Аллахтын берешендигинде чек жок

32
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аллахтын берешендигинде чек жок

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатхул-Барисинде “Сахих аль-Бухариге” берген кыскача түшүндүрмөсүндөгү “жакшылыкка же жамандык кылууга ниет кылгандар” бөлүмүндө  мындай деп айтылган:

حدثنا أبو معمر حدثنا عبد الوارث حدثنا جعد بن دينار أبو عثمان، حدثنا أبو رجاء العطاردي عن ابن عباس رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم فيما يروي عن ربه عز وجل قال: “إن الله كتب الحسنات والسيئات ثم بين ذلك، فمن هَمَّ بحسنة فلم يعملْها كتبها الله له عنده حسنة كاملة، فإن هو همَّ بها فعملها كتبها الله له عنده عشر حسنات إلى سبع مائة ضعف إلى أضعاف كثيرة، ومن همَّ بسيئة فلم يعملْها كتبها الله له عنده حسنة كاملة، فإن هو همَّ بها فعملها كتبها الله له سيئة واحدة“.

“Бизге Абу Муаммар Ибн Аббастан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Раббисинен риваят кылып мындай деди: “Аллах жакшылык менен жамандыкты жазып, анан аны түшүндүрдү. Ким бир жакшылык кылууга ниет кылып, аны кылбаса, Аллах аны Өзүнүн алдында толук бир жакшылык кылды деп жазат. Эгер ниет кылып, аны аткарса, Аллах аны ондо жети жүз эсеге чейин көбөйтүп жазат. Ал эми ким бир жамандык кылууга ниет кылып, аны кылбаса, Аллах аны толук бир жакшылык кылды деп жазат. Эгер ниет кылып, аны аткарса, Аллах аны бир жамандык кылды деп жазат”.

Урматтуу окурмандар! Бул Аллахтын адилеттүүлүгү жана берешендиги. Аллах биз жакшылык кылганга чейин эле бир жакшылыкты жазып койгон, ал тургай аны кылсак бир нече эсе көбөйтөт. Тескерисинче, жамандыкты кылуудан тыйылып калсак, бизге жакшылык кылды деп жазды. Эгер аны кыла турган болсок эселеп көбөйтпөстөн бир жамандык кылды деп жазат. Бул кандай гана берешен жоомартык!!! Биз жакшылыктын жолун үйрөтүүчү кең пейил Аллах менен мамиледебиз. Ал бизге жамандыктардан кантип кутулууга жана жакшылыкты кантип эселеп жыйып алууга үйрөтүп жатат? Эй мусулмандар!

Ар бирибиз мусулмандын жүрөгүнө кубаныч тартуулоочу, жүзүн жылмайта турган бир эле жакшылык кылсак, түшүмдүн көлөмүн көрүш үчүн фантазиябыз да жетпей калат. Мунун  сыйлыгы чоң экенинде шек жок. Андай болсо күнүн ар кандай иштер менен өткөргөн адам кандай жакшылыктарды жыйнап жатат? Күндөрүн, жада калса өмүрүн жер бетинде калган эң сыйлуу иштердин бири менен өткөргөн адам жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Куранды адамдар арасында колдонууну калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткандын жакшылыктары жөнүндө эмне айтууга болот? Бул жердеги түшүмдүн көлөмүнө акыл жетпей тургандыгы талашсыз.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу  халифалыкты тездет… Оо Аллахым, кең пейил жүзүңдүн нуру менен жер жүзүн жарык кыл. Амин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 11-Робиул аввал.

2024-ж, 14-сентябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here