Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

159
0

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1 форматындагы экинчи саммит болуп өттү. Саммиттин алкагында алты өлкөнүнү лидерлери биргелешкен декларацияга кол коюп, бир катар ири долбоорлор талкууланды. Саммитте бизнес, мунай-газ, минералдык ресурстар багытында Борбор Азия менен Германиянын кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгы тууралуу да сөз болду.

Саммиттин алдында Германия канцлери Өзбекстанга расмий сапар менен барган. Анын алкагында Өзбекстан менен Германиянын ортосунда миграция боюнча келишим түзүлдү. Бул өз кезегинде немис коомчулугунда бийликтин миграция саясатына карата нааразылык маанайын азайтууга кызмат кылмакчы. Анткени, өзбек бийлиги Германиядагы афган мигранттарын депортациялоого ортомчулук кызматты аткара турган болду. Ал эми, афган мигранттарынын ордуна кесип менен алектенген өзбек мигранттары жөнөтүлмөкчү. Учурда Германияда 225 миңден ашык депортация кылына турган мигранттар бар.

Мындан тышкары, Германия Өзбекстандан чийки ресурстарды ташып кетүүгө кызыктар. Өзбекстан менен Германия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 1 миллиард евродон ашты. Жыл башынан бери немис компаниялары Өзбекстандын экономикасына 800 миллион евро инвестиция салышты. Жалпысынан Өзбекстанда Германиянын 215 инвестициялык долбоору иштеп жатат.

Канцлердин расмий сапары андан ары Казакстанда уланды. Германия Украина согушу себептүү Орусиядан ташыган мунай-газ импорту токтоп калган эле. Өндүрүштүк талаптардан улам бул ресурсту импорттоого альтернатива издеп келет. Өз кезегинде Казакстан президенти Токаев Германияга мунай-газ экспортун көбөйтүүгө даярдыгын билдирди. Эки өлкөнүн соода алмашуусу өткөн жылы 3,9 млрд долларды түзсө, үстүбүздөгү жылдын жети айында 2,3 млрд долларга жетти. О.э Казакстанда 55 млрд долларлык биргелешкен инвестициялык долбоорлор иштеп жатат.

Мындан тышкары, Германия Транскаспий транспорттук коридору боюнча кызматташууга кызыктар. “Ортоңку коридор” деп аталган долбоор Кытай, Борбор Азия жана Европаны Казакстан аркылуу туташтырат. Аталган долбоорго немис бийлиги 10 млрд евро бөлүүгө макулдук берген.

Казакстандагы саммиттин алкагында кыргыз президенти Садыр Жапаров менен Германия канцлери да өзүнчө жолугушту. Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы эки өлкөнүн ортосунд соода жүгүртүүнүн көлөмү 430 млн доллар болуп, мурунку жылга караганда 2,4 эсеге көбөйгөн. Германиянын өлкөдөгү инвестициясы 21 млн долларды түзгөн. Соңку жылдары кыргыз мигранттарын Германияда жумушка орноштуруу иши активдүү алып барылууда.

Эске салсак, былтыр сентябрда Берлинде “Германия – Борбор Азия” саммити биринчи жолу өткөн.  Берлиндеги жолугушууда Германия президенти Штайнмайердин “Чоң чатак жана татаал коңшуңардан коркпой эле койгула, биз силерди алардын алдында жалгыз калтырбайбыз. Биз жаныңарда болобуз, бизге таянсаңар, ишенсеңер болот” деп айткан жайы бар. Ал “чоң, чатак жана татаал коңшулар” деп Орусия менен Кытайды айтып жатканы белгилүү. Мындан Германия Борбор Азияда таасирин күчөтүүнү көздөп жатканы ачык белгилүү болгон.

        Февраль айында Украинага согуш ачкан Орусия согуштун созулуп кетиши жана АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин ага каршы салган санкциялары себептүү саясий, аскерий жана экономикалык жактан оор абалга кептелип калды. Орусиянын бул согушта тез эле жеңишке жетишүүнү жана НАТОнун өз чегараларына карай кеңейишине тосук коюуну көздөгөн пландары кумга сиңип кетти. Орусиянын алдан тайып барышы ал өз колониясы катары карап келген Борбор Азия үстүндө ири күчтөрдүн таасир талашын күчөтүп жиберди.

Германиянын “С5+1” саммитин уюштуруусу ушул таасир талашуу күрөшүнүн алкагында уланууда. Анткени, Германия экинчи дүйнөлүк согуштан кийин куралдануудан ажыраган укугуна Украина согушу шылтоосу артынан кайрадан ээ болду. Бул өз кезегинде Германиянын ири мамлекетке айланууга, Орусия таасири астындагы аймактарда атаандаш күчкө айлануусуна мүмкүнчүлүк ачып берүүдө. Германия Евро Биримдикте лидерлик позицияда тургандыктан, Биримдик аркылуу да аймакта саясатын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Евро Биримдик мында негизинен “адам укуктары”, “сөз эркиндиги”, “гендердик теңдик” идеяларынан пайдаланып, аларды демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар жана таалим тармагына каражаттар ажыратуу аркылуу ишке ашырууда.

Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү акимдер арзыбас пайдага ээ болуу үчүн колонизаторлордун ыплас саясатына кызмат кылып барышууда. Маселен, Батыштын таасири артынан демократиянын бузук сакофаты жайылып жатса, Кытай жана Орусиянын таасири себептүү диний баалуулуктарга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

         Андыктан, биз мусулмандар, пайдага негизделген жана зулум үстүнө курулган капиталисттик түзүмдү ыргытып салып, Исламга карай кадам таштамайынча колонизаторлордун курмандыгы болуудан, алардын зулумунан кутула албайбыз.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here