Адилеттүүлүк

209
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адилеттүүлүк

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Фатх аль-Баринин «Сахих аль-Бухари» түшүндүрмөсүндө Ибн Хажар аль-Аскаланинин эмгегинде мал-мүлкү үчүн согушкан адам жөнүндөгү бөлүмдө мындай деп айтылган:

حدثنا عبد الله بن يزيد حدثنا سعيد هو ابن أبي أيوب قال: حدثني أبو الأسود عن عكرمة عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول: “من قتل دون ماله فهو شهيد“.

“Абдулла бин Язид Абдулла бин Амрдан риваят кылып айтты: Мен Пайгамбардын Ага Аллахтын салам-салаваты болсун: “Ким мал-мүлкүн коргоп жатып өлтүрүлсө, ал шейит” – деп айтканын уктум.

Сүйүктүү бир туугандар! Аллах Таала ааламды, адамды жана тирүүлүктү жаратты. Ошондой эле адамзат үчүн жашоо эрежесин берип, адилеттүүлүктү өкүмдөрдүн негизи кылган. Ал адилетсиздикти тыйып, ага каршы катуу күрөшкөн. Исламды окуган адам бул маанилерди түшүнөт. Аллах Таала адам өлтүрүүнү кандай оор кылмыш экенин эскерткен?!

Эй мусулмандар! Учурда адамзатты кыйраткан адам өлтүрүү окуялары абдан көп катталып жатканын көрүп, угуудабыз. Каапырлык Чыгыш менен Батышка жайылган. Каапырлык амалдары үммөттү катуу кармады. Адамзатты кыйраткан адам өлтүрүүлөр системалуу түрдө кадимки көрүнүшкө айланды. А түгүл, адам өлтүрүүлөр үйлөрүбүзгө чейин кирип келди. Мусулмандар зулумдун кесеси менен суугарылууда…

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Мадинада мамлекет тикеленгенден кийин Хузаа уруусуна союздаш болгон эле. Ал эми, Курайштын союздаштары Бану Бакр уруулары болгон. Бану Бакр уруусу келишимге кыянаттык кылып, Хузаа уруусуна кол салышты жана аларга Курайштар жардам берди. Хузаа уруусунун башчысы Амр Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)га арызданып, андан жардам сураганы келди. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эй  Амр бин Саалим нусрат кылындыңар”. Бул окуя Меккенин фатх кылынышы менен жыйынтыкталды.

Эй үммөттүн армиясын казармаларда кармап жаткан аскерийлер! Силер бул үммөтткө качан “Эй Мухаммаддын үммөтү, нусрат кылындыңар!”, – деп кайрыласыңар?!

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип аларды башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикеленишин тездет. Оо Аллахым, Өзүңдүн мээримиң менен жер жүзүн жарык кыл!

Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин Аллахтын камкордугу, коргоосу жана коопсуздугунда болуңуздар. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-ж, 6-Робиул Аввал.

2024-ж, 9-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here