Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт

64
0

Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт

Эл аралык валюта фонду өзү жүргүзгөн программалардын алкагында Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу 11-сентябрда фонддун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушкан учурда билдирди.

Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жапаров өз сөзүндө Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маалымат берди.

Эл аралык валюта фондун уюштурган жана ага жетекчилик кылган мамлекет АКШ болгондуктан, ал Фонддун капиталын каржылоо боюнча квота эрежесин түзгөн. Бул эреже долбоорлорду каржылоо чечимдерин кабыл алуу үлүшүн белгилеп берет. Башкача айтканда, Фонд кабыл алган чечимдер ага мүчө болгон 190 мамлекеттин квотасына ылайык жүргүзүлөт. Мында АКШ 16,51 % квотага ээ. Ал эми, чечим квоталардын 85 пайызынан кем эмес добуш менен кабыл алынат. Башкача айтканда, кайсы бир чечимге вето укугун жарыялоо үчүн 15% жетиштүү. Бул эреже аркылуу Америка өз кызыкчылыгына тескери келген долбоорлорго вето коюу укугуна ээ.

Демек, Эл аралык валюта фонду долларды коргой турган, Америка экономикасын артка кетүүдөн же кеселденүүдөн сактап тура турган уюм болуп саналат. Ошондуктан, анын жеңилдик берүүлөрү негизинен АКШ таасири жайылган же жаюуну каалаган аймакты камтыйт. Ошондой эле АКШ кызыкчылыктарына каршы иш алып барган мамлекеттерге карыздарды жана жардамдарды токтотуп коюу менен коркутуу аркылуу басым өткөрөт.

Мындан белгилүү болгондой, ЭВФ тышкы көрүнүштө финансылык уюм болсо да, анын кылып жаткан иштери саясий максаттарды көздөйт. Анын карыздарды берүүдө жана жакыр өлкөлөргө жеңилдиктерди берүү артында саясий арамза ниеттери жатат. Маселен, өткөн жылдагы ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн отчетунда, өкмөт мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эсептөөдө чыгымга учураган мамлекеттик өнөр-жайларды кайра каржылоо маселесин карап чыгуусу керектиги айтылат. Мына ушундай “сунуштар” менен бийликке басым жасалат. Бул сунуштардын эң орчундуусу энергетика тармагындагы субсидияларды алып салуу болду. Субсидиялар алынган соң, электр энергиясынын баасын көтөрүү сунушталды. Учурда электр энергиясынын тарифи жылдык инфляцияга жараша кымбаттай турган болду. Тарифти кымбаттатуу да тармакты кризистен чыгарбаган соң, мамлекет тарабынан бул тармакты инвесторго берүү көтөрүп чыгылат. Ал ишке ашса, мамлекеттеги стратегиялык зор мааниге ээ жана эң кирешелүү тармак чет элдик инвестор-колонизаторго берилет. Эгер мындай “реформалар” жүргүзүлбөсө бериле турган гранттар артка кайтарылат. Мисалы, Валюта фондунун туундусу болгон Дүйнөлүк банк мурдараак электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча шарттарды аткарбаганы себептүү Кыргызстанга 96,8 миллион сом өлчөмүндөгү грантты бөлүүдөн баш тарткан. Мына ушундайча, мамлекет карыздардын үстөк пайызын берүү менен бирге алардын талаптарын да аткарууга мажбур болот.

Жыйынтыктап айтканда, капитализм системасы финансылык маселеге же адамдардын иштерин башкарууга Жаратуучу аралашпашы керек деп эсептейт. Ушул идеядан мыйзамдар алынат жана бул мыйзамдарга негизделип финансы институттары курулат. Натыйжада, биз күбө болуп жаткан байлар менен кембагалдар ортосундагы үлкөн айырма пайда болду. Талап-тоноолор түрдүү аталыштар менен мыйзамдаштырылды. 

Демек, мыйзамчылык туура идеологиядан келип чыкса гана адамзатка бакубат жашоону тартуулайт. Экономикалык муктаждыктар туура камсыздалат. Мындай туура идеология Исламда гана бар. Ислам менен гана бүткүл адамзат капиталга  болгон кулчулуктан азат болуп, Жаратуучуну ыраазы кыла турган бийиктикке жетишет. Андыктан, коомду бир гана Ислам алкагында түптөн өзгөртүүгө бар мүмкүнчүлүгүбүз менен аракет кылалы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here