Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

61
0

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул чечим “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликти башкарганына үч жыл толгондон кийин кабыл алынды.

6-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушкан. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелер, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүү, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташуу талкууланган.

Комментарий:

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин АКШ баштаган НАТО күчтөрү “терроризм” шылтоосу менен Ооганстанда 20 жыл бою талибдерге каршы согуш жүргүзүштү. Натыйжада, он миңдеген жайкын тургундар курман болду. Буга карабай, Америка армиясы 2021-жылы өлкөдөн шерменде абалда чыгып кетти. Бийликти колго алган Талибан өкмөтүн эч бир өлкө расмий тааныбаса да, дипломатиялык алакалар уланып келүүдө. Буга Ооганстан аймагындагы чалкып жаткан кен байлыктар жана жыш жайгашкан калктын муктаждыгын камсыздоо кызыкчылыгы түрткү болууда. Мындан улам, буга чейин казак бийлиги Талибан кыймылын кара тизмеден чыгарса, Орусия бийлиги Талибанды тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарууга ниеттенип жатат. Ал эми, Өзбекстан менен Түркмөнстанда бул кыймылга расмий түрдө тыюу салынган эмес.

Мындан көрүнүп тургандай, бүгүнкү күндө аймактагы мамлекеттердин исламий кыймылдарга карата позициясы убактылуу кызыкчылыктарга жана кожоюн кылып алган колонизатор мамлекеттердин көз карашына байланыштуу. Ошондой эле, бул аймакта эч бир курал пайдаланбаган жамааттарга тыюу салынышы бул режимдердин эки жүздүү мамилесинен кабар берет. Буга кошумча, өздөрү террордук деп тааныган кыймыл менен саясий, экономикалык кызматташтыкты улантып келүүсү, өздөрүн кылмышкерге айлантып, укук талаасында туңгуюкка кептеп коюуда.

Ал эми Кытайга келсек, кытай өкмөтү 2021-жылы эле Ооганстан менен соода байланыштарды орнотуп, аймактагы боштуктан пайдаланып өлкөнүн чийки сырьесун ташып кетүүдө негизги инвестор болууда. Учурда Ооганстанда чалгындалган кен байлыктардын эле суммасы 3 трлн долларга чамалай турганы белгилүү болгон. Кытай өкмөтү дээрлик товарлардын 98 пайызын Ооганстанга бажы пошлинасысыз экспорт кылууда. Кытайдын аймакка мындай тездик менен кирип келүүсүнө тынчсызданган Америка Япония аркылуу Ооганстанда гуманитардык жана инвестициялык долбоорлорду ишке салып жатат.

Жыйынтыктап айтканда, Талибан кыймылынын кара тизмеден чыгуусу Орусия жана аймактагы өлкөлөрдүн соода-байланыш кызыкчылыгы негизинде болуп жатат. Буга кошумча, Кытайдын Ооганстандагы таасири артышын алдын алуу үчүн Батыш тарабынан да кызыл чырак жагып берилген. Мындан улам, аймактагы өлкөлөр Ооганстан менен мамилесин арттырып барууда. Бул өз кезегинде Ооганстандын айрым чечимдерди кабыл алуусуна басым жасоочу куралга да айланышы мүмкүн. Демек, ооган бийлиги ондогон жылдар бою согуш талаасындагы жеңишин саясий жол менен колдон чыгарып албоо үчүн малай акимдер жана алардын башында турган колонизаторлордун айла-амалдарынан этият болууга тийиш.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here