Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынууда

1540
0

Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынууда

Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынып жатат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу “Подробно.уз” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, сакал өстүргөн эркектер аялдарга никаб кийүүгө тыюу салган берене боюнча жазага тартылып жатышат. Журналисттер соттун базасында бул берене колдонулган 800дөй иш бардыгын аныкташкан. Алардын көбү Жизак, Самарканд, Анжиян жана Фергана облустарында катталган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда былтыр октябрда коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилген. Мыйзамга ылайык, эреже бузгандарга төрт жүз долларга чейин айып пул салынат. Ал эми, бул өлкөдө орточо айлык 390 долларды түзөт.

          Комментарий:

Сакал коюуга каршы өнөктүк Өзбекстанда мурдагы тогут президент Ислам Каримовдун тушунда башталган. Ал 1999-жылы, 16-февраль жардыруусун уюштургандан кийин массалык түрдө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баштаган. Ал терроризмге каршы күрөш шылтоосунда коомдогу Исламий баалуулуктарды жок кылууга аракет кылды. Эркектердин сакалына, ак топусуна жана аялдардын хижабына каршы тиш-тырмагы менен күрөш алып барды. Мектеп жана колледж окуучуларынын мечитке баруусуна о.э. диний билим алуусуна тыюу салынды.

Түпкүлүгүндө, никаб жана сакалга тыюу салуу өздөрү улуулап жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат.

А бирок, мусулмандарга карата конституциялык мыйзамдарды тебелеп-тепсөө менен зулумдук кылуу бул түзүмдүн кулоо астында турганынан кабар берет. Айрыкча, Ирак, Ооганстан, Сирия жана акыркы Газадагы болгон окуялар эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар бомбалар менен кошо жерге көмүлүп калганын көрсөтүп койгон.      

Түпкүлүгүндө, мусулмандар сакалды эки жүздүү демократтар уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн өстүрбөйт. Тескерисинче, жашоонун бардык тармагына өрнөк болгон Мухаммад мустафа (с.а.в)дын сүннөтү болгону үчүн өстүрөт. Андыктан, мусулмандар заалим режимдердин диктатура жолунда Исламга каршы күрөшүнө жапа тырмак каршы туруусу керек. Анткени, бүгүн никаб менен сакалга тыюу салган бийликтер, эртең дааватыбызга, намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here