Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

14
0

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана башка техникалардын жарылуусунан 37 кишинин өмүрү кыйылып, 3500дөй адам жарадар болду. Бул тууралуу Ливандын Саламаттыкты сактоо министри билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи күндөгү пейжерлердин жарылуусунан 12 адам каза болгон. Алардын арасында бир нече жаш балдар бар. Ливандын БУУдагы өкүлүнүн айтымында, аппараттар өлкөгө ташылып келгенге чейин кайра жасалган. Ал эми, Американын NYT агенттиги “израил” үч эл аралык пейжер компаниясын түзгөнүн, хизбуллага берилген аппараттардын ичинде жардыргыч заттары бар батареялар болгонун жазды.

“Хизбулла”нын расмий өкүлү өткөн жылы 5000 даана пейжер аппараттарына буюртма берип, алар жыл башында өлкөгө келгенин айтты.

“израил” армиясы муну менен эле чектелбей, 19-сентябрда Ливандын түштүгүндөгү жүзгө чукул турумга чабуулдарын жасады. Ал эми, “хизбулла” жетекчиси Насрулла жооп катуу болоорун, Газадагы согуш токтогонго чейин Ливан чек арасындагы согуш токтобой турганын кайталады.

Комментарий:

Белгилүү болгондой жөөт өкмөт башчысы Нетаняху АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжасын көрмөйүнчө ар кандай шылтоолор менен Газадагы согушту улантып келүүдө. Ал яхудий вужудуна Байден администрациясынан дагы да көбүрөөк жардам бере турган республикачылардын бийликке келишин эңсеп жатат. Нетаняху буга чейин Вашингтонго жасаган сапарында Трамп менен жолугушуп, Конгресстеги республикачылардан да толук колдоо алган. Ошондуктан, Нетаньяху АКШдагы шайлоонун натыйжалары белгилүү болгонго чейин тобокелдикке барууда. Буга кошумча, жөөт өкмөтүнө өлкө ичиндеги нааразылыктарды басаңдатуу үчүн Хизбуллага карата чабуулдар маанилүү болуп турат.

Тилекке каршы, Палестинаны курчап турган жана башка аймактагы мусулман өлкөлөрүнүн сүкүт сактоосу жана кыянаттыктары жөөт бийлигин дагы да эсиртип, кайраттандырууда. Түпкүлүгүндө, яхудий вужуду согуша турган жана жеңишке жете турган калк эмес. Тескерисинче, Аллах Таала Өзүнүн аятында аларды минтип сыпаттаган:

﴿لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾

«Алар силерге азар берүүдөн башка эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер, силер менен согушса артына карап качышат. Кийин аларга (эч ким тарабынан) жардам берилбейт» [3:111].

Көрүнүп тургандай, яхудийлерге каршы согушуп жаткан ыймандуу жаштардын саны жана курал-жарактары аз болушуна карабастан, яхудий вужуду ушул күнгө чейин жеңишке жетпеди. Эгер мусулман кошуундар аракетке келсе жөөттөрдүн акыбети анык белгилүү. А түгүл, бүткүл мусулман кошуундары эмес, Палестинанын айланасындагы эле кошуундар аракетке келсе бул вужуддун жок болушу талашсыз. Демек, проблема ушул армияларды казармаларда камап жаткан режимдерде. Бул малай акимдер мусулмандардын душмандары болгон кафирлерге берилип кызмат кылууда. А бирок, калыс мусулмандардын аракети жөөт баскынчыларынын кылмыштарын токтотуп, Аллахтын жардамы менен жеңишке жетери шексиз.
Бухарий Абдуллах ибн Умардан риваят кылат:

«تُقَاتِلُكُمُ الْيَهُودُ فَتُسَلَّطُونَ عَلَيْهِمْ»

«Яхудийлер силерге каршы согушат. Андан кийин Аллах силерди алардын үстүнөн жеңишке жеткирет».

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here