Көркөм эсептелүүчү хулктар

244
0

بسم الله الرحمن الرحيم

 АДЕП-АХЛАК

Көркөм эсептелүүчү хулктар 

  1. Таква кылуу жана күмөндөнбөө:

 Хузайфа ибн Яман риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«فَضْلُ الْعِلْمِ خَيْرٌ مِنْ فَضْلِ الْعِبَادَةِ, وَخَيْرُ دِينِكُمُ الْوَرَعُ»

«Илим фазилаты ибадат фазилатынан жакшыраак, диниңердин эң жакшысы – таква», деген. Табароний жана Баззор риваяты. Муну Мунзирий да хасан иснад менен риваят кылган.

Нуъмон ибн Башир р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«إِنَّ الْحَلاَلَ بَيِّنٌ, وَإِنَّ الْحَرَامَ بَيِّنٌ, وَبَيْنَهُمَا مُشْتَبِهَاتٌ لاَ يَعْلَمُهُنَّ كَثِيرٌ مِنْ النَّاسِ, فَمَنْ اتَّقَى الشُّبُهَاتِ اسْتَبْرَأَ لِدِينِهِ وَعِرْضِهِ, وَمَنْ وَقَعَ فِي الشُّبُهَاتِ وَقَعَ فِي الْحَرَامِ, كَالرَّاعِي يَرْعَى حَوْلَ الْحِمَى يُوشِكُ أَنْ يَرْتَعَ فِيهِ, أَلاَ وَإِنَّ لِكُلِّ مَلِكٍ حِمًى, أَلاَ وَإِنَّ حِمَى اللَّهِ مَحَارِمُهُ, أَلاَ وَإِنَّ فِي الْجَسَدِ مُضْغَةً, إِذَا صَلَحَتْ صَلَحَ الْجَسَدُ كُلُّهُ, وَإِذَا فَسَدَتْ فَسَدَ الْجَسَدُ كُلُّهُ, أَلاَ وَهِيَ الْقَلْبُ»

«Адал анык жана айкын. Арам да анык жана айкын. Алардын ортосунда күмөндүү нерселер бар болуп, көп адамдар муну билишпейт. Кимде-ким күмөндөрдөн этияттанса, дини менен аброюнун тазалыгын сактап калыптыр. Кимде-ким күмөндөргө түшүп калса, арамга түшүп калыптыр. (Анткени, ал) корук айланасында кой багып жүргөн чабанга окшойт, (анын) койлору ошол тарапка оттоп кетейин дейт. Билип койгула, ар бир падышанын бир коругу бар. Билип койгула, Аллахтын коругу – Ал арам кылган иштер. Билип койгула, денеде бир тилке эт бар, эгер ал оңолсо бүткүл дене оңолот, эгер ал бузулса, бүткүл дене бузулат. Билип койгула, ал – жүрөк» (муттафакун алайх).

Наввас ибн Самъан р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«الْبِرُّ حُسْنُ الْخُلُقِ, وَالإِثْمُ مَا حَاكَ فِي صَدْرِكَ, وَكَرِهْتَ أَنْ يَطَّلِعَ عَلَيْهِ النَّاسُ»

«Жакшылык– көркөм кулк, күнөө болсо – ичиңди өйүп, адамдар билип калышынан чоочуган ишиң», – деген. Муслим риваяты.

Вабиса ибн Муаббад р.а риваят кылат: «Сооптон да, күнөөдөн да эч нерсени калтырбастан баарын сурамакчы болуп Пайгамбар с.а.в.дын алдына барган элем, мага:

«ادْنُ يَا وَابِصَةُ, فَدَنَوْتُ مِنْهُ حَتَّى مَسَّتْ رُكْبَتِي رُكْبَتَهُ, فَقَالَ لِي: يَا وَابِصَةُ أُخْبِرُكَ عَمَّا جِئْتَ تَسْأَلُ عَنْهُ؟ قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ أَخْبِرْنِي, قَالَ: جِئْتَ تَسْأَلُ عَنْ الْبِرِّ وَالإِثْمِ, قُلْتُ: نَعَمْ, فَجَمَعَ أَصَابِعَهُ الثَّلاَثَ فَجَعَلَ يَنْكُتُ بِهَا صَدْرِي وَيَقُولُ: يَا وَابِصَةُ اسْتَفْتِ قَلْبَكَ, الْبِرُّ مَا اطْمَأَنَّ إِلَيْهِ النَّفْسُ, وَاطْمَأَنَّتْ إِلَيْهِ الْقَلْبُ, وَالإِثْمُ مَا حَاكَ فِي الْقَلْبِ, وَتَرَدَّدَ فِي الصَّدْرِ, وَإِنْ أَفْتَاكَ النَّاسُ وَأَفْتَوْكَ»

«Жакыныраак кел, эй Вабиса», – деди. Мен ал кишиге жакын бардым. А түгүл, тизем тизелерине тийди. Мага: «Эй Вабиса, эмнени сурап келгениңди айтайынбы?» – деди. Мен: «Ооба, я Расулуллах, айтыңыз», – дедим. Ал киши: «Сооп жана күнөө жөнүндө сураганы келдиң», – деди. Мен «Ооба» дедим. Үч манжасын топтоп, алар менен көкүрөгүмө нукуп: «Эй Вабиса,  дилиңден фатва сура. Адамдар ар канча фатва бербесин, сооп – бул ичиңе тынчтык, жүрөгүңө кадыржамдык берген нерсе. Күнөө болсо, жүрөгүңдө түйүн болуп, ичиңде экиленүүнү пайда кылган иш», – деди». Мунзирий айтат, Ахмад муну хасан иснад менен риваят кылган. Нававий айтат, бул хасан хадисти Ахмад жана Даромилер өздөрүнүн «Муснад»дарында риваят кылышкан.

Абу Саълаба Хошаний р.а. риваят кылат: «Мен: «Я Расулуллах, мага эмне адал, эмне арамдыгын айтып бериңиз»,-  деген элем, ал киши:

«الْبِرُّ مَا سَكَنَتْ إِلَيْهِ النَّفْسُ, وَاطْمَأَنَّ إِلَيْهِ الْقَلْبُ, وَالإِثْمُ مَا لَمْ تَسْكُنْ إِلَيْهِ النَّفْسُ, وَلَمْ يَطْمَئِنَّ إِلَيْهِ الْقَلْبُ, وَإِنْ أَفْتَاكَ الْمُفْتُونَ»

«Муфтийлер ар кимге фатва бербесин, сооп – бул ичиңе тынчтык, жүрөгүңө кадыржамдык берген нерсе, күнөө болсо ичиңе тынчтык, жүрөгүңө кадыржамдык бербеген нерсе», – деди». Мунзирий айтат, муну Ахмад ишенимдүү санад менен риваят кылган. Хайсамий айтат, муну Ахмад жана Табароний риваят кылган. «Сахих»те мунун алгачкы бөлүгү бар, адамдары ишенимдүү.

Анас р.а. риваят кылат:

«وَجَدَ تَمْرَةً فِي الطَّرِيْقِ فَقَالَ: لَوْلاَ أَنِّي أَخَافُ أَنْ تَكُونَ مِنْ الصَّدَقَةِ لأَكَلْتُهَا»

«Пайгамбар с.а.в. жолдон бир курма таап алып: «Эгер мунун садака болушу мүмкүндүгүнөн коркпогонумда, аны жеген болор элем», – деди» (муттафакун алайх).

Хасан ибн Али р.а. риваят кылат: Пайгамбар с.а.в.дан:

«دَعْ مَا يَرِيبُكَ إِلَى مَا لاَ يَرِيبُكَ»

«Сени күмөнгө салып жаткан нерсени күмөнгө салбай турган нерсеге коюп бер», – деген хадисти жаттап алдым. Термизий, ибн Хиббан риваяты. Термизий муну сахих хасан деген. Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде чыгарган. Муну Насаи да риваят кылган.

Атийя ибн Урва Саъдий р.а.дан риваят кылынган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«لاَ يَبْلُغُ الْعَبْدُ أَنْ يَكُونَ مِنْ الْمُتَّقِينَ, حَتَّى يَدَعَ مَا لاَ بَأْسَ بِهِ حَذَرًا لِمَا بِهِ بَأْسٌ»

«Пенде «эч нерсе болбойт» деген нерсесин, бир нерсе болуп кала элегинде этияттанып таштамайынча, такыбадарлардан болуу даражасына жетпейт», деген. Бул хадисти Хаким риваят кылып, иснады сахих деген жана муну Захабий макулдаган.

Абу Умама р.а. риваят кылат:

«سَأَلَ رَجُلٌ النَّبِيَّ r مَا الإِثْمُ؟ قَالَ: إِذَا حَاكَ فِي نَفْسِكَ شَيْءٌ فَدَعْهُ, قَالَ فَمَا الإِيمَانُ؟ قَالَ: إِذَا سَاءَتْكَ سَيِّئَتُكَ وَسَرَّتْكَ حَسَنَتُكَ فَأَنْتَ مُؤْمِنٌ»

«Бир киши Пайгамбар с.а.в.дан «Күнөө эмне» деп сураган эле: «Эгер ичиңде бир нерсе түйүн болуп туруп калса, аны таштагын», – деди. «Ыйман эмне?» деп сураган эле: «Эгер жаман ишиң сени капа кылса, жакшы ишиң кубандырса, демек, сен момунсуң», – деди». Мунзирий бул хадисти Ахмад сахих иснад менен риваят кылгандыгын айтат. 

  1. Аалымдарды, фазилдерди, жана жашы улууларды урматтоо:

Аллах Таала айтат:

قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لاَ يَعْلَمُونَ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُوْلُوا الآلْبَابِ

Айткын: «Биле турган заттар менен билбей турган кимселер барабар болушабы?! Чындыгында, акыл ээлери гана насаат алышат. [39:9]

Жабир р.а. риваят кылат: Пайгамбар с.а.в. Ухудда курман болгондордон эки кишини катар коюп:

«أَيُّهُمَا أَكْثَرُ أَخْذًا لِلْقُرْآنِ؟ فَإِذَا أُشِيرَ إِلَى أَحَدِهِمَا قَدَّمَهُ فِي اللَّحْدِ»

«Кайсы бири Куранды көбүрөөк кармачу эле?» – деп сурады. Алардын бири көрсөтүлсө, ошонусун мурун лахадга (кабырына) коюп жатты». Бухарийден.

Ибн Абас р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«الْبَرَكَةُ فِي أَكَابِرِكُمْ»

«Береке чоңуңарда (жашы улууңарда)», деген. Хаким, ибн Хиббандан. Хаким муну Бухарий шартына ылайык сахих деген. Ибн Хиббан муну өзүнүн «Сахих»инде чыгарган. Ибн Муфлих иснады ишенимдүү деген.

Абдуллах ибн Умар р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يَرْحَمْ صَغِيرَنَا, وَيَعْرِفْ حَقَّ كَبِيرِنَا »

«Кичүүбүзгө ырайым кылбаган жана улуубуздун акысын билбеген адам бизден эмес», деген. Хаким риваят кылып, сахих деген жана Захабий муну макулдаган.

Убада Ибн Сомит р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«لَيْسَ مِنْ أُمَّتِي مَنْ لَمْ يُجِلَّ كَبِيرَنَا, وَيَرْحَمْ صَغِيرَنَا, وَيَعْرِفْ لِعَالِمِنَا حَقَّهُ»

«Улуубузду улуулабаган, кичүүбүзгө ырайым кылбаган жана аалымыбыздын акысын билбеген адам менин үммөтүмдөн эмес», деген. Мунзирийдин айтымында, Ахмад муну хасан иснад менен риваят кылган. Хайсамийдин айтымында, муну Ахмад жана Табароний риваят кылган, иснады хасан.

Амр ибн Шуайб атасынан, ал чоң атасынан риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يَرْحَمْ صَغِيرَنَا, وَيَعْرِفْ شَرَفَ كَبِيرِنَا»

«Кичүүбүзгө ырайым кылбаган жана улуубуздун ызатын билбеген адам бизден эмес», деген. Ахмад, Термизий, Абу Давуд жана Бухарийлерн. Бухарий уни «ал-Адаб ал-муфрад»да чыгарган. Нававий муну сахих хадис деген.

Абдуллах ибн Масъуд р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«لِيَلِنِي مِنْكُمْ أُولُو الأَحْلاَمِ وَالنُّهَى, ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ ثَلاَثًا, وَإِيَّاكُمْ وَهَيْشَاتِ الأَسْوَاقِ»

«Менин жанымда силерден эрезеге жеткендер, ой жүгүртө алгандар турушсун, кийин алардын жакынындагылар – деп үч жолу айтып (акырында) – базарлардын шоокум-сүрөөндөрүнөн алыс жүргүлө», – деп (кошуп) койду. Муслимден.

Абу Саъид Самура ибн Жундуб р.а. риваят кылат: «Мен Пайгамбар с.а.в.дын доорунда жаш бала элем. Ал кишиден хадистерди жаттап алар элем. Менден жашы улуу кишилер болгон кездерде гана мени сүйлөөдөн кайтарар эле» (муттафакун алайх).

Абу Муса р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«إِنَّ مِنْ إِجْلاَلِ اللَّهِ إِكْرَامَ ذِي الشَّيْبَةِ الْمُسْلِمِ, وَحَامِلِ الْقُرْآنِ غَيْرِ الْغَالِي فِيهِ وَلاَ الْجَافِي عَنْهُ, وَإِكْرَامَ ذِي السُّلْطَانِ الْمُقْسِطِ»

«Кары мусулманды сыйлоо, Куранды чегинен чыкпастан, таштабастан жаттаган хофизи Куранды сыйлоо, адилеттүү султанды сыйлоо Аллахты улуулоого кирет». Абу Давуд риваят кылган. Нававий муну хасан хадис деген. Ибн Муфлих иснады ишенимдүү деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here