан фронтун Газадан бөлүү – баскынчы душман менен жарашууга жана мамилелерди нормалдаштырууга…

2 days ago

«Акса ташкынынан» бир жыл өтүп

Басма сөз баянаты «Акса ташкынынан» бир жыл өтүп «Акса ташкыны» шексиз Умматта да, дүйнөдө да…

2 days ago