Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ачууланба
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
جاء في بهجة قلوب الأبرار وقرة عيون الأخيار في شرح جوامع الأخبار – حديث جاء رجل فقال يا رسول الله أوصني فقال لا تغضب
“Шарх Жамиъ-ул-ахбар” китебинин “Салихтердин жүрөктөрүндөгү бакыт жана жакшы адамдардын көзүндөгү кубаныч” бабында айтылышынча, бир киши Алланын элчиси (с.а.в)га келип: “Оо, Аллахтын Элчиси, мага осуят кыл”, – деп айтты. Ошондо Расулулла (с.а.в) “Ачууланба” деди.
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: جاء رجل فقال: يا رسول الله، أوصني. فقال: لا تغضب. ثم ردد مرارا فقال: لا تغضب. رواه البخاري.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: “Бир киши келип: “Оо, Аллахтын Элчиси, мага насаат кыл”, – деди. Ал айтты: “Ачууланба”. Анан ал көп жолу насаат кыл деп кайталады. Пайгамбар (с.а.в) баарында “Ачууланба” деп айтты. (Бухарий риваяты).
Ачуулануунун сөздүк мааниси ыраазылык, канааттануунун тескериси. “Гозбату” сөзү катуу таш дегенди билдирет. Андан ачуулануу сөзү, тагыраагы, муштак сөзү келип чыккан. Анткени, бул нааразылык күчөп таштай катып, түйүлүп калган абалды билдирет.
Ачуулануунун терминдик мааниси, өч алуу максатында кызуу кандуулукту билдирет. Аль-Журжани айтты: “Ачуулануу – жүрөктүн каны кайнаганда, көкүрөк айыгышы үчүн болгон өзгөрүү. Зыяндан сактануу үчүн күтүлгөн коркунучтан коргонуу. Же бул окуя болгондон кийин ага зыян келтирген адамдан өч алуу талабы”.
Сүйүктүү бир туугандар!
Асыл хадисте бул адам Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кенен сөздөр менен насаат айтуусун суранып келди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага “ачууланба” деп жооп бергенде, муну жетишсиз осуят деп ойлоду. Ошон үчүн өтүнүчүн бир нече жолу кайталады. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жообун ага кайталагандан кийин гана бул сөз толук жооп экенин билди. Ал Заттын “Ачууланба” деген сөзүндө эки чоң нерсе бар:
Биринчиси, себептерге байланыштуу. Жакшы кулк мүнөзгө, сабырдуулукка жана жумшактыкка көнүү. Адамдын башына башка адамдардан келе турган сөз жана иш менен боло турган зыянга нафсини даярдоо.
Экинчиси, ачуусун чыгарбай басуу. Көп учурда адам өзүн кармана албай ачууланып кетет. Бирок, аны ишке ашырбаганга жетише алат. Ачууланган болсо, ачуулануу талап кылган арам сөздөрдөн жана аракеттерден өзүн тыйышы керек.
Ачуулануунун зыяндуу таасиринен өзүн сактаганда, ал чындыгында ачууланбагандай болуп калат. Пайгамбар (Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген:
قال صلى الله عليه وسلم: ليس الشديد بالصرعة، إنما الشديد الذي يملك نفسه عند الغضب.
“Чыныгы күчтүү адам күрөштө жеңген эмес, ачууланганда өзүн кармай алган адам”.
Ачуулануунун эки түрү бар:
Биринчиси айыптай турган, экинчиси мактай турган. Мактоого татыктуу ачуулануу – бул Аллах үчүн жана Анын ыйыктыктарын коргоо үчүн болгон ачуулануу. Аллахтын ыйыктыктарынын бирине кол салуу же мусулмандын өлтүрүлгөндүгү үчүн ачуулануу. Же арам акча алуу жана башка арам нерселер жана Аллахтын дининде арам болгон тыюулар үчүн ачуулануу.
عن عائشة رضي الله عنها قالت: ” ما ضرب رسول الله صلى الله عليه وسلم شيئا قط بيده، ولا امرأة ولا خادما، إلا أن يجاهد في سبيل الله، وما نيل منه شيء قط فينتقم من صاحبه، إلا أن ينتهك شيء من محارم الله، فينتقم لله عز وجل” رواه مسلم .
Айша (радыяллаху анха) айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) эч кимди колу менен урган эмес, аялды да, кызматчыны да. Бирок эгер ал Аллах жолунда жихад кылбаса (урган). Ал эч качан ага бирөө зыян кылса өзү үчүн анын ээсинен өч алган эмес. Бирок, эгер ал Аллахтын буйруктарынын бирин бузса, анда ал Аллах Таала үчүн андан өч алган”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!
1446-х, 12-Робиул Аввал
2024-ж, 15-сентябрь